Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Түркия: Кримтөбөл бийликтин чуусун чубай баштады


 Седат Пекер.
Седат Пекер.

Түркияда четте башкалкалап жүргөн кримтөбөл Седат Пекердин билдирүүлөрү талаш-талкуу жаратты. Президент Режеп Тайып Эрдоган болсо кылмыш дүйнөсүнүн анабашын Түркиянын душмандары колдонуп жатканын билдирди.

Түркияда оор кылмыштарга айыпталган, кримтөбөл Седат Пекер бир айга жакын убакыттан бери интернет аркылуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап жатат.

Учурда четте жашырынып жүргөн Пекер өлкөдөгү бийликчил Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) жогорку даражалуу бир нече мүчөсүн бир катар кылмыштарга айыптады.

Алардын арасында киши өлтүрүү, маңзат ташуу, коррупция, курал-жарак сатуу сыяктуу иштер бар. Маселен, Пекер Түркиянын мурдагы ички иштер министри Мехмет Агарды 1990-жылдардын башында "адам өлтүрүүлөрдүн артында турган, маңзат бизнеси менен шугулданган" деп айтып чыкты. Ал эми анын уулу, бийликчил партиядан депутат Толга Агарды болсо казакстандык журналист кызды зордуктоого, аны өлтүрүүгө күнөөлөдү.

Седат Пекердин социалдык тармактагы баракчасы
Седат Пекердин социалдык тармактагы баракчасы

Мындан сырткары мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдын уулу Эркан Йылдырымдын, учурдагы ички иштер министри Сулейман Сойлунун криминал менен байланышы тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Ал акыркы жолу 30-майда түрк өкмөтүнүн кылмыштуу топтор менен байланышы, президент Эрдоганга жакын адамдар Сириядагы согуш учурунда курал-жарак сатуу бизнеси жөнүндө жарыялады.

"Бир депутат досубуз сүйлөшүп, керектүү маселелерди чечип берди. Андан соң Сирияга кошумча жүк ташуучу автоунаалар менен жардам жеткирели дедик. Менин атыма катталган машинелер бар эле. Ал Сириядагы түркмөндөргө жөнөтүлгөн. Эми биз бала эмеспиз, анын ичинде курал-жарак бар болчу. Аны SADAT (Эл аралык коргоо, курулуш өндүрүшү жана соода уюму) уюштурган”.

SADAT деп аталган уюмду кезегинде президент Эрдогандын мурдагы кеңешчиси, генерал Аднан Танрыверди түзгөнү маалым.

Жогорудагы аты аталган адамдар кримтөбөлдүн айткандарын дароо четке кагып, чындыкка дал келбесин билдирип чыгышты.

Ал эми мурдагы премьердин уулу Эркан Йылдырым Пекерге каршы арыз жазып, кылмыш иши козголду.

Пекердин сегиз видеокайрылуусун Түркияда миллиондогон адамдар көрдү. Ал кийинки апталарда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган тууралуу айрым маалыматтарды алып чыгарын жарыялады. Кримтөбөл ачыкка чыгарган маалыматтардын далили бар экенин айтканы менен ушуга чейин бир да документ көрсөтө элек.

Режап Тайып Эрдоган
Режап Тайып Эрдоган

Түрк президенти Эрдоган өткөн аптада өзү жетектеген АК партиянын жыйынында алгачкы жолу комментарий берип, Пекердин айткандарын Түркияга каршы уюштурулган кутум деп атады:

«Кылмыштуу топтордун өкүлдөрү дүйнөнүн кайсы жагына качса дагы көз салып турабыз. ФЕТОчулар сыяктуу, Күрд жумушчу партиясынын кылмышкерлери сыяктуу бул кылмышкерлерди өлкөбүзгө алып келип, соттогонго чейин тынч койбойбуз. Ансыз деле кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн жалган маалыматтарына каршы керектүү чаралар көрүлүп жатат».

Президент белгилегендей, өткөн аптада Анкаранын прокуратурасы Седат Пекерге издөө жарыялады.

Чуулуу Седат Пекер ким?

49 жаштагы Седат Пекер Түркияда 1990-жылдардын башынан тарта кылмыштуу топтун анабашчысы катары белгилүү болгон. "Уюшкан кылмыштуу уюм түздү" деп айыпталган кримтөбөл ушул эле берене менен 2005-жылы да соттолгон. Ал 2014-жылы абактан чыккан соң Режеп Тайып Эрдоганды колдоп, президентти сындагандарды коркуткан учурлары кездешкен.

Бирок кийин бийлик менен мамилеси бузулуп, Пекер өлкөдөн чыгып кеткен.

Быйыл апрелде Пекер баш болгон 63 адамга каршы атайын операция уюштурулуп, Стамбул, Анкара, Кожаели, Трабзон жана Хатай шаарларындагы 121 даректе тинтүү жүргүзүлүп, ондогон шектүү кармалган. Алардын арасында кримтөбөлдүн иниси Атилла Пекер да бар.

Тергөөнүн алкагында Пекер баштаган 63 кишинин "уюшкан кылмыш топ түзүү", "талап-тоноо", "опузалоо", "пара алуу" жана "коркутуу" сыяктуу бир катар оор кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталганы айтылган. Ага түрк полициясы эл аралык издөө салган.

Айрым божомолдорго караганда Пекер учурда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG