Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:20

БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандаттан ажыратты


Орозайым Нарматова
Орозайым Нарматова

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыгрызстан” фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды.

Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Боршайкомдун 20-январдагы жыйынында бул маалыматтарды ырастап, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде комиссия иштеп, Нарматовага берилген дипломду чакыртып алуу чечими кабыл алынганын билдирди.

БШКнын чечими тууралуу Нарматова "Фейсбук" баракчасында "Абдан күлкүлүү. Биротоло паспортумду деле "мыйзамсыз алган" деп жокко чыгарып коюшпаптыр" деген пикирин жазды.

Орозайым Нарматова 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине сурак берип чыккан. Атайын кызмат депутат Жалал-Абад мамлекеттик университетинен алган дипломуна байланыштуу чакырылганын билдирген. Ошондой эле ЖАМУнун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгону маалымдалган.

Нарматовага жиберилген чакыруу кагазы.
Нарматовага жиберилген чакыруу кагазы.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматованын ЖАМУдагы өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Мындан тышкары, сессияларды жана тиешелүү сынактарды тапшыруу учурунда ал Орусияда жүргөнү аныкталганы кабарланган.

Буга чейин атайын кызмат парламенттик шайлоо учурундагы текшерүү иштеринде анын окууга которулушунда мыйзамсыз аракеттер болгонун маалымдаган. Нарматова атайын кызматтын айыптоосун четке кагып, жогорку билими тууралуу диплому мыйзамдуу экенин билдирген. Ишти саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

20-январда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) президент Садыр Жапаров атайын кызматка бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун жана жарандыгын текшерүүнү тапшырганын жарыялады. Анда бул жараян 24-январда башталып үч айга созулары, мамлекеттик мекеме-министрлик, текшерүү органдарда иштегендерден сырткары Жогорку Кеңештин депутаттарына да тиешелүү экени айтылат. Атайын кызмат жасалма документтери бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз ыктыяры менен бошотууга чакырды.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы коомдо ар кандай пикирлерди жаратты. Айрымдары аны парламентке болгон кысым десе, кээси бул иштерди саясатташтырбоо керектигин белгилешет.

Президенттин маеги

Президент Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде Мадумаров менен Нарматованы кескин сындап, "коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек" деген пикирин айткан.

Мадумаров да, Нарматова да өздөрүнө байланышкан акыркы окуяларды куугунтук катары сыпаттап, саясий ишмердиги менен байланыштырып келишет.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Активисттин Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келгенде кармалганын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыккан.

Нарматова президент Садыр Жапаров абакта жатканда анын активдүү колдоочусу болгон, бирок бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап жүргөн. Президент былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Нарматованын суракка алынышына каршы болгонун маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG