Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Парламент кабыл алган жана аянттагы желекте айырма чыкты


Ала-Тоо аянтына илинген жана Жогорку Кеңеш кабыл алган желек.
Ала-Тоо аянтына илинген жана Жогорку Кеңеш кабыл алган желек.

Мамлекеттик тууга байланыштуу талаш-талкуу кайрадан күчөдү. Бул жолкусунда Жогорку Кеңеш кабыл алган жана аянтка илинген желектеги айырма талкууга түштү.

Президенттик администрациянын өкүлдөрү өкмөт туунун акыркы вариантын токтом менен бекиткенин айтса, айрым депутаттар парламент кабыл алган туунун бардык элементтери сакталышы керектигин билдиришти.

Аянттагы желекте кандай айырма бар?


Жогорку Кеңештин расмий сайтында мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору жүктөлүп, ага бир нече документтер кошо тиркелген.

Анын арасында туунун колго тартылган схематикалык жана түстүү сүрөтү да турат. Экөөндө тең күндүн нурлары желектин түндүктүн элесин берген бөлүгүнө жабышпай, өз-өзүнчө турат. Бирок 1-январда таңга жуук Ала-Тоо аянтына илинген туу башкача болуп чыкты.

Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган туунун схематикалык жана түстүү сүрөтү.
Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган туунун схематикалык жана түстүү сүрөтү.


Жогорку Кеңештин депутаты, тууну өзгөртүүгө каршы добуш берген Эмил Токтошев парламент жактырган жана аянтка илинген туудагы айырманы түшүнбөй турат:

“Мен деле социалдык тармактардан көрүп жатам. Аянтка илинген туу менен биз кабыл алган туу эки башка болуп жатат. Биз кабыл алган желекте чамгарактан кийин айлампа болуп, андан кийин нурлар чыккан. Аянтта илинген желектин нурлары жабышып калыптыр. Айырмасы ушунда”.

Ала-Тоо аянтына илинген желек.
Ала-Тоо аянтына илинген желек.


Эмил Токтошев Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда кайсыл желек кабыл алынса, аянтка да ошол желек илиниши керек деп эсептейт. Биз байланыша алган депутаттар Акбөкөн Таштанбеков, Дастан Бекешев, Балбак Түлөбаев жана Нуржигит Кадырбеков да аянтка илинген желек Жогорку Кеңеш жактыргандан айырмаланып турарын айтышты. Алардын айрымдары бул окуя боюнча иликтөө жүрүп, мамлекеттик символиканы бузгандар жазага тартылышы керек деп эсептейт.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңеш кабыл алган мамлекеттик желек кийин эмне үчүн өзгөрүп кеткени тууралуу комментарий берди.

Ал Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдында интернет колдонуучулардын суроолоруна мындай деп жооп берген:

Дайыр Орунбеков.
Дайыр Орунбеков.

“Жогорку Кеңеш кабыл алгандан кийин, Министрлер кабинети толуктоо менен акыркы вариантын токтом менен бекитет. Ооба, мурда нурлары түндүккө тийбей турган болсо, азыр 40 нуру түндүккө тийгизилип, бириктирилди”, - деп жазды Орунбеков.

Азырынча Дайыр Орунбековдон башка эч ким туудагы айырма боюнча түшүндүрмө бере элек. Мыйзамдын авторлору аталган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примовго байланыша алган жокпуз. Орунбековдун комментарийи боюнча да талаш күч алууда. Анткени аткаруу бийлиги Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга толуктоо, өзгөртүү киргизе албайт. Өкмөт парламент кабыл алган мыйзамды аткарышы керек. Бирок айрым мамлекеттик мекемелердин алдында Ала-Тоо аянтындагыдай желектер илинип жатат.

Депутат Тазабек Икрамов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына пикирин жарыялады.

"Ырас, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добуш берүүсүнөн өтүп, президент кол койгондон кийин жаңы туу расмий түрдө аз массовка болсо да, жок эле дегенде мамлекеттик катчынын катышуусунда гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле. (Душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат. ) Тилекке каршы, андай болбоду. Ошол жерде жалпы ЖМКнын катышуусунда мамлекеттик катчы тууну оңдоп-түзөөгө эмне негиз болгонун жана кайсы жерлерине түзөтүү киргенин айтып берсе болмок. Туу жөнөкөй маселе эмес. Бул бүтүндөй бир идеология! Андан тышкары, желектин ЖКда сунуш кылынган варианты башка, Викидепияда башка, илинген желектин өңү башка болгону жалпы элдин нааразычылыгын гана жаратат. Бул боюнча тез арада президент башында турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек. Ансыз наразылык көбөйө берет".


Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун 20-декабрда кабыл алса, президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

Күндүн нурларына байланыштуу талаш


Ал арада аянтка илинген туудагы күндүн нурларынын саны боюнча да талаш жүрүп, социалдык тармактын айрым колдонуучулары анын саны 40 эмес, 39 экенин жазып чыгышкан. Негизи желектеги 40 нур кыргыздагы 40 урууну билдирет.

3-январда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мамлекеттик телеканалдарга түшүндүрмө берип, аянттагы желекти түшүрүп, андагы нурларды санап чыгышканын билдирди.

Айбек Жунушалиев.
Айбек Жунушалиев.

“Кантип эле мыйзамга каршы келген тууну илебиз? Мыйзамга туура келген туу илинген. 40 нуру толугу менен бар. Активисттер упай топтойбуз деген максаттабы жалган маалыматты тараткан болушчу. Булар интернет булагынан эле сүрөт алышып, желбиреп турган туунун нурларын санаган да. Эми ал жерде бири-бирине илешкен дегендей. Аяктан так, анык маалымат алыш мүмкүн эмес эле да. Бизге кайрылса, расмий жообун берет элек”.

Калаа башчы Айбек Жунушалиевдин кыска маегинде Жогорку Кеңеш кабыл алган жана борбордук аянтка илинген туудагы айырма боюнча сөз жок.

Негизи туунун жаңы варианты кызуу талкуу, бир катар нааразылык менен кабыл алынды. Президент Садыр Жапаров желекти өзгөртүү демилгесинин артында өзү турарын Курултайда билдирген.

Буга жүйө катары желектеги түндүк үч чамгарактуу болуп калганын, мындай боз үй жамандыкта гана тигилерин айткан. Ал эми күндүн нурларын күнкарама окшоштургандар болгонун да кошумчалаган.

Жарандык активист Айбек Теңизбай желектин айланасындагы соңку окуяларды башаламандык деп сыпаттады.

Айбек Теңизбай.
Айбек Теңизбай.

“Туу эң чоң талкуу жараткан окуя болду. Башынан мыйзамдуулугуна көңүл бурбастан, күчкө салып эле кабыл алышты. Эгерде Министрлер кабинети парламентке туунун президент туура деп эсептеген вариантын сунуштап, анан Жогорку Кеңеш азыр илинип жаткан тууну кабыл алынганда маселе болбойт болчу. Бирое экөө эки башка чыгып калды да. Буга Жогорку Кеңеш реакция кылыш керек. Анткени алардын абройуна шек келип жатпайбы. Аянтка алар кабыл алган туунун варианты илинген жок. Ошон үчүн биз алардын жообун күтөбүз”.

Жогоруда айтылгандай туунун өзгөрүшүнө каршы маанай дале болсо күч. Желектин жаңы вариантынын кабыл алынышына каршы акция уюштурууга аракет кылган активист Афтандил Жоробеков камакта отурат. Ал массалык башаламандыкка айыпталууда.

Туу, Герб, Гимн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамы менен корголгон. Аны бузгандарга жаза каралган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG