Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Мобилизация: Бишкекте мейманкана толуп, батир кымбаттады


Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин миңдеген орусиялыктар коңшу мамлекеттерге чыгып кетип жатышат. Соңку бир аптада Кыргызстанга эле жүздөгөн орус жараны келди. Мындай кырдаалда авиабилеттердин, батирлердин ижара акысы көтөрүлүп, мейманканаларда бош орун дээрлик калган жок.

Асман чапчыган авиабилеттер

Мобилизация жарыялангандан кийин авиабилеттердин баасы кескин көтөрүлүп, ушул тапта 150-200 миң сомго чейин жетүүдө. Олег согушка тартылуудан чочулап Москвадан Ысык-Көлгө ишемби күнү учуп келген. Ал бул багыт боюнча билетти 155 миң сомго сатып алганын айтат.

"Билетти 155 миң сомго алдым. Жума күнү билеттердин баасы болуп көрбөгөндөй өстү. Себеби аны сатып алгандардын саны кескин көбөйүп кетти. Жетишпей калгандар эң кымбат билеттерди алууга мажбур болушту. Дүйшөмбү күнү бир аз арзаныраак билет менен келсем деле болмок. Бирок тобокелчиликке барбай, эрте эле келе берүүнү туура көрдүм".

Олег Кыргызстанга келери менен дароо батир издей баштаган. Ал жергиликтүү бааларды билбегендиктен, кээде шылуундарга туш болгонун, бааларды өтө эле кымбат сунуштап жатышканын айтты.

"Башында "Лалафо", "House.kg” сыяктуу атайын сайт-тиркемелерден карап жаткам. Кийин Телеграмдагы тайпаларга кошулуп, ошол жактан издей баштадым. Ал жерге өз маселемди жазып, шылуундарга туш болуп калып жатканымды, кымбат баа сунуштап жатышканын айтып жаттым. Натыйжада бир аял октябрдын ортосуна чейин батирин берүүгө көндү. Эми ал жакка жайгашып алып, кайра башка батир издей баштайм. Жаңы келгенде 600-700 доллар сунуштап жаткандар азыр 1000-1200 доллар сурай башташты. Дагы ошончо сумма "депозит" катары калтырышым керек экен. Алты айга беребиз, андан эрте көчүп кетсең, депозитти кайтарбайбыз деген да шарттарын коюп жатышат. Эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун".

28-сентябрга карата Москва-Бишкек каттамдарынын баасы.
28-сентябрга карата Москва-Бишкек каттамдарынын баасы.

"Батирдин ээси ижара акысын 100 долларга көтөрдү"

Социалдык тармактарда орус жарандарынын көп келишине байланыштуу батирлердин ижара акысы кескин көтөрүлүп кеткенин жазып жаткан колдонуучулар арбын. Алар жеке окуялары менен бөлүшүп, батир ээлери менен болгон сүйлөшүүлөрүн жарыялап жатышат.

Ишкер Анжела Эшбаева 7 жылдан бери үй-бүлөсү менен эки бөлмөлүү батирде турат. Буга чейин ал ай сайын 21 миң сом төлөп келген. Эми батир ээси ижара акысын 100 долларга көбөйтүп, эгер жаңы шартка макул болбосо, көчүп кетүүгө бир ай убакыт бергенин айтты.

"Мен бааны көтөрөрүн күтүп жаткам. Бирок ал буга барат деп ойлогон эмесмин. Мен үчүн жагымсыз болду. Себеби пандемия учурунда да арзандатып беришин сураганыбызда көнбөй койгон. Кийин анын маселеси жаралганда да жардам иретинде алдын ала төлөп, каралашканбыз. А мунусунда ал жөн гана билдирүү жазып койду. Биз бааны 30 миңге көтөрүп жатабыз, туура келбесе, бир ай беребиз, батирди бошотуп койгула деди".

Ал эми англис тили мугалими Гүлсара Мадаминова акыркы окуялардын фонунда батирлердин баасы кескин көтөрүлүп, талаптары катаалдаганын белгилейт.

"Мен август айынын аягында Жал кичи районунан батир издеп, шарты орточо эки бөлмөлүү батирдин айлык ижара акысы 18 миң болчу. Азыр ошондой эле батирлердин баасы эки эсе кымбаттады. Азыр эки бөлмөлүү батирди 18 миңге табуу дээрлик мүмкүн болбой калды. Бир бөлмөлүү батирлер эле 25 миң деп турат. Биз бир баласы бар жаш үй-бүлөбүз. Батир издеп жатабыз. Айрым батир ээлери баласы жок үй-бүлөлөргө беребиз деп талап коюп жатышат. Баанын кымбаттыгы жана ушундай реалдуу эмес талаптар капа кылып жатат".

Мейманканаларда болсо орун жок

Орус жарандарынын көп келиши менен Бишкекте мейманканаларда да орундар калган жок. Booking.com мейманканалар жана апартменттерди брондоо сайтында ушул тапта Бишкек боюнча он чакты гана орун бар экенин, шаардын дээрлик бардык мейманканалары толгонун көрүүгө болот. Шаардагы айрым мейманканалар "меймандардын купуялуулугун бузат" деген жүйө менен азыркы кырдаал жөнүндө "Азаттыкка" пикир билдирүүдөн карманышты.

Booking.com сайты.
Booking.com сайты.

Ал эми ишкер Данияр Аманалиев орус жарандары бир гана Бишкек шаарына эмес, аймактарга да келип жаткандыктан, өзүнүн Ololo Ak Jol пансионатынын иштөө убактысын узарткан.

Данияр Аманалиев.
Данияр Аманалиев.

"Биз учурда Ысык-Көлдө эки пансионат иштетип жатабыз. Биринчиси Ololo Family 12 ай иштейт. Ал жерге жаңы адамдар келип жайгашып жатышат. Ошондуктан биз "Ак жолду" да жаппай, азырынча октябрь айынын аягына чейин иштетели деп чечтик. Азыр келгендер өтө көп эмес. Бирок билдирме калтырган жарандардын саны көп. Азырынча 50-60тын тегерегинде жаңы келгендер бар".

Данияр Аманалиев мүмкүнчүлүгү бар башка пансионаттар да ушундай чечим кабыл алууга шарты бар экенин айтат.

Эске салсак, 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG