Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Парламент "Кумтөрдөн" ачыктыкты талап кылды


Каникулдан кийинки Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны.
Каникулдан кийинки Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны.

1-сентябрда Жогорку Кеңештин жайкы тыныгуудан кийинки биринчи жыйыны өтүп, ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышты. Жыйында айрым депутаттар Кумтөр маселесин көтөрүп, сыртка сатылган алтын боюнча өкмөттүн толук маалымат берүүнү талап кылды. ​

Акылбек Жапаров алтын кен боюнча кыскача жооп берип, өкмөт жакын арада бир жылдык отчет менен парламентке келе турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин жайкы каникулдан кийинки алгачкы жыйыны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сөзүнөн кийин жыйынтыкталып, иш тармактык комитеттерде уланмак. Бирок депутаттар Кумтөр боюнча маселе көтөрүп, алгачкы сессия пландалган мөөнөттөн узарып кетти.

Депутат Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин төрагасына мындай деп кайрылды:

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

“Акылбек Үсөнбекович, азыр сиз отчёт бердиңизби? Кандай болгонун түшүнбөй калдык. Сиз дагы келесиз да, бир топ маселе бар. Жер-жерлерге барып, көйгөйлөрүн көрдүк. Биз сунуштаган маселелер боюнча акча бөлүнбөй турат. Каникул учурунда көптөгөн сөздөр болду. Буга чейин жакшы болуп аткан Кумтөр боюнча маселелер бар. Суроо-жоопту качан кылабыз, төрага”.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Акылбек Жапаровдун Жогорку Кеңешке куттуктоо сөзүн айтканы келгенин, маселелер келерки жыйында көтөрүлө турганын айтты. Андан кийин сөз алган депутат Шайлообек Атазов да Кумтөрдүн алтынын кеп кылды.

“Кыска суроого жооп берип койсунчу. “Азаттыктан” чыгып жаткан 19 тонна алтын боюнча маалымат туурабы же туура эмеспи?”, - деп суроо салды.

Кумтөрдүн алтынына байланыштуу коомдогу талкуулар июль айында Улуттук статистика комитети 2021-жылдагы тышкы сооданын көлөмү боюнча маалымат жарыялагандан кийин башталган. Анда Кыргызстан сыртка 24,8 тонна алтын чыгарганы, анын 19,2 тоннасын “белгисиз өлкө” сатып алганы жазылган эле. Ошол эле учурда “Кыргызалтындын”, Улуттук банктын жана “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын маалыматтары ар түрдүү, алтургай карама-каршылыктуу болгон.

“Биз бир жылдык отчетубуз менен келебиз. Экинчи сессияда бизди чакырып, суроолорго жооп алууга сиздерде далай мүмкүнчүлүк болот. Алтын тууралуу сиздерге жооп берүүгө даярбыз. Маалымат агенттиктердин бири-бирибизди тукуруп, ошол алтындын тегерегинде чырылдашып калсын дегенине жол бербейбиз. Бизде так маалымат бар, алтын оюнчук эмес да. Бир милиграммына чейин эсепте", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Кумтөрдүн алтынына байланыштуу маселе боюнча Садыр Жапаров да үн каткан. Ал Кыргызстандагы бардык кендердин алтыны Улуттук банк аркылуу четке сатыларын, кайсы убакта кайсы өлкөгө кетип жатканы тууралуу маалымат ачык айтылбай турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламент Кумтөр боюнча өкмөттүн маалыматын угуш керек деген ойдо.

“Жайында президент келип “Эсеп палатасы текшерип жатат, күзгө чейин текшерип бүтөт. Жыйынтыгын алганга силерге жиберебиз” деген. Андан тышкары бизде Эсеп палатасынан толук маалымат алганга укугубуз бар. Кумтөр бизге өткөндөн бери кандай иштеп жатат? Канча алтын казылды, кимге сатылды? Бизде эч кандай маалымат жок. Андыктан биз бул маселени көтөрөбүз. Акырында кенен маалымат алабыз деп ойлойм”.

Алтынга байланыштуу талкуу жаңы башталганда Улуттук банк Кумтөр өндүргөн алтынды сатууга тиешеси жок экенин билдирген. Бирок 26-августта кайра билдирүү таратып, баалуу металлдар менен жүргүзгөн операциялар жөнүндө маалыматтар купуя экенин, аларды ачыкка чыгарууга мыйзамдарда чектөө бар экенин кабарлаган.

Депутат Балбак Түлөбаев алтынга байланыштуу окуяга этияттык менен мамиле кылуу керек деп эсептейт.

Булбак Түлөбаев.
Булбак Түлөбаев.

“Кумтөрдүн элге өтүшүн канча көксөп жүрдүк эле, алдык. Элге эмне жагат деги? Ага тиешелүү алтынды Улуттук банк, өкмөт көзөмөлдөп атат. Бул жерден уурдоо мүмкүн эмес. Убагында биздин алтын сатуу укугубузду алып койгон. Бирок ошол учурда экономиканы, элди багыш керек эле да. Кандайдыр бир жолдор менен саткан. Эми ушуну тынч бойдон эле койсок. Алтын сатылгандан кийин сөзсүз түрдө акча бюджетке келет. Бул жерден жеп алыш мүмкүн эмес”.

23-августта Кумтөрдү соңку бир жылдан бери башкарып келаткан Тенгиз Бөлтүрүк ишкананын финансылык директору менен бирге кызматтан алынган. Андан соң Акылбек Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасын сырттан башкарууну тартибин жокко чыгарган буйрукка кол койгон.

Документте "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги жана анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк эки апта ичинде Кумтөрдө аткарылган иштер боюнча отчёт бериши керектиги көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Нуржигит Кадырбеков бир жылдан бери Кумтөр “купуя режимде” иштеп атканын айтты.

“Мурда канадалыктар ай сайын деталдуу отчет берип, аны интернетте илинип турат эле. Өзүбүзгө өткөндөн бери бир эле Бөлтүрүктүн сөзү булак болуп калды. Башка эч нерсе жок. Мен маселени буга чейин да көтөргөм. Эми өкмөттүн отчёт сурап атканы жакшы болду. Биз да талап кылабыз. Анткени Кумтөр бюджетти түзө турган ресурс болуп эсептелет”.

Кыргызстан Кумтөр алтын кенин 2021-жылы май айынан бери башкарып келет. Ошондон бери канадалык компания менен тиреш жүрүп, быйыл 29-июлда алтын кенди өзүнө өткөрүп алганын тастыктаган документтерди алмашуу жол-жобосу биротоло аяктаганы жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG