Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

УКМК депутат Эмил Жамгырчиев шектүү катары сурак берип чыкканын билдирди


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) барып, шектүү катары сурак берди. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сурак анын адвокатынын көзүнчө жүргүзүлдү, башка да тергөө амалдары өттү, тергөөчү чакыргында барып туруу убадасы менен депутат кое берилди.

«Азыркы тапта депутат Эмил Жамгырчиев мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча ишти тергөө аягына чыгып калды. Жакында тийиштүү тартипте сот органдарына өткөрүлүп берилет», - деп билдирди УКМК.

Жамгырчиев кайда экени белгисиз экенин мурдараак фракция лидери Жанар Акаев билдирген.

10-январда Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Жамгырчиев 2022-жылы Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бар экенин айткан.

Бул маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да ырастаган. Ал “чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган кыргыз жарандары камакка алынбай турганын” билдирип, Жамгырчиевди иш сотко өтсө сотко келүүгө чакырган.

Жамгырчиев өзү буга чейин чек арадан мыйзамсыз өтпөгөнүн айткан.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Ошондон бери анын кайда экени белгисиз болуп жаткан.

Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиев кармалганы былтыр декабрдын башында маалым болгон. Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда ал чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG