Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:08

Чек ара кызматы, Башкы прокуратура Баткендеги окуя боюнча эки башка маалымат таратты


Чек ара кызматы Баткен районунун Миң-Өрүк айылына жакын жердеги ок атуудан сегиз жаштагы өспүрүм жараат алганын ырастады. Бул тууралуу аталган кызмат тараткан маалыматта айтылат.

Ага ылайык, 7-августта Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жаткан жоокер К.Ж.у. Куралдуу күчтөрүнүн уставынын талаптарын бузуу менен кокустан ок чыгарып, анын кесепетинен 2014-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм жаракат алган.

Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилип, азыркы учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратура ушул эле окуя боюнча башкача өңүттөгү маалымат таратты. Анда чек арачылар нөөмөттө турган жерге жергиликтүү үч өспүрүм келип, жоокер алаксый түшкөндө анын куралы менен балдардын бири экинчисин атып жибергени айтылат.

Жаракат алган өспүрүм Баткен облустук ооруканасында жатат. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG