Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Депутаттын этикасы: жүрүм-турумду тескеген кодекс керекпи?


Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын биринчи жыйыны, 29-декабрь, 2021-жыл.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын биринчи жыйыны, 29-декабрь, 2021-жыл.

23-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитети "Депутаттын этика кодексин бекитүү жөнүндөгү" токтомдун долбоорун кабыл алды жана аны парламенттин жалпы кароосуна жөнөттү. Документ талкууланып жаткан маалда эл өкүлдөрүнүн жүрүм-турумун тескеп, баалаган, такай иштеген комиссия түзүү сунушу айтылды.

Парламенттин азыркы чакырылыштагы депутаттарынын жүрүм-турумунан улам бир катар сын айтылып, бир эл өкүлү мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган окуя да катталган эле.

Жогорку Кеңештин депутатынын этикасы тууралуу алгачкы кодекс 2008-жылы кабыл алынган. 2015-жылга чейин тиешелүү тармактык комитет да болгон жана ал негизинен ушул документтин негизинде иш алып барган.

Этика кодекси тууралуу соңку токтомдун долбоорунун демилгечилеринин бири, парламенттин вице-спикери Нурланбек Азыгалиевдин билдиришинче, алгачкы кодекс эскирди. Ошондой эле Конституция баштаган бир катар мыйзамдарга шайкеш келген кодекс даярдоо зарылдыгы жаралды.

Нурланбек Азыгалиев.
Нурланбек Азыгалиев.

"Сунушталып жаткан депутаттык этика кодексинин редакциясында дискриминацияга жол бербөө, гендерлик теңчилик боюнча аныктамалар, ченемдер, структуралык өзгөртүүлөр каралган. "Кызыкчылыктар кагылышы" деген тема кеңейтилген. Учурдагы реалдуулуккка дал келбеген эрежелер алынды. Мисалы, "уюлдук телефонду колдонуу", "депутаттык топ", "бир мандаттуу округдан депутат" деген сөздөр киргизилди. Долбоорго "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Ишеним фракциялары сунуштарды берди. "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттарды ар бир айдын аягында өздөрү мүчө болгон фракциялардын, депутаттык топтордун комитеттердин жыйындарына катышпаганы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирүүнү, жүйөлүү себепсиз ондон ашык жыйынга катышпаган депутаттарды маянасынын ондон бир бөлүгүнөн ажыратууну сунуштады. Эгер жүйөлүү себептер менен катыша албай турган болсо, кеминде бир жумушчу күн мурда фракция лидерине, комитети төрагасына, жумушчу топтун башчысына айтышы керектигин белгиледи. "Ишеним" фракциясы "депутаттар өздөрү мүчө болгон комитеттердин жыйынына катышпаганы жөнүндө отчёт берүүгө милдеттүү, жүйөлүү себепсиз жыйынга катышпаган депутат айлык акысынын ондон бир бөлүгүнөн ажыратылат" деп сунуш берген. Бул сунуштар жарым-жартылай кабыл алынды", - деди Азыгалиев.

Депутаттын этика кодексин иштеп чыгуу үчүн былтыр май айында жумушчу топ түзүлгөн жана долбоор коомдук талкууга июль айында коюлган.

Комитеттеги талкуу маалында парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрүнө тиешелүү мыйзамдар жетиштүү экенин айтты. Ошону менен катар кодекс депутаттарга ашыкча маселе жаратышы мүмкүндүгүн эскертти:

Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

"Мен 2008-жылы кабыл алынган этика боюнча кодекстин иштегенин көргөн деле жокмун. Бизде Жогорку Кеңештин депутаттына тийиштүү, түздөн түз иштеген үч мыйзам бар. Биринчиси - бул Конституция. Анда депутаттар кандай шайланат, кандай жол менен чакыртылып алынат, кандай иштейт дегени так көрсөтүлгөн. Экинчиси - "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү" мыйзам. Ал жерде депутаттык этика, парламенттин имаратындагы тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо, депутаттарга карата колдонулуучу чаралар деген беренелер бар. Үчүнчүсү - "Депутаттын макамы тууралуу" мыйзам. Биз аны конситуциялык мыйзам кыла албай жатпайбызбы. Бизге таандык бир мыйзам конституциялык болушу керек деп Баш мыйзамда жазылган. Бизден үч окууда өткөн, бирок президент вето коюп, каршы пикири менен кайра кайтып келди. Ошону менен ал чечилбей турат. Мен чынын айтайын, эгер биз Этика кодекси деп кабыл алсак, өзүбүзгө өзүбүз маселе жаратабыз, дагы эле чырмалышабыз. Эгер жумушка келбесе айып пул салабыз дегендин өзү Эмгек кодексине туура келбейт. Бул мыйзамсыз. Эгер ушул токтомго байлап туруп айлыгын кармап калабыз десең, депутат өзү кол коюп бермейинче Эмгек кодексине туура келбей калат. Ошондуктан кодексти кыска жана нуска кылып эле кабыл алып берели. Ашыкча маселе жаратуунун кереги жок".

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы депутаттардын этикасына байланыштуу маселе былтыр март айында ошол кездеги депутат Жаныбек Абиров аралашкан мушташка байланыштуу көтөрүлгөн. Ал бул окуядан улам мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.


"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутат Гуля Кожокулова этикага байланыштуу такай иштеген комиссия керек деп эсептейт:

Гуля Кожокулова.
Гуля Кожокулова.

"Бизге убактылуу эмес, такай иштеген комиссия керек. Комиссия эмне үчүн керек? Биз өзүбүздү өзүбүз бир алкактын чегинде кармашыбыз керек. Өзүбүздү, жүрүм-турумубузду карап, тарбиялашыбыз керек. Бизде такай иштеген комиссия бар экенин билген депутаттар ал комиссиянын талкуусуна түшүп калууну каалабайт. Ошондуктан жүрүм-турумдун, этиканын белгилүү бир эрежелерин сакташы керектигин билип жүрөт. Ар бир фракциядан, депутаттык топтон мыктылардын мыктысын, аксакалдарды тандап алып объективдүү, жакшы иштеген комиссия түзүп койсок болот".

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Айнура Алтыбаева убагында депутаттардын этикасына байланыштуу комитетти жетектеген. Ал депутаттардын жүрүм-турумуна байланыштуу айтылган сынга токтолду:

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

"Мен Жогорку Кеңеште иштеп жүргөндө сырттан көптөгөн арыздар түшкөн. Парламенттин 5-чакырылышында депуттардын этикасына байланыштуу көптөгөн маселелер каралган. Менин эсимде, ошол чакырылыштагы бир депутат ооруканада жаңжал салып, дарыгерге кол көтөргөн окуя да болгон. Парламент депутаттарынын сөзсүз түрдө ички маданияты болушу керек. Ал депутаттык гана милдетин аткарбастан, ошол маданиятты да сакташы керек".

Парламенттин мурдагы басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу депутаттардын этикасын, жүрүм-турумун тескеген кодекстин болушун колдобойт. Анын пикиринде, депутат катардагы жарандар баш ийген мыйзамдардан чыкпаганы эле жетиштүү болот:

Ибрагим Нуракун уулу.
Ибрагим Нуракун уулу.

"Депутаттардын жүрүм-туруму кадимки эле атуулдардыкындай болушу керек. Алардын жүрүм-туруму баарыбызга эле жарактуу эле мыйзамдар менен тескелиши керек. Анан алардын өзүнчө жүрүм-турум кодекси болуп, ээнбаштык кылса өзүнчө жооп берет, кылмыш кылса өзүнчө жооп берет дегендей болбошу керек. Мыйзам баарына - жөнөкөй атуулдарга да, депутаттарга да бирдей эле колдонулушу керек. Этика кодекси боюнча депутаттын жүрүм-туруму комитетте каралган учурлар буга чейин деле болгон. Ошол комитет, башка депутаттар бир депутаттын жүрүм-турумуна баа берип, тескей албайт. Аны иштен алып, айлыгын кыскартып коё албайт. Депутат жалпы эле мыйзамга баш ийиши керек. Кыргыз парламентинин тажрыйбасында депутаттар көпчүлүк учурда бирин-бирине кесиптеш катары карап, кайсы бир депутат этиканы бузса, ээнбаштык кылса деле ошол кодекске карабастан аны колдоп койгон учурлары көп болгон. Канчалык кодекстер кабыл алынбасын, ал деле таасирин тийгизейт. Ошол документти карап эле алардын жүрүм-туруму оңолуп калбайт. Болгону жөн гана атуулдардай болуп мыйзамга баш ийгенди үйрөнүшү керек".

Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушунда Баш мыйзамы өзгөрүп, өлкө президенттик башкарууга өткөн. Аны менен катар парламенттин жана андагы депутаттардын ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG