Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

"Мурдагыдай бошотпойбуз". Ташиевдин үлкөндөргө эскертүүсү


Пара катары сунушталган акча. 25-ноябрь, 2022-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык)
Пара катары сунушталган акча. 25-ноябрь, 2022-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык)

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жакынкы күндөрү чоң аткаминерлер камаларын билдирди. Ал бул тууралуу 25-майда "Регион" телеканалына курган маегинде айтты. Анда коррупцияга каршы күрөш, анын экинчи айлампасы тууралуу кеңири сөз кылды. Ташиевдин маегиндеги айрым карама-каршы билдирүүлөрү талкууга жем таштады.

"Бул кызматта түбөлүк отурбайм"

Камчыбек Ташиев өзүнө жакын "Регион" телеканалындагы маегинде адегенде Фейсбукта жазган билдирүүсү жана андагы "убактысы аз калганы" тууралуу туюк сөзүнө түшүндүрмө берген. Анда бул кызматта түбөлүк отурбай турганын, баштаган иштерди аягына чыгарууга үлгүрүү керек деген мааниде айтканын белгилеген.

"Улуттук коопсуздук кызматын башкаруу убактысы менде дагы азайып жатат. Бул жерде түбөлүк же 10-15 жыл отурбайм. Отурайын деген күндө деле андай мүмкүнчүлүк болбошу мүмкүн. Демек, шашып, бардык пландаган иштерге үлгүрүп калышыбыз керек. Мен мамлекеттин кызыкчылыгындагы иштерди аткарып жатканда, бирөөлөрдүн суранычын аткарбай койсом "ушул жерде түбөлүк отурам деп ойлоп атасыңбы" деген суроону көп беришет. Мен аларга дагы мен бул жерде ондогон жылдар бою отурайын деген оюм жок экенин айтам. Ушул комитетти башкарып жаткан маалда көп нерсеге үлгүрүп калышым керек. Коррупционерлердин, бандиттердин тамырын кыркышым керек. Жумуштан кеткенден кийин ошол адамдар коомузга зыянын тийгизбегендей болсун. Мен үчүн ар бир саат өтө кымбат. Өзүм дагы, кол алдымдагы кызматкерлер дагы күнү-түнү иштейт", - деген Ташиев.


Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн биринчи этабы оор болгонун дагы бир жолу айткан. Мындан ары паракорчулукка шек саналып кармалгандарга, уюшкан кылмыш топтордун өкүлдөрүнө, шылуундарга мыйзамдагы эң жогорку жаза берилерин, жеңилдетилген жагдайлар болбой турганын эскерткен.

"Биз жаңы келгенде мамлекеттин бардык тармагы кооптуу абалда болгон. Уюшкан кылмыш топтор менен биригип, бул топтор мамлекетте толук бийлигин жүргүзүп калганы, керек болсо кайсы партияга ким талапкер, ким депутат болот, кайсы кызматка барат дегенди дагы уюшкан кылмыш топтун жетекчилери менен сүйлөшүп чечип калган. Башында катуу чечимдери кабыл алып туруп, эки-үч айда бүтүп, алты айда тыптыйпыл кылып койсок керек деп ойлогонбуз. Бирок күрөштүн биринчи этабы 2,5 жылга созулду. Биз бул этапта булар менен кантип күрөшүү, кантип мыйзам жолуна салуу керектигин, канжай жоопкерчилигин кароо зарылдыгын түшүндүк. Ушуну билип, түшүнүп, ыкмасын тактаганча 2,5 жыл өрттү. Мен коррупционерлерди кайсы жерде кармашты, алар кайсы жерде бар экенин, канча акча алып атат, кантип алып жатат, билем. Бүгүнкү күндө биз эми тармактарга киребиз. Кокусунан эле тутулган коррупционерлерди кармап жатсак, эми биз тармактарга киребиз. Тармактардын арасындагы коррупцияны түп-тамырынан бери кырка баштайбыз. Экинчи этабында коррупция, уюшкан кылмыш топтор менен күрөштү күчөтөбүз, мыйзамдын күчүн толук пайдаланабыз. Мисалы буга чейин мамлекеттин 100 миң сом акчасын жеп койсо "мейли эми, сен 500 миң же 1 миллион төлө" деп мамлекеттин бюджетине төлөтүп, соттон айып пул салдыртып, жеңил жаза менен кутултуп келгенбиз. Азыр эми андай болбойт. Мисалы коррупционер колго түшө турган болсо анын мал-мүлкү, бүтүн тапкан-ташыганы конфискацияланат. Экинчиден, мыйзам чегинде каралган жаза мөөнөтүн алат. Беш жылбы, он жылбы, 15 жылбы, ошол жаза мөөнөтүн алып түрмөгө кетет. Биздин түрмөгө түшкөн адам чыкпайт".

"Жакында чоң аткаминерлер кармалат"

Башкы чекист маегинде элдин акчасын кармап отурган аткаминерлер арасындагы коррупцияга токтолгон. Негизинен Каржы министрлигин коррупцияга айыптаган жана жакынкы убакта чоң аткаминерлер кармаларын эскерткен.

"Жакында биз чоң-чоң кызматтарда иштеген, финансы тармагын, элдин акчасын кармаган, бирок аны туура эмес пайдаланган, натыйжасыз, өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдалангандарды катаал жоопко тартабыз. Ошон үчүн мен экинчи этап башталды деп айтып жатабыз. 2020-жылы коррупциядан түшкөн акча 200 миллионго жеткен эмес. Эки жылда 11 миллиард сомдон ашык акча топтодук. Мындай акчаны мамлекетибиз дагы, атайын кызмат дагы көргөн эмес. Өмүрү мынча акча топтоп, мамлекетке пайдасын келтирген эмес. Биз азыр адамдык катнашты азайттык. Мына мен ачык, так айта алам, мени эс ким "бир сом алдың" деп күнөөлөй албайт. Бирөөдөн бир тыйын, бир сом дагы албайм. Түшкөн акчанын баарын мамлекетке жөнөтөм. Баарын мамлекеттин же болбосо УКМКнын пайдасына иштетем. 11 миллиард акча топтосок да эч ким мени коррупционер деп айта албайт. Эгер бирөө жарымдан акча алып койсом, ал барып аялына, баласына, досуна айтмак, анан ошентип коомго жайылмак".

Ташиевге "Регион" телеканалынын кабарчысы баш прокурор Курманкул Зулушевдин кайнисинин кармалышы тууралуу өзүнчө суроо берген. Анда бул кылмыш ишинин чоо-жайын кеңири түшүндүргөн.

Бирок башкы чекист мындан ары үй камагына чыгаруу тыйылат деген баштапкы билдирүүсүнө карабай, Зулушевдин тууганы шериктери менен келтирилген зыяндын ордун толтурса бошотуларын айткан.


Өзүнө жакын телеканалдын суроолоруна жооп берген Ташиевдин алгач соцтармакка жазган билдирүүсү, андан кийинки маеги коомчулукта талкуу жаратты. Анын сап башында буга чейин коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргөнүн айткан УКМКнын жетекчисинин буга чейинки кылган ишинин натыйжалуулугунан өзү да күмөн санап жатканы тууралуу пикирлер болууда.

Маселен, талдоочу Орозбек Молдалиев коррупцияга каршы күрөштүн бүдөмүк жагдайларына токтолду. Ал Ташиевдин маеги бул жаатта суроолорду дагы көбөйткөнүн айтты.

"Кустуруп алып абактан чыгарып жиберүү система эмес да. Булар бир илимий негизи жок, "адагенде мындай кылалы, анан тигиндей кылалы" деп анализ жасап алышса керек. Ал "кустуруп", акчаны бюджетке түшүрүп жатканын айтты. Бирок аны эмнеге өзгөртүп жатат дегенге токтогон жок. Эмне себептен коррупционерлерге бирдей мамиле болбойт? Садыр Жапаров "буларды түрмөгө камап, багып эмне кылабыз, андан көрө "кустуруп", акчасын алып чыгарып жибергенибиз мамлекетке пайдалуу" деп айткан. Анда абактагылардын баарын үй камагына чыгарып жиберсек, мамлекетке пайда болбойбу? Бул жерде эми мындан ары аларды "кустуруудан" пайда жок болуп калдыбы деген да ой туулат. Башынан эле кылмыш кылдыңбы, демек айыбын тарт деген мамиле болушу керек. Азыр эми эки ача мамиле болуп жатпайбы. Буга чейин мыйзамда ушундай деп келишкен, кайсы мыйзам экени белгисиз. Ал эми өкмөт мүчөсү катары айтып жатабы, атайын кызматтын башчысы катары айтып жатабы бирок акыркы чечим ушундай болот деп негизи сот айтчу сөздөрдү айтып жатат. "Мыйзам чегинде, бюджетке пайда келтирген жагын ойлоп ушундай чечим чыгарабыз" деген сөздөрдү негизи сот айтышы керек. Бул жерде Садыр Жапаровдун "өзүм чечем, өзүм жооп берем, өзүм карайм" дегениндей болуп жатат. Эгер андай болсо, түшүнүктөр менен жашасак, мыйзамдын кереги барбы деген суроолор жаралат да. Чоң чиновниктер кармалса, арты сөзсүз тирешүүгө алып келет. Жөнөкөй адамдардын камалышы деле нааразылык жаратат да. Бирок эл азыр чоң чиновниктердин кармалганына деле таң калбайт. Бирок кеп бул иштердин бүдөмүктүгүндө болуп жатат да. Ары жагы айтылбай эле камалды, кармалды, үй камагына чыкты деген менен эле бүтүүдө. Туура эмес камалыптыр деп бошотулуп жатканын деле көрүп жатпайбызбы. Ушундан улам бул жерде мандем бар го деген дагы ой пайда болот".


Ал эми жарандык активист Тимур Саралаев коррупцияга каршы күрөш өз жыйынтыгын берип жатат деген пикирде.

"Чоң аткаминерлер кармалат деп бекеринен айтпаса керек, демек жөндүү себеби бар. Кыргызстанда коррупциянын көлөмү тилекке каршы аябай чоң турбайбы. Азыр мамлекеттик мекемелердин көбүндө тейлөөлөрдү алганда мурдагыдай акча дооламай азайды да. Муну деле коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы деп айтсак болот да. Бажы, салык төлөмдөрү көбөйүп жатат. Бул дагы жыйынтыктардын бири болушу керек. Албетте, паракорчулук түп тамыры менен жоголду деп айтуу эрте. Бир жагын басса, экинчи жагы чыгып калып жатат".

Ошол эле кезде Камчыбек Ташиевдин маегиндеги коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы жана анын алкагында кармалчу чоң кызматкер ким деген суроо бүйүр кызытып жатат. Анткени, бул маек Министрлер кабинетинин ири долбоорлорун жетектеген адамдар коррупцияга шек саналып кармалып жаткан учурга туш келди. Саясий эксперт Марс Сариев бул жагдай өкмөт жетекчилигине чоң белги болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

"Кыргызстандын элитасы саясий жана финансылык деп бөлүнбөйт. Элитанын көбү эле коррупцияга малынган, ошондуктан дээрлик баарына эле компромат тапса болот. Мындан улам камоолор премьер-министрге жакындап жатпайбы. Өкмөткө караштуу уюмдарга байланыштуу маселелер парламентте көтөрүлүп жатат. Мунун баары Акылбек Жапаровго чоң коңгуроо болуп жатат".


Камчыбек Ташиев 40 мүнөттөй маегинде президент Садыр Жапаровдун атын эки жерде гана атаган, коррупцияга каршы күрөш президенттин тапшырмасы менен жүрүп жатканын маегинин соңунда учкай гана сөз кылган.

55 жаштагы Камчыбек Ташиев УКМКнын башына 2020-жылдын башында келген. Соңку 15 жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз саясатында активдүү аралашкан Ташиев президент Жапаровдун эң жакын досу жана пикирлеши катары белгилүү. Буга байланыштуу өлкөдөгү эң таасирдүү адам катары сыпатталып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG