Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:55

"Жашоо тозокко айланып баратат". Талибдер аялдарга дагы бир чектөө койду


Ооганстандык аялдар талибдердин өкүлүнүн видеосун көрүп жатышат.
Ооганстандык аялдар талибдердин өкүлүнүн видеосун көрүп жатышат.

Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы бейөкмөт уюмдарда аялдардын иштешине тыюу салгандан кийин бир катар эл аралык уюмдар өлкөдөгү ишмердигин токтото баштады.

Ооган кыз-келиндери жаңы эрежелер кыял-максаттарын кыйратып, жашоо тозокко айланып баратканын билдиришүүдө.

"Мен үй-бүлөмдүн жалгыз багуучусумун. Эгер жумушсуз калсам, 15 кишиден турган үй-бүлөм ач калып, набыт болушат. Дүйнө жаңы жылдын келишин майрамдап жатканда Ооганстан аялдар үчүн тозокко айланды" - Кабулдагы бейөкмөт уюмда иштеген 24 жаштагы Шабана талибдердин жаңы чечиминен бушайман болуп отурат. Анын сөздөрүн RFI басылмасы жазды.

Талибдердин Экономика министрлигинин маалыматына караганда, исламдык дресс-код эрежесин карманбаганы үчүн бейөкмөт уюмдарда иштеген кыз-келиндерге жумушка чыкпоо буйругу берилди. Бул буйрук оогандык аялдарга гана тиешелүүбү же ал жакта иш жүргүзгөн чет элдик айымдар да баш ийиши керекпи, азырынча белгисиз.

Өз укугу үчүн күрөшкөн аялдардын нааразылык акцияларына карабай, талибдер аялдардын укуктарын чектеген эрежелерди биринин артынан бирин киргизип жатат.

22-декабрда Кабулдун көчөлөрүндө ондогон кыз-келин университеттерде билим алуу укугунан ажыраганы үчүн жүрүшкө чыгышкан эле. Арадан эки-үч күн өтпөй эле аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштешине тыюу салынып отурат.

Эл аралык коомчулук тааныбаган талибан бийлигинин бейөкмөт уюмда эмгектенген аялдардын иштешине тыюу салган каты 24-декабрда Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүү программасы боюнча координациялык агенттигине (ACBAR) жөнөтүлдү. Бул агенттик 80ден ашуун жергиликтүү жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын башын бириктирет. Кат тууралуу талибдердин экономика министрлигинин өкүлү Абдулрахман Хабиб Reuters агенттигине билдирди.

Ооган аялдары Гераттагы институтта сайма сайып отурушат. 22-декабрь, 2022-жыл.
Ооган аялдары Гераттагы институтта сайма сайып отурушат. 22-декабрь, 2022-жыл.

Талибдердин жаңы эрежеси миллиондогон адам бейөкмөт уюмдар аркылуу эл аралык донорлордон келген гуманитардык жардамга көз каранды болуп турган учурга туш келди.

Бир катар чет элдик гуманитардык уюмдар Ооганстандагы ишмердигин токтотконун жарыялашты. Save the Children, Норвегиянын Качкындар Кеңеши жана CARE уюму ал кызматкерлерсиз өлкөдөгү кыз-келиндерге жана балдарга көмөк көрсөтө албай турганын билдиришти.

Норвегиянын Качкындар кеңешинин Ооганстан боюнча башчысы Нил Тернер Ассошиэйтед Пресс агенттигине: "Биз бардык маданий нормаларды сактадык. Элдин аялуу катмарына, аялдарга көмөк көрсөтүү үчүн биз аял-кызматкерлерибизге муктажбыз", - деди. Анын белгилешинче, өлкөдө алардын уюмуна 468 кыз-келин жардам берет.

Дагы бир бейөкмөт уюмдун өкүлү Арезо атуу айым “Франс Пресс” агенттигине курган маегинде, мекемеде аялдар жана эркектер өз-өзүнчө бөлмөлөрдө иштей турганын, кыз-келиндер тийиштүү дресс-кодду бузбаганын айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Твиттерде бул чечим "миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуучу жардамга доо кетире турганын, ооган эли үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн" жазды.

Жекшемби күнү БУУнун жогорку даражалуу өкүлдөрү жана Ооганстандагы ондогон бейөкмөт уюмдарда иштегендер талибдердин бул кадамын жана анын кесепеттерин талкуулоо үчүн жекшемби күнү Кабулда чогулушту. Алар талибдер чыгарган буйрук гуманитардык кызматтардын ишмердигине терс таасирин тийгизерин эскертип жатышат.

Гуманитардык кызматкерлер бейөкмөт жана эл аралык уюмдарда иштеген аялдардын Ооганстандагы кыз-келиндерге жардам берүүдөгү ролу чоң экенин белгилешүүдө.

Билим алуу укугунан ажыратпоону талап кылып чыккан ооган аялдары. 22-декабрь, 2022-жыл.
Билим алуу укугунан ажыратпоону талап кылып чыккан ооган аялдары. 22-декабрь, 2022-жыл.

Буга чейин Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтү аялдардын университеттерде окуусуна тыюу салган. 20-декабрда чыккан буйрук дароо жана белгисиз мөөнөткө күчүнө кирген. Чечимди эл аралык коомчулук катуу айыптаган. Интернет булактарында ооган кыздары кыял-максаттары жазылган кагаздарды өрттөгөнү, муну менен алар келечектен үмүтүн үзгөнүн көрсөткөнү тартылган видеолор тараган. Ага чейин кыздар орто мектептерге баруу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган.

БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси (UNAMA) Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде ондогон жыл согуштан жабыркаган өлкөдөгү абал тууралуу 20-декабрда баяндама жасаган.

Ал эл аралык коомчулуктан алдында сүйлөгөндө: "Бул чечимди оогандар, жадакалса талиб жетекчилиги арасында да жактырбагандар бар. Аны бүтүндөй мусулман дүйнөсү сындады. Чечим “Талибандын” эл аралык коомчулук менен мамилесине көлөкө түшүрдү. Буга карабай ал күчүндө кала берүүдө, анын залакасы келечекте да сезиле бермекчи", – деген.

Отунбаева саясий жана адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө диалогду колдоо зарылдыгын да айткан.

2021-жылдын жайында бийликке келери менен “Талибан” ашынган фундаменталисттик ыкмаларынан баш тартып, 20 жыл ичинде өзгөргөнүн көргөзүүгө далалаттанган, байистүү саясат жүргүзүүгө убада берген.

"Талибан" кыймылы Кыргызстанда "экстремисттик" деп табылып, сот анын ишмердигине 2006-жылы тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG