Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:23

Депутат Жамгырчиев УКМКнын тергөө абагына камалды


Эмил Жамгырчиев, 2024-жыл.
Эмил Жамгырчиев, 2024-жыл.

24-январга караган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыпталган Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, сот залынан камакка алды. Депутат 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында отурат.

Сотко катышкан журналисттер кабарлагандай, Эмил Жамгырчиев соттун чечими менен макул эместигин, жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирди.

Депутат 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) барып, шектүү катары сурак берген. Жараян Жамгырчиевдин адвокатынын көзүнчө жүрүп, депутат тергөөчү чакырганда барып туруу убадасы менен бошотулганын атайын кызмат билдирген.

УКМКнын маалыматы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Эмил Жамгырчиевдин бир айга камакка алынганы боюнча 25-январда түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Эмил Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен жана башка кылмыш иши боюнча тергөө иштерине катышуудан качуу максатында чек арадан мыйзамсыз өткөнү жазылган.

"Жамгырчиевге карата кылмыш иши аяктап калган учурда ал кайрадан кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн коңшу өлкөлөрдүн бирине кетип калууну чечкени тууралуу ыкчам маалымат алынган. Ошондуктан, 24-январь күнү ага чек араны мыйзамсыз басып өтүү фактысы менен айып тагылып, Биринчи Май райондук соту тарабынан 26-февралга чейин камакка алуу чечими чыкты".

Атайын кызмат Эмил Жамгырчиевдин кылмыш иши аяктап калганын, жакынкы күндөрү жыйынтыкталып, сотко жиберилерин маалымдады.

Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комментарий берген. Ал депутаттарга кайрылып, тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп, өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтылышы керек экенин билдирген.

10-январда Жогорку Кеңеш дептутатты кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Депутатка Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. Ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, качып кеткени тууралуу видео тараган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев парламентте Жамгырчиев Өзбекстандагы кримдүйнө менен байланышы бар Салим Абдувалиевге ("Салимбай байбачага") жардам сурап, кат жазганын билдирген.

Атайын кызматтын башчысы депутаттын Салим Абдувалиевден жардам сураган каты делген текстин айрым жерлерин окуп берген.

Анда Жамгырчиев Салим Абдувалиевге ("Салимбай байбача") кайрылып жатып, аны Кыргызстандын мурдагы президенттери да сыйлап, батасын алып келгенине токтолгон. Андан тышкары Жамгырчиев Абдувалиевден атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевди жоопко тартып берүүнү суранганы айтылат. Бирок УКМК Жамгырчиевдин катына байланыштуу иш козгогон эмес. Ташиев муну анын моралдык жоопкерчилигине калтырышканын белгилеген.

Парламенттин 10-январдагы жыйынында Жамгырчиевге Өзбекстандын атайын кызматы дагы "чек араны мыйзамсыз өтүү" фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон.

Жамгырчиевдин өзү бул кат тууралуу маалыматы жок экенин айткан.

41 жаштагы депутат буга чейин өзүнө тагылган айыпты четке кагып, аны "саясий куугунтук" катары баалаган.

Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Эл өкүлү кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

Айрым саясат талдоочулар депутат Жамгырчиевге байланыштуу соңку окуялар, анын акыркы күндөрү ачыкка чыккан иш-аракеттери бир гана укук коргоо органдарынын эмес, коомчулуктун да суроолорун жаратып жатканын белгилешет.

Саясий серепчи Бакыт Жумагуловдун пикиринде, депутаттын айланасындагы окуяларга укуктук баа берилиши керек.

"УКМКнын төрагасы парламентте маалымат берип жатып, кандайдыр бир мамлекеттик документтерди сырт жакка берүү боюнча маселелер, бул боюнча атайын кызматтын иш-аракеттери жүргүзүлгөнүн да айтты. Дагы бир маселе, өзбекстандык кримтөбөл "Салимбай байбачага" кат жазып, бийликте отурган адамдарга таасир этүү боюнча кайрылганы чоң маселе болуп турат. Эгер ушунун баары далилденсе, анын аракеттери оор кылмыш катары бааланышы ыктымал. Жогорку Кеңеште булар боюнча толук маалымат берилген жок. Жамгырчиев сырттагыларга кандай бланк, документтерди бергени чоң суроо", - деди эксперт.

"Парламенттин аброюна шек келтирген окуя"

Депутат Тазабек Икрамов кесиптеши өз аракеттери менен жалпы парламенттин аброюна шек келтирип, көө жапканын айтты. Икрамов коомчулукка айтылбаган бир топ жагдай бар экенин да кошумчалады.

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

"Катта жазылган айрым гана бөлүгү ачык айтылды, болбосо өтө таңкалычтуу жерлери бар экен. Комиссиянын отурумунда Эмил Жамгырчиев муну алгач танган, бирок факт менен тизмектеп бергенде чын эле мындай кайрылуу болгонун моюнга алган. Азыр эми териштирүү болуп жатат, анын жыйынтыгы кандай болорун жакында билербиз. Эгер ага карата ак жеринен каралоо, күнөөлөр болуп жатса бир жөн. Мындай окуялардын болушунун өзү парламенттин аброюна шек келтирип, уят кылууда. Бул өтө жаман жагдай. Ошондуктан парламентке келердин алдында ар бирибиз өзүбүздү даярдап келгенибиз туура".

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Жогорку Кеңештин депутатынын башка өлкөнүн кримчөйрөсү менен байланыш түзүп, чек арадан мыйзамсыз өткөнү өтө кейиштүү көрүнүш экенине токтолду.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

"Парламентке келе жаткандардын басымдуу бөлүгүн "эл өкүлү" деген миссияга караандабаган, коомчулуктун көйгөйүн жакын билбеген адамдар түзүүдө. Бизнес болобу, коррупциялык аракеттер болобу, айтор ошондой окуяларга жакын кишилердин парламентке байма-бай келип жатканынын натыйжасын да көрүүдөбүз. Депутаттар азыр өздөрү да Жамгырчиев акыркы эместигин, ага окшогондор арасында көп экенин айтышууда. "Эл өкүлү" деп мандат берип, ошондой вазыйпаны жүктөп жаткандан кийин депутаттыкка шайлана турган кишилерди электен өткөрүү зарыл".

Эмил Жамгырчиев ким?

2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ага чейин Ички иштер министрлигинде, президенттик аппаратта, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы баштаган мекемелерде ар кандай кызматтарда иштеген.

2019-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган Райымбек Матраимовдун ишине байланыштуу Жогорку Кеңештеги парламенттик комиссиянын жыйындарында Жамгырчиевдин берген маалыматтары коомчулукта "Райым миллионду" калкалоо аракети катары кабылданып, сынга алынган.

Жамгырчиев 2020-жылы кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган октябрдагы шайлоодо бийлик колдогон "Биримдик" партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болгон.

Бир жылдан кийин өткөн шайлоодо “Альянс” партиясы менен катышкан. Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына дайындалганда анын ордуна депутат болуп келген. Депутат Кыргызстандагы колунда бар жаш саясатчылардын бири катары айтылып жүрөт. 2023-жылы ноябрь айында жаш манасчыга жорго тартуулаганы анын байлыгы тууралуу талкуу жараткан.

Жамгырчиев тууралуу буга чейин да карама-каршы маалыматтар жарыяланып, бирок кийин төркүнү ачылбай, басаңдап калган.

2022-жылы 26-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Эмил Жамгырчиев өлкөдөн "мыйзамсыз чыгып кеткен болушу мүмкүн" деген маалымат тараткан. Андан бир ай мурда, 27-ноябрда ал фракциялашы Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан атайын кызмат тарабынан кармалып, кайра бошотулганы кабарланган. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан, коңшу өлкөгө өткөрүлбөгөнү тууралуу кесиптештери айтып чыккан.

Жамгырчиев 2022-жылы күзүндө Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири. Ага байланышкан айрым окуялардын өнүгүшү парламенттеги ушул добуш берүүдөн кийинки учурга туш келет.

Ал эми ал "чек арадан мыйзамсыз өтүп Ташкентте жолукту" делген 74 жаштагы Салим Абдувалиев кармалганы былтыр декабрдын башында Өзбекстандын атайын кызматы билдирген. Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда ал чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG