Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:10

10-январь: Жамгырчиевдин иши, Ташовдун билдирүүсү, Назарбаевдин инисинин 1.5 млрд доллары


Эмил Жамгырчиев жана Имамидин Ташов. Коллаж.
Эмил Жамгырчиев жана Имамидин Ташов. Коллаж.

10-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жамгырчиевди жоопко тартууга жол ачылды

10-январда Жогорку Кеңеш депутат депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Парламетте УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат 2022-жылы декабрда “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жолукканын айтты. Жамгырчиев 9-январда фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Азыр каякта экени белгисиз. 10-январда парламентке да келген жок. Ал “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деп айыпталууда. Буга чейин өзу бул маалыматты четке каккан.

Ташов менен Кудайберген уулуна издөө жарыяланды.

Атайын кызмат ишкер Имамидин Ташовго жана активист Тилекмат Кудайберген уулуна Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп издөө жарыялады. УКМК алар “бийликти басып алууну пландаганын, ага жетиштүү далилдер бардыгын” билдирди. 9-январда социалдык тармактарга KG Group компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери аны сегиз күн белгисиз жерде күч менен кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз. Камчыбек Ташиев муну четке какты. Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 8-декабрда үй камагына чыккан. Азыр кайда экени беймаалым.

Камчыбек Ташиев, Имамидин Ташов. Коллаж сүрөт.
Камчыбек Ташиев, Имамидин Ташов. Коллаж сүрөт.

Абактагы Бектур Асанов ооруканага жаткырылды

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Бектур Асанов 10-январда Улуттук госпиталга которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Булекбаев “Азаттыкка” билдирип, операция жасоо үчүн дарыгерлер консилиум өткөрүп жатканын айтты. Ал “абакта башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарынын күчү менен жатканы” кабарланган. Саясатчы 3-январда эле операция болору айтылып, бирок ооруканага которулбай жаткан. 9-январда “кемпирабадчылар” Бектур Асановго операция жасалбаса, камактагылар ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тарта турганын” билдиришкен.

Парламентте Жоробековду абактан бошотуу маселеси көтөрүлдү

10-январда Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы пикирин айтып чыгып, камалган жарандык активист Афтандил Жоробековду үй камагына чыгаруу демилгесин көтөрдү. Укук коргоо органдары аны 7-декабрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту жарандык активистти эки айга камакка алуу токтомун чыгарган. Активист коюлган айыпты четке кагып келет. Жергиликтүү укук когоочулар жана Human Rights Watch өңдүү эл аралык уюмдар Афтандил Жоробековго каршы кылмыш ишин козгоо анын сөз эркиндиги жана тынчтык чогулуштарын өткөрүү жаатындагы укуктарын одоно бузуп жатканын билдирген.

Түркиянын башкы дипломаты Бишкекте ФЕТО уюму боюнча маселе көтөрүлдү

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстандын башкы дипломаты Жээнбек Кулубаев менен жолукканда ФЕТО (түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт - ред.) уюму боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу Түркиянын Anadolu мамлекеттик агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Фидан сүйлөшүүдө “негизги темалардын бири ФЕТО уюмуна каршы күрөш жана бул уюмга тиешелүү мектептерди жабуу” тууралуу болгонун айткан.

8-9-январда Фидан Бишкекте президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен дагы жолукту.

Кыргызстандын расмий органдары ФЕТО тууралуу сөз болгону боюнча маалымат берген жок.

Акыркы сегиз жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет.

Польшанын мурдагы ички иштер министри президенттик сарайда кармалды

Польшанын мурдагы ички иштер министри Мариуш Каминьский менен анын орун басары Мацей Вонсик 9-январдын кечинде Варшавада президенттик сарайда кармалды. Аларды Польшанын президенти Анджей Дуда чакырган.

Сот Каминьский менен Вонсикти 2007-жылы кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган деген айып боюнча камоо чечимин чыгарган. Дуда аларга 2015-жылы ырайым берген. Анткен менен сот былтыр декабрда президенттин чечимин жокко чыгарып, Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчилерин эки жылга эркинен ажыратууга өкүм кылган.

Каминьский менен Вонсик 2023-жылдын октябрь айында өткөн шайлоодо “Укук жана адилеттик” партиясынан парламентке өткөн.

10-январда 300дөй киши Варшавада нааразылыкка чыкты.

Назарбаевдин иниси мамлекетке 1.5 млрд доллар кайтарды

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды мамлекетке жалпысынан 650 миллиард теңге (1.5 млрд доллар) кайтарды. Бул тууралуу 10-январда Жемкорлукка каршы агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, Сатыбалдыга “кылмыштуу жол менен тапкан акчаны жана мүлктү мыйзамдаштыруу” беренеси менен козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Ага салык төлөөдөн качкан деген негизде дагы бир кылмыш иши козголгон.

Сатыбалдыга былтыр "алдамчылык же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү” жана “ишенип берилген мүлктү уурдоо же өзүнө ыйгарып алуу” беренелери боюнча айыпталып, алты жылга кесилген.

Кайрат Сатыбалды - Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалдынын уулу. Ал "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG