Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Коррупцияга каршы чеке жылытпаган күрөш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши 2021–2024-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы стратегияны иштеп чыкты.

Президент Сооронбай Жээнбеков "коррупция менен элдешкис күрөш улантыларын" айтты. Бийликтин жемкорлукту азайтуу аракетинен майнап чыктыбы, же тандамал күрөш жүрүп жатабы? Кабыл алынган стратегиянын маңызы эмнеде, анын натыйжасы кандай болушу керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору Максат Оморов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, профессор Каныбек Осмоналиев жана мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев катышты.​

«Азаттык»: - Максат мырза, коррупция менен күрөшүүдө мурдагы бийликтер учурунда маанилүү деп эсептелген документтер кабыл алынчу. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы иштеп чыккан коррупцияга каршы күрөштүн беш жылдык жаңы стратегиясынын башкы маңызы эмнеде, мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат?

Максат Оморов: - Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн коррупция менен күрөшүүдөгү жаңы стратегиясы жактырылды.

2018-2020-жылдар аралыгында Коопсуздук кеңешинде бир топ маанилүү маселелер каралып, фундаменталдуу делген бир нече чечимдер кабыл алынган. Анда сот реформасы, тоо кен тармагындагы, экономиканын айрым секторлорундагы көйгөйлөр, коррупция менен күрөш ж.б. маселелер каралган.

Коррупция менен күрөшкө байланыштуу 2012-жылы бир документ кабыл алынган. Ал бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калды. Ошондуктан эл аралык, жергиликтүү эксперттердин жана бул маселеге кызыкдар, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жаңы стратегия иштелип чыкты.

Жаңы стратегиянын негизги өзгөчөлүгү – коррупциянын кесепеттери менен күрөшүү эмес, аны алдын алуу, анын себептери менен күрөшүүгө, аны убагында жоюуга багытталган.


«Азаттык»: - Каныбек агай, президент Жээнбеков «акыркы жылдары көптөгөн коррупциялык схемалардын бети ачылды» деди. Акыркы үч жылда бийликтин жемкорлук менен күрөшүү аракеттеринен эмне майнап чыкты, натыйжалуу жыйынтыктар болуп жатабы?

Каныбек Осмоналиев: - 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшкө байланышкан маселени Коопсуздук кеңешинин кароосуна алып чыгып, маселени кабыргасынан койгондо коомчулук толук колдоо менен кабыл алган.

Ооба, Коопсуздук кеңешинде андан бери дагы бир топ маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды. Ошонун натыйжасында жылыштар болду.

Стратегиялык жактан алганда, кабыл алган документтерге караганда коррупция менен күрөшүүнүн жолу туура. Бирок, жемкорлук менен күрөшүүнүн тактикалык жолу көпчүлүктү канааттандырбай келет. Президент да мамлекеттик органдар тарабынан жасалган иштерге ичи чыкпай кээде кеңешмеде эмоционалдуу сөздөрдү сүйлөп жатпайбы.

Тилекке каршы, жогору жактан иштелип чыккан стратегиялык документтер төмөнкү жакка түшүрүлгөнү менен аткарылбай жатпайбы. Жер-жерлерде, тиешелүү тармактарда анын натыйжасын көрбөй жатабыз. Башкасын койдум, өзүм аралашып жүргөн билим берүү тармагындагы: мектептерде акча чогултуу тыйылдыбы, жогорку окуу жайлардагы сессияларда акча берүү азайдыбы? Төмөнкү жакта натыйжа жок дегеним ошол.


«Азаттык»: - Байтемир мырза, президент Жээнбеков жемкорлук менен күрөшүүдө прокуратура, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук комитетине, Финансы полициясына талаптарды коюп келет. Ушул тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта биргелешип иштеп жатабы, натыйжа барбы?

Байтемир Ибраев: - Аталып жаткан мамлекеттик органдар азыр эле биргеликте иштеп жактан жок. Ал органдар түзүлгөндөн бери коррупция менен чогуу күрөшүү - алардын милдети.

«Укук коргоо органдарынын координациялык кеңеши» деген бар. Алар маанилүү маселелер боюнча чогулуп, талкуулап, бирге күрөшүүнү чечип турушу керек. Бул маселеде алардын иштештери кынтыксыз болушу керек. Бирок коррупция менен күрөшүүнү аталган органдардын гана милдети деп коюш жаңылыштык экендигин айтып келатам.

«Коррупцияны жаратып жаткан жагдайлар менен күрөшүү керек» деп президент айтып келатат. «Саясий коррупция» деп айтып эле келатабыз. Азыр чоң саясий өнөктүк-шайлоодо канчалаган «саясий коррупциялык көрүнүштөр» болууда.

Депутаттыкка талапкерлер бүгүн «саясий коррупцияны» гүлдөтүп жатса, эртең парламентке келип, кадимки коррупцияга шарт түзгөнө жатпайбы. Коррупция менен системдүү, комплекстүү күрөшпөсөк болбойт.

Максат Оморов: - Кандай айтпайлы, коррупция менен күрөш 2018-жылдан күчөгөн, мамлекеттик органдарга импульс берилген. Тарыхта болбогон окуялар болду. Эң жогорку кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылышты, азыр сот жараяндары улантылууда. Мурдагы жылдарга караганда системалуу иштер жүрүүдө. Күрөш дагы улантылат.

Аталган стратегиянын аткарлышы, ишке ашышы менен Кыргызстан коррупция менен күрөшүүдөгү рейтингин жакшыртат деп ойлойм...

Талкууну толугу менен аудиодон уга аласыз.

Коррупцияга каршы чеке жылытпаган күрөш (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:40 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG