Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Мадумаровдун сурагы, талаштуу протоколдун таржымалы


Парламент депутаты Адахан Мадумаров.
Парламент депутаты Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 18-январда Башкы прокуратурага үчүнчү жолу чакыртылып, соңку эки күндөн бери эртеден кечке чейин сурак берди. Президенттин 17-январдагы маегинен кийин Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун тиреши күчөгөнү айтыла баштады.

Жапаров менен Мадумаровдун тиреши

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу сурагы уланууда. Башкы прокуратура эки күндөн бери Мадумаровду эртең менен 3-4 саат, түштөн кийин да ушунча убакыт суракка алып жатат. Саясатчы 17-январда Башкы прокуратуранын имаратынан көз байланган учурда чыкканда журналисттердин суроолоруна жооп берген:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

“"Бүтүн Кыргызстанга" жасалып жаткан иш-аракеттин баары мага же Нарматовага эмес, Жогорку Кеңеште отурган жалпы депуттарга ишарат. Керек болсо Мадумаровдун өзүн дагы ушундай кылып коебуз, ошон үчүн силер оозуңарды жапкыла, бас дегенди баскыла деп ошолорду коркутуп жатышат. Мени го билесиңер Кудайдан башкадан коркпойм. Чакырып койсок ойлонор деп жатышат го. Кечирип коюшсун. Азыр күбө катары сурак берип жатам. Бирок булардын сабатсыздык доорунда статусту өзгөртүп коюшу эки мүнөт".

Адахан Мадумаров 18-январда Башкы прокуратурадан чыгып, сурак 19-январда да уланарын, тергөөнүн алкагында башка адамдар менен беттештирүү болорун айтты.


Жогорку Кеңештен алты мандат алган “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы азыр парламенттеги негизги оппозициялык күч болуп турат. Анын депутаттары Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча сурак берсе, Орозайым Нарматова, анын атасы Көчкөнбай Нарматов диплом иши боюнча УКМКга чакыртылган. 18-январда дагы бир депут Исхак Масалиев да прокуратурага кирип чыкты. Ал өзүнүн демилгеси менен чек ара протоколу боюнча сурак бергенин билдирди.

"Мен депутат болгондон кийин Мадумаровго байланышкан окуя боюнча түшүндүрмө берүүнү туура көрдүм. Андыктан өзүм суранып сурак берип чыктым. Ал жерден тергөөчүгө чек ара протоколу боюнча түшүндүрүүгө аракет кылдым", -деди Исхак Масалиев.

Сурак берип жаткан учурда Адахан Мадумаровдун бир нече тарапташтары сыртта күтүп турушту.
Сурак берип жаткан учурда Адахан Мадумаровдун бир нече тарапташтары сыртта күтүп турушту.

Адахан Мадумаров өзү 2010-жылдан бери оппозициялык маанайды карманып, андан бери мамлекеттин башына келген бийликтин дарегине сын айтып келет. Ал октябрь окуяларынан кийинки президенттик, андан соң парламенттик шайлоо учурунда Садыр Жапаровдун саясатына ичи чыкпай турганын билдирген. Буга анын соңку маектери, тарапташтары менен жолугушуу учурундагы сүйлөгөн сөздөрү далил.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев кесиптештеринин суралышын парламентке болгон кысым катары баалабай турганын айтып, себебин мындай түшүндүрдү:

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

“Жогорку Кеңешке кысым дегенди туура эмес кабыл алам. Ал жерде өзү каалаган пикирин айта алат. Адахан Кимсанбаевич Жогорку Кеңеште айткан сөздөрү үчүн эмес, буга чейинки иштеринин негизинде суралып жатат. Орозайым Нарматованын диплом боюнча иштери шайлоого чейин эле белгилүү болгон. Ал курсташтарын, документтерин көрсөтүп эле далилдеп койсун. Адахан Кимсанбаевич деле айткандарын бышыктап койсун. Ишин уланта беришет. Адахан Мадумаров менен Орозайын Нарматова жалпы парламент эмес да. Алар мүчөсү гана. Парламент 90 депутаттан турат”.

17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасы президент Садыр Жапаровдун маегин жарыялаган. Мамлекет башчынын алгачкы эки жообу Мадумаровдун айланасында болуп, Жапаров "Колуң менен кылганды моюнуң менен тарт" деген макалды мисал тарткан. Мындан улам айрым саясат талдоочулар Адахан Мадумаров менен бийликтин тиреши күчөгөнүн божомолдоп жатышат. Эксперт Эмил Жороевдун оюн угалы.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

“Бул тирештин эмне менен бүтөрүн айтыш кыйын. Кыска мөөнөттө Мадумаровду камакка алуу менен жыйынтыкталышы мүмкүн. Бирок бул чоң маселени чече турган жол деп айтууга болбойт. Сүйлөгөн сөздөрүнө караганда эки тарап тең чегинүүгө кызыкдар эместей. Мадумаровдун стили ушундай, анын башкача сүйлөп калуусу кыйын. Андан жашыраак Садыр Жапаровдун башка нукта кетиши да күмөн. Мадумаровдун сурагы соттук ишке айланып кетсе, аны токтотуп коюу да оор болот. Андыктан Мадумаров камалышы мүмкүн деп божомолдосок болот. Бирок тилекке каршы бул туура эмес болуп калат”.

Депутаттар Мадумаров менен Нарматова алгачкы жолу 14-январда сурак беришкен. Экөө тең бул окуяларды саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат.

Талаштуу протоколдун таржымалы

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидеринин прокуратурага чакыртылышына себеп болгон протоколго 2009-жылы 3-мартта Тажикстандын Кожент шаарында кол коюлган. Кыргызстандан барган делегацияны ошол учурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жетектеп барса, аны тажикстандык кесиптеши Амиркул Азимов баштаган топ тосуп алган. Документтин экинчи пунктунда кыргыз тарап Тажикстандан 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алганы жазылган. Кыргызстан ал жерге көпүрө салып, Баткен-Исфана жолун өткөргөн.

2009-жылы кол коюлган протокол.
2009-жылы кол коюлган протокол.

Сөз болуп жаткан документтин мөөнөтү 2058-жылы аякташы керек. Ал учурда Төрт-Көчөнүн тагдыры кандай болорун Мадумаров минтип түшүндүрүүдө:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

"Жердин статусу эч кандай өзгөрбөйт. Себеби протокол юридикалык күчкө ээ эмес. Жердин макамы бир гана учурда өзгөрөт. Ал - делимитация жана деморкация. Бул нерсе эки тараптуу ратификация болгондо гана ишке ашат. Бул маселе ратификациядан өткөн эмес. Тескерисинче бизден кийинки комиссиялар аталган протоколду толугу менен жокко чыгарышкан. Талаш болуп жаткан жер Кыргызстандын пайдасына чечилген. Анткени, Тажикстан жолдун эки тарабына куралчан туруп алышкан. Биз болсо талаш жер деп туруп, жол курулуш керек, жашоо токтобош керек дегенден чыккан маселе болчу".

Аталган 275 метр жер Баткендеги Көк-Таш айылында жайгашып, кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү. Ал жерден Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына алып барган жолу кесилишет. Баткен менен Лейлекти байланыштырган мурдагы жол Тажикстандын Сурх, Чорку айылдарын аралап өтүп турган. 2007-жылдан кийин Баткен облусунда көз карандысыз жолдорду куруу аракети башталган. Жаңы жолдун багыты Тажикстандын айылдарын айланып, Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө тилкесинен Лейлек районуна өтүп кетет.

Адахан Мадумаров 2009-жылы протокол кабыл алынбаса, анда жаңы Баткен-Исфана жолу курулбай, Лейлек районунун тургундары мурдагыдай Тажикстандын айылдарын (Сурх, Чорку) аралап жүрмөк деген жүйөнү айтууда.

Президент Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" сайтына берген маегинде талаштуу протокол боюнча төмөндөгүдөй маалымат берген:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Биринчиден, Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун мен Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап, "Төрт-Көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга ижарага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы" дешти. Негизи ар бир талаш жер эки тараптын макулдугу менен протоколго кол коюлуп чечилет. Эгер бир тарабы туура эмес болуп калды десе, анда кайрадан олтуруп, эки жактын тең макулдугу менен ал протокол жокко чыгарылып, башка протокол кабыл алынат. Азыр Мадумаровдун пртоколу күчүндө турат".

Протоколдо сөз болгон 275 метр жерди Тажикстан өзүнүкү деп эсептесе, кыргыз тарап талаштуу тилкелердин катарына кошуп келет. Бул маселеде Баткен-Исфана жолу өткөн Төрт-Көчө Кыргызстанга да, Тажикстанга да абдан маанилүү жер экенин түшүнүү керек. Эки өлкөнүн ортосунда чыр чыккан маалда тажик тарап Төрт-Көчөнү жаап, Лейлек району менен түз байланышты үзүп койгон учурлар кездешкен. Бир жыл мурдагы кыргыз-тажик жаңжалында дагы Төрт-Көчө бир нече жолу жабылган.

Баткен облусунун мурдагы губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов 2009-жылдагы документти туура эмес деп эсептегендердин бири:

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

“Бул маселенин эки тарабы бар. Албетте, Мадумаров кол койгон протоколдун юридикалык күчү жок. Анткени жерге байланыштуу документтерди парламент ратификациядан өткөрүш керек. Бирок ошол эле учурда документти тажик тарап жүйө келтирип, акырындык менен жерди басып алууда. Биздин бийлик болсо аларды токтоткон эмес. Аталган жер башынан эле биздики болгон. Бирок 2009-жылдан кийин талаштуу жер тилкелердин катарына кирип калды. Эгерде иликтей турган болушса, анда бир гана Мадумаров кол койгон эмес, бардык протоколдорду текшериш керек".

2009-жылы кабыл алынган чек ара протоколу Адахан Мадумаров үчүн жаралуу маселеге айланганына бир нече жыл болду. Бул документти анын саясий атаандаштары бетине кармап, шайлоо учурундагы дебаттарда дагы протоколдун айланасындагы суроолор көп берилет. Бирок окуя азыркыдай суракка чакырууга чейин жете элек болчу.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов бул протоколго баа берүү үчүн ошол учурдагы кырдаалды эске алуу керектигин айтат.

Айданбек Акматов
Айданбек Акматов

“Протокол кабыл алынган жылдары аталган жерди Тажикстан тарап көзөмөлдөп турган. Ушундан улам азыркы протокол келип чыккан. Аны ошол маалдагы өкмөт башчы, транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдор даярдаган. Андан соң эки өлкөнүн президенти Бакиев жана Рахмондун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылары кол койгон. Ал документ талаштуу делген жерден биздин жарандардын өтүүсүн камсыздоо максатында кабыл алынган. Аны азыркы бийлик саясий күрөштө пайдаланып, оппозициянын лидерин тынчытууну каалап жатат".

Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштери козголгон.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG