Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Бишкекте каракталган жолтандабас Ошто прокурор колуна кантип тийди?


Бишкекте каракталган жол тандабас Ош прокурорунун колуна кантип тийди?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00

Бишкекте каракталган автоунаа үч-төрт күндөн кийин Ош шаарында прокурор Алмазбек Абжалиев айдап жүргөндө табылганы суроо жаратты. Машине 34 жаштагы бишкектик тургунга таандык. Атасынын айтымында, карактагандар аны токмоктоп кетишкен, азыр ооруканада жатат. Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары териштире баштады.

Бир жума мурун белгисиз жарандар Бишкек шаарынын тургунун сабап, автоунаасын тартып алышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары колго түштү.

Өзүн Адылбек деп тааныштырган Бишкек шаарынын тургуну каракталган кымбат баалуу жол тандабастын ээсинин атасы. Ал уулун 4-апрелде белгисиз жарандар сабап, автоунаасын тартып алганын, азыр ооруканада жатканын айтып берди:

"Мурду сынган, баш мээси чайкалган. Коркунчаак болуп калды, жүрөгү түшүп калыптыр”,- деди ал.

Бишкекте каракталган Range Rover автоунаасы Оштон табылган.
Бишкекте каракталган Range Rover автоунаасы Оштон табылган.

Атасынын айтымында, 2021-жылы чыгарылган, базар баасы болжол менен 100 миң доллардан ашык бааланган Range Rover автоунаасын баласы чет өлкөдөн алдырган. Аны сатууну көздөп, сатыкка койгон. Машинени ала турганын айткан адамдар 3-апрелде уулун Бишкек шаарынын Көк-Жар конушу тарапка чакырган. Кездешүүгө барган соң белгисиз жарандар аны сабап, автоунаасын тартып алышкан айтып берди.

Маалыматтарда кылмышка шектүүлөр машиненин ээсин сабаганы, бир күн бою өздөрү менен алып жүргөнү айтылууда. Милиция окуяга шектүү беш кишинин үчөөсүн кармап, экөө изделип жатат.

Автоунаа үч-төрт күндөн кийин Ош шаарынан табылган. Жабыркаган тарап машине Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Алмазбек Абжалиев айдап жүргөн учурда табылганын айтууда:

“Машине Ошко жеткен. Прокурор ачкычын алып, буларды кое берген. Прокурор өзү жашап жаткан үйүнүн жер төлөсүнө машинени коюп койгон. "Машине табылды" дегенден кийин мен да барып калам, запас ачкычын алып. Түнкү 23:45те прокурор машинени минип чыгат. Ошол учурда оперлер барып кармашат. Оштун оперлерине прокурор буйрук берип, басым кылат”, - деди жолтандабастын ээсинин атасы.

Сөз болгон Алмазбек Абжалиев өз дарегине айтылгандарды четке кагып, издөөдө жүргөн жол тандабасты кантип айдап калганын мындай түшүндүрүп берди:

Алмазбек Абжалиев.
Алмазбек Абжалиев.

“Ал машинеге да, кылмышка да эч кандай тиешем жок. Машинени коңшу жашаган бирөө коюп турайын, мен алыстамын дегенинен эле макул дегем. Ачкычын берип, бирөө алып кетет деп, бирок алып кете элек эле. Ошол учурда милиция кызматкерлери келип, бул машине издөөдө жүрөт дегенинен өзүм алып барып токтоттум. Негизи болгон окуяга, машинеге тиешем жок”.

Окуянын чоо-жайын азыр укук коргоо органдары териштирип жатат. Ош шаардык милициясы иш кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатканын кабарлады.

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

“5-апрелден 6-апрелге караган түнү Ош шаардык милициясынын кылмыш иликтөө кызматкерлери Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жол тандабас унааны кармап келишкен. Бул боюнча иш жүрүп жатат. Кийинчерээ толук жооп беребиз”, - деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Башкы прокуратура Алмаз Абжалиевдин чуулгандуу окуяга катышы боюнча ички иликтөө жүргүзүп жатканын маалымдады.

Алмазбек Абжалиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 1993-жылдан 2005-жылга чейин бажы тармагында жетекчи кызматтарда иштеген Алиярбек Абжалиевдин бир тууган иниси. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.

2018-жылдын этегинде Абжалиевдин бир тууганы Ыктыярбек Абжалиев "Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Коомчулукта кызуу талкууга алынгандан кийин ал кызматын өткөрүп берген.

Кыргызстанда акыркы айларда криминалдык чыр-чатактын же кол салуунун айынан адам өмүрү кыйылган учурлар катталууда.

Бул окуянын алдында эле World Population Review порталы Кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялап, анда 136 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 31-орунду (индекси 56,87%) ээлеген. Кылмыштуулук боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган беш өлкө - Венесуэла, Папуа-Жаңы Гвинея, Түштүк Африка, Ооганстан жана Гондурас. Бул мамлекеттерде уюшкан кылмыштуулук, талап тоноочулук, зомбулук жогорку деңгээлде экени көрсөтүлөт.

Борбор Азиядан Казакстан 40-орунда, Өзбекстан 99-орунда турары белгиленген.

Кылмыштуулук деңгээли эң төмөн өлкөлөрдүн сап башында Катар, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Швейцария, Жапония, Норвегия, Дания жана Жаңы Зеландия бар.

АКШда катталган World Population Review индекси дүйнөдөгү калктын саны, төрөлүү, өлүм статистикасы, миграция, кылмыштуулук сыяктуу бир катар рейтингдерди чыгарат.

Буга чейин Белградда жайгашкан Numbeo сайты 2022-жылы дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээлеген.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG