Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Президенттин милдети жана эскертүүсү


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону шылтоо кылып өлкөдө кырдаалды курчуткусу келген күчтөр бар экенин айтып, аларга чара көрүлө турганын эскертти.

Мамлекет башчы сөз кайсы саясий күчтөр жөнүндө экенин ачык айткан жок.

Ал арада шайлоо жарышынан чыгып калган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров тарапташтарын укугун коргоо үчүн аягына чейин күрөшүүгө чакырды.

5-сентябрда президенттик аппарат мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун "Биринчи радиодогу" кезектеги маегин жарыялады. Анда Жээнбеков шайлоо тууралуу суроого кенен жооп берип, бийлик бардык партияларга бирдей шарт түзүп берүүгө бардык күч жумшап жатканын айтты.

Президент акыйкатсыз шайлоолордон кийин өлкө эки жолу элдик толкундоону башынан өткөргөнүн эске салып, азыр дагы коомчулук арасында кооптонуу бар экенин билдирди. Сооронбай Жээнбеков шайлоону шылтоо кылып Кыргызстанда кырдаалды курчуткусу келип жаткандар көз жаздымда калбайт деди.

«Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Ачык айтып коюушум керек, ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси келгендер да бар. Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ Коопсуздук кеңешинде да так кесе айттым. Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум. Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот.

Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам, аткарам. Ошондуктан, мен дагы бир ирет эскертип кетем. Шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбайт», - деди президент.

Президенттин бул эскертүүсү оппозициялык саналган “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо жарышынан четтетилип, партиянын тарапташтары бийликке нааразы болуп турган учурга туш келүүдө.

Партия лидери Адахан Мадумаров буга чейин митингге чыгам деген тарапташтарын токтотпой турганын кыйыткан болчу. Ал эми 5-сентябрдагы билдирүүсүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин сотко берүүдө тоскоолдуктар жаралганын айтты. Ошондой эле Мадумаров тарапташтарына “алдыда чоң күрөш бар” деп кайрылды.

«Кечээ шаардык сотко материалдарды жибергенбиз. БШКдан документтерди алгандан кийин кошумча жиберебиз деп кат жаздык. Шаардык сот кандай чечим чыгара турганы белгисиз. Биз соңку кадамыбызга чейин күрөшөбүз, ишениңиздер. Өз укугубуз, мамлекетибиз, келечегибиз үчүн күрөшчү мезгил. Алдыда чоң күрөш бар», - деди Мадумаров.

Президенттин билдирүүсү социалдык тармактарда ар кандай талкууга жем таштады.

Журналист Семетей Талас уулунун пикиринде коомчулук арасында пандемияда маалында жаралган протесттик маанай сакталып турганын белгилеп, шайлоодо жана шайлоодон кийин утулуп калган партиялар коомчулукту көтөрүүгө аракет кылат.

Семетей Талас уулу кырдаал бийликтин шайлоону кандай өткөрө турганынан көз каранды экенин белгиледи.

«Чынында эл арасында нааразы болгон катмар бар. Эгерде шайлоо акыйкат өтпөй калса, утулуп калган партиялардын жер-жерлердеги үгүтчү, тарапташтары элди көчөгө чыгарышы мүмкүн. Азыр партияларда акча бар да. Анан ага пандемиядан кийин нааразы болгон эл кошулуп кетиши мүмкүн».

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова шайлоо маалында президентти эскертүү маанайдагы билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырат. Укук коргоочу мамлекет башчы божомолдор менен эмес, так фактылар, иш-аракеттер менен элди акыйкат шайлоо өтөрүнө ишендириши керек деди.

Азиза Абдрасулова.
Азиза Абдрасулова.

«Президент “мындай күчтөр бар” деген сөздөрдү айткандан алыс болуп турса жакшы болмок. Бул жоромол. Муну ашканада отуруп алып биз айта берсек болот. Президент мыйзам жана факты менен айтышы керек. Мен президенттен “баары акыйкат өтөт” деген сөздү жана аракетти күтөм».

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-октябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер кылып каттады. 4-сентябрдан тарта шайлоого талапкер партиялар үгүт иштерин баштады. Азырынча жер-жерлерде бийликчил партиянын административдик ресурс колдонуп жатканы жөнүндө ар кандай маалыматтар айтылганы гана болбосо жалпы жолунан үгүт иштери тынч башталды.

БШКнын чечими, «Бүтүн Кыргызстандын» эртеңи
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:45 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG