Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Орусия чек араларда аскерге чакыруу тарата баштады


Аскерге чакырылган жаран аялы менен коштошууда.
Аскерге чакырылган жаран аялы менен коштошууда.

Орусиянын бийлиги мобилизациядан качкандар көп өтүп жаткан чек ара бекеттеринде мобилдик аскердик комиссариаттарды коё баштады. Кара микроавтобустар Казакстан, Грузия жана Финляндиянын чек араларында пайда болду. Алар жеринен аскерге милдеттүү курактагыларга дароо армияга чакыруу тапшырып жатканы кабарланды.

Казак-орус чек арасы

Орус-казак чек арасындагы «Кара өзөк» чек ара бекетинде мобилдүү аскердик комиссариат пайда болду. Бул тууралуу Астрахан облусундагы аймак жетекчилиги билдирди.

"Бул жерде өлкөдөн чыгып кетүүнү каалагандардын узун кезеги пайда болду. Алардын арасында аскерге милдеттүү курактагы эркектер көп. Атайын ачылган пунктта документтерди текшерип, аскерге милдетүүлөрдү чыгарбай жатышат", - деп айтылат администрация тараткан билдирүүдө.

Орус-казак чек арасында орусиялыктар орто эсеп менен эки күн туруп, өтүп жатат. Кезек күткөндөр шамалдан далдаа кылып желим баштыктардан чатыр тигип, отко тамак жасап өзөк жалгашууда.

Астана Казакстанга качып келгендердин саны бир аптада эле 100 миңден ашканын билдирди. Алардын 65% коңшу өлкөлөргө чыгып кеткени кабарланды.

Астрахан облусундагы орус-казак чек арасындагы "Кара өзөк" чек ара өткөрмө бекетинде кезек күткөндөр.
Астрахан облусундагы орус-казак чек арасындагы "Кара өзөк" чек ара өткөрмө бекетинде кезек күткөндөр.

Грузин-орус чек арасы

Ушундай эле мобилдик аскердик комиссариат грузин-орус чек арасындагы Жогорку Ларс өткөрмө бекетинде пайда болду. Азырынча ал жактан аскерге чакыруу берип-бербей жатканы белгисиз.

Бирок Грузия менен чектешкен Орусияга караштуу Түндүк Осетиянын жетекчилиги аймакка кире бериште аскерге милдеттүүлөргө чакыруулар тапшырылып жатканын билдирди. Бул тууралуу республиканын башчысы Сергей Меняйло Телеграмдагы каналына жазды.

"Атайын мобилдик оперативдик топтор түзүлдү. Алар республикага киргендерди текшерет. Эгер жаран аскерге милдеттүү болсо, федералдык тизмеге ылайык ага чакыруу тапшырылат. Бул бир гана Түндүк Осетиянын аймагында эмес, башка жактарда каттоого тургундарга да тиешелүү. Аскердик комиссариаттарга Коргоо министрлигинен аскерге милдеттүүлөрдүн тизмеси берилет".

Меняйло ошондой эле аймакка Орусиянын башка облустарында каттоодо турган автоунааларды кое берүүгө тыюу салды.

Ушу тапта грузин-орус чек арасындагы Жогорку Ларс өткөрмө бекетинде кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөйт, айрым эсептерде 20 чакырымга жетет. Жөө-жалаңдап өтүүгө аракеттенгендер бир суткадан ашык турса, автоунаа менен жолго чыккандар бир нече күн чек арада саргайып турууга аргасыз.

Орусиядан чыгып кетүүнү көздөгөндөр тамак-аш, суу калбай калганын айтышууда. Чек ара бекетиндеги кырдаалды "гуманитардык катастрофага" салыштыргандар да бар. Ал жакта же дүкөн жок, жол жээктерине таштанды үйүлдү. Кезекте тургандар туш келди жерге дааратканага барууга аргасыз. Мындан улам айрым ыктыярчылар тамак-аш, ысык чай, керектүү дары-дармек таратууда. Ага кошулуп, бул жерде мобилдүү аскердик комиссариат пайда болгону кабарланды.

Ошол эле маалда чек аранын аркы тарабында грузин оппозициясынын өкүлдөрү орусиялыктарды киргизбөө талабы менен акцияга чыгышты.

"Дроа" оппозициялык партиясынын мүчөсү Гига Лемонжабанын айтымында орусиялыктарга Грузияда банк эсебин ачууга, кыймылсыз мүлк сатып алууга, убактылуу жана такай жашоого мүмкүнчүлүк берилбеши керек.

Оппозиция өкүлдөрү орустар Грузияга көп келсе, кийин Москва аларды "бошотуу" деген шылтоо менен өлкөнү басып алышы мүмкүн деп кооптонушат. Ал эми орус бийлиги чек араларга мобилдик аскердик комиссариаттарды коюп, аскердик каттоодо тургандарга ошол жерден чакыруу тарата баштады.

Орусия-Финляндия чек арасы

Ленинград облусунун Финляндия менен чектешкен аймагындагы "Торфяновка" чек ара бекетинде да мобилдүү аскердик комиссариат коюлду. 47news басылмасы белгилегендей, ал жакта "жарым-жартылай мобилизацияга" туура келген жарандарга чакыруу берилип атат жана ал жерде каалоочулар өз ыктыяры менен келишимдик негизде армияга жазылса болот.

Финляндия менен чек арадан соңку күндөрү 40 миң орусиялык өттү. 29-сентябрда фин өкмөтү Орусиянын жарандарына туристтик виза менен кирүүгө чектөө киргизери күтүлүүдө.

Орусияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган. Украинага кол салгандан кийин жоготууну толтуруу максатында жарыяланган мобилизация орус жарандарын жапырт сыртка качууга мажбур кылды.

Орусиянын ондогон шаарларында каршылык акцияларына чыккан 3 миңдей киши кармалды. Айрым шаарларда аскердик комиссариаттарды өрттөө, кол салуу аракеттери катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG