Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Коопсуздук кеңеши коррупция көйгөйүн талкуулады


Коопсуздук кеңешинин коррупция маселеси талкууланып жаткан жыйыны. 17-сентябрь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин коррупция маселеси талкууланып жаткан жыйыны. 17-сентябрь, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда жемкорлукка каршы күрөш жакшы жүрүп жатат жана бир топ коррупциялык схемалар ачылды деп эсептейт. Ал муну бийликтин коррупцияга каршы саясаты коомчулукта катуу сындалып жаткан учурда айтты.

17-сентябрда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда эки маселе - укук коргоо органдарынын жемкорлукка каршы иштеринин жыйынтыгы, 2021-2024-жылдарга карата Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралды.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда өлкө башчы мамлекеттик бюджетти талап-тоногондорго, өзүнүн кызмат ордун пайдаланып мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбой турганын белгилеп, «Коррупция менен элдешкис күрөш уланат», - деп айтты.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Көптөгөн коррупциялык схемалар ачылды, мамлекеттик сатып алууларда, фискалдык, сот, укук коргоо органдарында, лицензиялык-уруксат берүү ишмердигин ишке ашырган органдарда, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү башкаруу чөйрөсүндө коррупцияланган кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюлду», - деди президент.

Коопсуздук кеңешинин коррупция маселесин талкуулаган бул жолку жыйын Кыргызстанда жемкорлукка байланыштуу бийликке сын-пикир күчөп, Коопсуздук кеңешинин өзүнө бир катар дооматтар коюлуп жаткан тапта өттү. Айрыкча соңку күндөрү коррупция темасында президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине сын жаады.

Адегенде Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Өмүрбек Суваналиев президент айланасындагы күчтөрдүн туткунунда калганын, жемкорлук менен күрөшүүдө аларга алы жетпей жатканын «Азаттыктын» эфиринде айтып чыккан.

Коррупционерлер боюнча Жээнбековго бурмаланган маалыматтар берилип, анын президентке реалдуу абалды жеткирүүгө болгон аракетинен жыйынтык болбогонун билдирген.

Анын артынан эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов коррупцияга каршы күрөш боюнча бийлик имитация кылып жатканын, президентте жемкорлор менен күрөшүүгө моралдык укугу калбаганын мындайча түшүндүргөн.

«Бүгүн президенттен башка бийлик жок. Жогорку Кеңеш юридикалык бөлүмү, өкмөт президенттин уюштуруу бөлүмү болуп калган. Мамлекетте бир эле адам чечим кабыл алып жатат. Ошол адамдын чечимине жараша калган институттар иштеп жатат. Баарыбыз «Райым Матраимов коррупционер» деп айтабыз. Эмне Райым Матраимов өзүн-өзү камамак беле? Мен Кыргызстанда өзү түрмөгө барып отурган адамды көрө элекмин. Матраимов коррупционер болсо аны камай турган прокурор, артынан иликтей турган УКМК, Финансы полициясы, ИИМ деген бар. Ушул институттун баары бир колго чогулуп калды. Бийлик узурпацияланып калды. Коррупция менен күрөш эч качан натыйжа бербейт. Себеби, адам өзү менен өзү күрөшө албайт. Бүгүн бийликте турган адамдар коррупция менен күрөшүүгө кызыкдар эмес. «Акаев мындай болду, Бакиев мындай, Атамбаев тигиндей болду. Менин эртеңки тагдырым кандай болот?» деп бүгүн Жогорку Кеңештин шайлоосун, алты айдан кийин жаңы келген парламент менен референдумду ойлонуп, чийип-чиймелеп колу бошобой жатат. Президент «Коопсуздук кеңешинде коррупцияны айтып жатат» дейбиз. Коопсуздук кеңешинде маселени бир жолу айтсаң болбосо, эки жолу айтсаң болбосо прокурордук, УКМКнын жетекчисин алмаштырасың да. Биз прокурорду алмаштыргандын ордуна полковник чининин үстүнө генерал деген чин берип атпайбызбы. Эмне иш кылганы үчүн!?».

Сооронбай Жээнбековдун сөзү боюнча, Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөш маселеси тууралуу үч жолу чогулду. Ал президент катары бул кеңештин алгачкы жыйынын 2018-жылдын 8-февралында өткөрүп анда сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөш боюнча талкуу болуп, 42 чечим кабыл алынган.

Ошол эле жылдын соңунда Коопсуздук кеңешинде Кыргызстанда санариптештирүү саясатынын жүрүшү талкууланган. 2019-жылдын январь айында тоо кен тармагындагы маселелер каралган. Былтыр 7-8-августта Кой-Таш окуясына байланыштуу чукул жыйынга чогулган.

Быйыл болсо пандемияга байланыштуу чакан курамда бир нече жолу жыйын болду. Соңку чакан курамдагы отуруму 1-сентябрда өткөн. Анда негизинен 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого даярдык, шайлоо өнөктүгүн өткөрүү маселеси каралган.

Бактыбек Калмаматов Коопсуздук кеңешинин арты-артынан өткөн чогулуштарынан жыйынтык чыкпаганын айтып, аны айылдагы шерине менен салыштырган.

Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында президент 2018-жылдан бери коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13,6 млрд. сомду түзгөнүн, анын ичинен мамлекеттин пайдасына беш млрд. 827 млн. сом өндүрүлгөндүгүн кабарлады.

Коррупция менен күрөш боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева бул Кыргызстанда коррупциядан келтирилген чыгымды чагылдырбайт деген пикирде.

Эркайым Мамбеталиева.
Эркайым Мамбеталиева.

«2015-жылы ПРООН Кыргызстандагы коррупция боюнча атайын видео чыгарган. Анда ошол эле жылы мамлекетке 700 млн. доллар зыян келтирилгени айтылган. Бизде коррупциянын зыянын изилдеген бир да институт болбогондуктан бюджетке, өлкөгө келтирилген чыгымдын так саны жок. Президент айтып жаткан цифралар коррупциялык жана кызматтык кылмыштарга эле туура келет. Биз так анализ жүргүзгүбүз келсе, саясий коррупциянын кесепетин да эсепке алышыбыз керек. Укук коргоо органдары болсо пара менен кармалгандарды, экономикалык кылмыштарды гана эсептеп жыйынтык чыгарышууда. Коррупция деген терең түшүнүк да. Саясий коррупция, непотизм, клептократия, арам акчаны адалдоо ушунун баары коррупция. Өлкөгө келтирилген чыгымды ушуларды кошуп чыгарганда гана чыныгы абалды көрөбүз».

Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин жана президент коррупция тууралуу айткан иштердин аткарылышы да өзүнчө маселе. Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов дагы деле кармала элек.

Ал «коррупциялык схема түзгөн» деп шек саналып, былтыр 25-мартта Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 12,5 жылга кесилген. Ошол эле жылдын октябрь айында Бишкек шаардык соту өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 млн. 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке коё берген. Сооронбай Жээнбеков «бул ишке судьялардын, прокурорлордун катышы бар» деп жыл башында өлкөнүн башкы прокурору менен судьясын тилдеген.

«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелери менен айыпталып сыртынан 13 жылга кесилген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев да издөөдө жүрөт.

Бактыбек Калмаматов Транспорт жана жолдор министрлигиндеги ири коррупциялык чырдан кийин Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенттен тил угуп кызматтан кеткен Жамшитбек Калилов «Биримдик» партиясы менен шайлоого баратканын эске салган. Жээнбеков Калиловдун анын орун басары 500 миң доллар пара менен кармалганын айтып, министрликтин ичи коррупцияга чырмалышып калганын мисалга алган.

Бийликтин коррупцияга каршы жаңы стратегиясы

Коопсуздук кеңешинин 17-сентябрдагы жыйынында укук коргоо органдарынын жемкорлукка каршы иштеринин жыйынтыгы боюнча премьер-министр Кубатбек Боронов, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Бакир Таиров баяндама жасашты.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоорун Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев алып чыкты.

«Жаңы стратегия коррупция менен эле күрөшүүгө эмес жемкорлуктун алдын алууга жана анын келип чыгуу себептерин да аныктоого багытталган. Мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу бардык тармактын алдыга жылышына, анын ичинде экономикалык, социалдык багытка да оң таасир берет. Ошондуктан бул стратегияны бардык мекемелер 2024-жылга чейин аткарганы маанилүү».

Президент мурдагы антикоррупциялык саясаттын стратегиясы 2012-жылы кабыл алынганын, ал өлкө туш болгон ошол кездеги чакырыктарга жана коркунучтарга жооп бергенин белгиледи. Анын маалыматы боюнча, жемкорлукка каршы жаңы документте 82 конкреттүү антикоррупциялык иш-чаралар иштелип чыккан.

Бирок укук коргоочу Качкын Булатов маселе документте эмес экенине көңүл бурду.

«Коррупция маселеси Коопсуздук кеңешинде канча жолу көтөрүлгөнү менен жыйынтык чыккан жок. Азыр кабыл алынган документ натыйжа берерине ишенбейм. Себеби, аны ишке ашыра турган таза кадрлар жок».

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жыйындары жалпыга маалымдоо каражаттарынан катышуусунда өтчү. Бул жолку жыйынга журналисттер катыштырылган жок.

Канткенде коррупциянын тамыры үзүлөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:58:19 0:00

XS
SM
MD
LG