Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Бишкек: мобилизация батир акысын көкөлөттү


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Соңку айларда жашаган батиринен чыгып калып, үй издегендердин саны арбыды. Адистер буга Орусиядагы мобилизациянын таасири тийип жатканын белгилейт.

Ал арада Орусиядан келгендердин 20 миңден ашыгы расмий каттоого туруп, Ош, Бишкек жана Ысык-Көлдө жашап жатат. Бирок бул сан эки-үч эсеге көп болушу мүмкүн экени айтылууда.

"Үйдү бошот, сатыкка коем"

Ош базарындагы үч радио түйүнгө келгендердин көпчүлүгү ижарага батир издеп, убайым тарткандар. Адатта бул жерде баасы капчыкка туура келген, анча кымбат эмес турак жайлардын узун тизмеси илинип турчу.

Орто жашаган үй-бүлөлөрдүн көбү ушу жерден Бишкектин жака белинен өзүнө ыңгайлуу батир табат. Бирок азыр андай батир табуу оңой болбой калыптыр. Жарнамага илинген үйлөрдү ашып кетсе эки-үч күндө ижарага алып кетишүүдө.

Бишкек гуманитардык университетинин студенти Аймен да 1,5 айдан бери капчыгына жараша үй таппай жүрөт. Аймен сабактан чыгып алып, түштөн кийин үй издөө менен алек.

"Азыр алысыраак эжемдин үйүндө туруп атам. Былтыр 5 миң сомдон төлөп, курбу кызым экөөбүз бир бөлмөлүү батирде жашаганбыз. Быйыл ал үйдө башкалар жашап атат. Өзүм иштебейм, ата-энем 5 миң сомдон ашык акча бере албайт. Айлам кетип турат, үч-төрт кыз менен чогуу жашайын десем мага ыңгайсыз. Туугандардын үйү окуумдан бир топ алыс, алар деле студент баккандан качып турат. Он миң сомдук батирлерди быйыл 25 миң деп атышат. Бирок кыйраткан деле шарты жок, мисалы муздаткыч да коюлган эмес. Каалабасаң өз эркиң деп үй ээлери кардар тандап турган кези".

Студенттер эле эмес көп балалуу үй-бүлөлөр да кыйналууда. 37 жаштагы Мээримдин төрт баласы бар, анын экөө шаардагы №14 мектепте билим алат, дагы экөө бала бакчага барат. Ыңгайына карап үч жылдан бери аталган мектептин тегерегинде 16 миң сомдук батирде жашап келген жалгыз бой келин үйүн сентябрь айында бошотуп берди. Ага кожоюндун "үйдү сатам же акысын көтөрөм" дегени себеп болгон.

"Сентябрда чалып, "үйдү бошот, мен сатыкка коем" дегенинен башка аргам жок экенин айтып, жашап турууну өтүндүм. Уруксат бергени менен 16 миң сом төлөп келген эки бөлмөлүү батир акысын 35 миң сом деп айтты. Мен кеңседе менежер болуп иштеп араң 25 миң сом алам. Аргам кетип отуруп, бир жумадан кийин үйүн бошотуп бердим. Жалгыз бир тууган иним бар, кызы, келинчеги менен ижарага алган үйдө турат. Уятымды жыйыштырып, анын үйүнө бардым, төрт балам менен бир бөлмөсүндөбүз. Иним мени аяп акча төлөткөн жок, бирок күнүмдүк азык-түлүк менин моюнумда".

Мурда 20 миң сомдон төлөп келген Мээримдин иниси эки бөлмөлүү батирге айына азыр 25 миң сомдон бере баштады. Бул суммадан сырткары коммуналдык төлөмдөр өзүнчө эсептелет.

"Үйлүү болуу кыял бойдон калууда"

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалгыз бой эне үйлүү болсом деген кыялы менен жашаганы менен Мээримдин тапканы күнүмдүк чыгымдардан артпайт.

"Төрт баламды ээрчитип аймактан келгениме үч жыл болду. Мамлекеттик ипотека алайын дегем, 30% алгачкы төлөмүн да бериш керек деп айтканынан отуруп калдым. Кээ бири малын сатып, каткан акчасын чыгарып алганын көрүп атам дечи, менин чамам ага жетпейт. Анын үстүнө күйөөм эки жылдан бери алимент төлөбөйт, болбосо төрт балага чыгып жаткан 6,5 миң сом деле тыгынчык болуп берчү. Ипотекалык компаниядан кезекке туруп кое бер, бат эле аласың деп айтышты эле, бирок үйлүү болуу кыялым бойдон калууда. Ал эмес ижарага үй таппай бушайман болуп турам".

"Эки эсе кымбаттаган батирге да суроо-талап күч"

Интернетте да батир сатып, ижарага бергендердин көбү риэлтордук компаниялардын кызматын пайдаланат. Бул батир ээси үчүн ыңгайлуу. Анткени ылайыктуу кардарды компания өзү таап берет.

Алардын айрымдарына байланышып, учурдагы бааларды билгенге аракет кылдык. Алгачкы маалымат берген кеңешчилер батирлердин эң арзаны 20 миңден экенин айтып, айрым үйлөрдү 3 миң долларга чейин берүүгө үлгүрүп атканын айтышты.

"Шаар ичинде, акимиат, мэрияга жакын жерде бир бөлмөлүү батирлер 30-35 миң сом, шаар четинде, жаңы конуштарда бул баа 5 миң сомго гана төмөн. Эки бөлмөлүү болсо 40-45 миң сом болуп атат".

"Азыр сезон, студенттер аймактардан келсе, мобилизациядан качкандар Орусиядан келип атат. Баа дароо көтөрүлүп кетти, биз өзүбүз да буга таң калып жатабыз. 30 миң деген батирди кардарлар 35 миңге алып кетүүдө. Азыр шартына, үйдүн жайгашкан жерине да карагандар жок, иши кылып бош болсо эле ыраазы. Риэлтордук кызматыбыз үчүн миң сом төлөшөт да бир жумага жетпей үй таап бер дешет, биз аларга ыңгайлуусун караштырып жатабыз. Күнүнө жүзгө жакын жарнама келсе, дээрлик жарымына кардар бир күндө табылат".

"Сиз айтып жаткан 10-12 миң сомдук батирлер жай айынан бери жок. Бул баага жараша үйлөр шаардын жака белиндеги айылдардан же болбосо эски, эч шарты жок жер тамдардан табылат. Азыр эле 104-сериядагы эки бөлмөлүү батирди "Чыгыш 5" кичи районунан 40 миң сомго бердик. Ичиндеги оокат-жайы эски, ремонту жок үй болчу".

"Салык менен маселе чечилбейт"

Мамлекеттик салык кызматы апта башында батирин, үйүн ижарага бергендер салык төлөшү керектигин эскертти.

Салык кызматы мыйзамга ылайык, батирин же үйүн ижарага бергендер салык төлөөгө милдеттүү экенин белгилейт. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өзү тандайт.

"Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот. Салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттемелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат. Бардык жарандарды турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдирүүнү чакырабыз. (0312)613189, (0779)613189 (WhatsАpp) ишеним телефону аркылуу жана 116 номери боюнча, ошондой эле аймактык салык органдарына билдирүүгө болот. Салык төлөбөгөнү аныкталган учурда тиешелүү чара көрүлөт", - деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл сегиз ай ичинде батирин же үйүн ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 миллион сом салык төлөдү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 миллион сомго көп.

Мамлекеттик салык кызматынын мындай кадамын сындагандар аз эмес. Алар мындай жаза ижара акысынын жогорулайт деп жатат. Себеби, мындай учурда батир ээлери салыкты өз чөнтөгүнөн чыгарбай, ижарачынын мойнуна илген учурлар бар.

Жарандык активист Руслан Акматбек турак жай маселесин өлкөдөгү экономикалык маселелердин жыйындысы деп атап, укуктук маселелерди чечмейинче абал курчуй бере турганын айтты.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Ижарага берген адам менен ижарага алган адамдын ортосунда келишим түзүлбөйт, үй ээси каалаган баасын коюп, кардар тандайт. Инфляциянын да таасири болуп атат, бирок ушуга жараша айлык акы, пенсия жана жөлөк пул көтөрүлгөн жери жок. Бир эле багытта иштеп коюп, анан маселени жөнгө салууга болот деген бул жаңылыштык. Көз карандысыз уюмдар баарын анализдеп, орто бааны чыгарып берсе болот. Ошол эле көп кабаттуу үйлөрдөн эки-үчтөн батир алып, аны ижарага берип отургандар көп, бирок алар мыйзам алдында салыгын төлөп, социалдык фондду да өз убагында берген жери жок, ким аларды жазага тартты? Ошондуктан мамлекеттик ипотекалык компаниянын шарттарын жеңилдетип, карапайым элге үй алуусуна көмөкчү болуу зарыл. Андан сырткары, шаардагы көп кабаттуу үй салган курулуш компаниялардын уруксат кагаздарын да жеңилдетип, аларды сапаттуу, элдин капчыгына туура келген үйлөрдү курууга шыктандырса болот".

Соңку кездери Кыргызстанга Орусиядан келген жарандар көбөйүп, мындан улам Бишкекте батирдин, үйдүн ижара акысы кымбаттап кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG