Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:25

Баткенде чек арачынын куралынан жараат алган өспүрүмдүн абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен районунда чек арачынын куралынан ок тийген сегиз жаштагы жеткинчектин абалы оор. Бул тууралуу 8-августта Баткен районунун акимчилигинен «Азаттык» радиосуна кабарлашты. Жабыркаган бала учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Окуя 7-августта кечинде Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймактагы Миң-Өрүк айылында болгон. Алдын ала маалыматта 19 жаштагы жергиликтүү тургун чек арачылардын жанына келип, куралды кармап көрөм деп колуна алганы айтылат. Ошол маалда курал атылып кетип, ок жанында турган сегиз жаштагы баланын жамбашына тийип, омурткасын да жабыркаткан.

Өспүрүм 7-август күнү кечинде облустук ооруканага жеткирилген.

Чек ара кызматы окуя тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG