Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Милиция майда кылмыштуулук күчөгөнүн танбайт


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы тобу. Иллюстрация.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы тобу. Иллюстрация.

Парламентте айрым депутаттар Кыргызстанда кылмыштуулуктун деңгээли жогорулап, криминогендик кырдаал курч бойдон калып жатканы боюнча маселе көтөрдү. Айрыкча уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп, абак жайларын толук көзөмөлдөөгө өткөнү сөз болду.

Ошондой эле криминал башкарган кылмыштуу соода жүгүртүү өсүп, Бишкекте синтетикалык маңзаттарын саткан каналдар ээн-эркин иш алып барып жатканы айтылды. Ички иштер органдары болсо өткөн жылга салыштырмалуу өлкөдө оор кылмыштар азайганын айтып, ал эми майда кылмыштардын өсүшү өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдайга жараша жана миграциялык абалга байланыштуу экенин жүйө келтирүүдө.

"Түрмөлөрдү криминал башкарат"

Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" фракциясынын жетекчиси Жанарбек Акаев соңку мезгилде абак жайларында уюшкан кылмыштуу топтордун таасири күчөгөнүн, кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын бейформал көзөмөлү орноп калганынан айтты.

Депутат уюшкан кылмыштуу топтор абактарда жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткандарды кысымга алып, салык салып, алардын сырттагы жакындарынан улам акча өндүргөн өнөкөт күч экенин белгиледи. Акаев жазаларды аткаруу тутумун түп орду менен реформалап, андагы көзөмөлдү толук колуна албаса, абал оор бойдон калып жатканын белгиледи:

“Азыркы учурда Кыргызстанда миңдеген адамдар кыйноого дуушар болуп жатат. Түрмөлөрдү криминал башкарат. Алардын иш-жүзүндө президенти “смотрящий” жана “положенец” дегендер. Мына ошолор менен сүйлөшкөн соң гана калгандары ысык сууга жуунуп, үйүнөн келген тамак-ашты ошолордун уруксаты менен гана киргизип, ичишет экен. Анан акча-акча жана акча. Бизге бул боюнча ондогон адамдар даттанууда, ошону тыйбайсыңарбы. Ким кайда жайгашып, кимдер каякта отурушу керек экенинен бери криминал чечип жатат. Акчанын бардыгын мына ошолор жыйнап алып жатышат. Түрмө деген өзүнчө “мамлекет” болуп калды. Мына ошону кантип көрбөйсүңөр? Ким телефон менен сүйлөшүш керек экенин дагы ошолор чечет экен. Криминалдарды ордуна койбойсуңарбы?".

Ошол эле кезде кылмыш дүйнөсү өлкөдө жашыруун жайларда уюштурулган кумар оюндарын көзөмөлдөп, андан көмүскө киреше алып жатканы айтылып келет.

Өкмөт өзү моюнга алган көмүскө "ишкердик"

Жогорку Кеңеште 22-июнда кумар оюндарына уруксат берген "Оюн-зоок иштери тууралуу" мыйзам долбоорун парламентте коргоо учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ансыз деле, көмүскө кумар оюндарын уюштурган жайлар иштеп жатканын айткан жайы бар.

Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын башчысы Адахан Мадумаров өкмөт тымызын кумар оюндарын гана эмес, синтетикалык маңзаттарын ачык саткан көрүнүштүргө дагы чечкиндүү чара көрө албай жатканын сынга алды.

“Сиз болсо азыр деле казинолор жашыруун иштеп жатат” деп айтып жатасыз. Демек, сиздер алсыз болгон үчүн иштеп жатышат. Силерде мыйзам иштебейт. Кыргызстанда казиного уруксат жок. Ал эми өкмөт башчысы болгон киши өзү “казино ансыз деле иштеп жатат” дейт. Ойнотуп жатса, ошолорду тыйбайсыңарбы. Экинчиден, азыр шаардагы ар бир кесилишкен көчөлөрдүн боорунда “Мерф”, “Гидрант” баланча, түкүнчө деген жарнактарды ачыктан ачык жазып алып, синтетикалык наркотиктер кеңири сатылууда. Мына ушуларды эмнеге карабайсыңар?”.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көмүскө кумар оюндарын калкалаган жана синтетикалык же чыныгы маңзаттарын саткан жашыруун каналдар мурдатан болуп келгенин айтып, бирок алар жапырт мүнөздө эмес экенин белгиледи.

“Сиз айтып жаткан алсыз дегенге мен кошула албайм. Анын бардыгын азайтууга колдон келген аракеттин бардыгын көрүп жатабыз. Мына ошолордун бардыгын жок кылууга жан талашып иштеп келе жатабыз. Бирок аларды түп тамырынан бери жок кылып, таптакыр жеңип алабыз деп азыр айта албайм. Андай жат көрүнүштөр бар”.

ИИМ: майда кылмыштар күчөдү

Анткен менен Ички иштер министрлиги парламентте депутат айткан маалыматтарды четке какты. Министрликтин басма сөз кызматынын айтымында, Кыргызстанда маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш-аракеттер солгундаган эмес.

Ички иштер министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даудов өткөн жылга караганда быйыл өткөн беш айда оор кылмыштардын саны азайганын, бирок майда кылмыштуулук көбөйгөнүн айтып, анын себептерине токтолду.

Ялкун Даудов, Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы.
Ялкун Даудов, Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы.

“Эмнеге майда кылмыштуулук көбөйүп жатат. Биринчиден бул көрүнүш элдин жашоо-шартына байланыштуу. Анткени пандемия маалында жана андан кийинки кризис маалында сырттан аябай көп мигранттар өлкөгө кайтып келишти. Анан өлкөнүн ичиндеги ички мгирация дагы күч алды. Аймактардан Бишкек жана Ош шаарларына келген калктын агымы көбөйдү. Жумушсуздук күч алды. Мына ошол нерсе уурулук, бейбаштык, алдамчылык, карактоо жана тоноо сыяктуу кылмыштардын өсүшүн шарттады. Бирок статистика боюнча оор кылмыштардын саны өткөн жылга караганда бир топ азайды. Уюшкан кылмыштуулук укук коргоо органдарынын толук көзөмөлүндө. Ошондуктан уюшкан кылмыштуулук жана анын таасири жайылды деген туура эмес”.

Ички иштер органдары 2022-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгында жалпысынан 274 кг оор маңзатын, анын ичинде 2022-жылдын төрт айында 5 кг героин, 70 кг марихуана, 75 кг гашиш кармаган.

Жалпы салмагы 86 кг түзгөн альфа-PVP, мефедрон, метамфетамин синтетикалык маңзаты жана эки тоннадан ашуун прекурсор кармалып, үч жашыруун лаборатория табылган. Ички иштер министрлиги 51 ок атуучу курал, 2836 даана ок-дары жана кол граната зыянсыздандырган. Буга байланыштуу 28 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө 389 кылмыш иши козголгону айтылды.

Маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, издөөдө жүргөн 50 киши кармалып, камакка алынганы Ички иштер министрлигинин кварталдык отчетунда көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG