Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

"Бара турган жерибиз калбады". Газада Израилдин чабуулу уланууда


Газанын түштүгүндөгү Рафах шаары. БУУнун кампасынын жанында ун үчүн кезекте тургандар документтерин көтөрүп турат. 12-декабрь, 2023-жыл.
Газанын түштүгүндөгү Рафах шаары. БУУнун кампасынын жанында ун үчүн кезекте тургандар документтерин көтөрүп турат. 12-декабрь, 2023-жыл.

Газада Израил армиясынын кезектеги чабуулунан ондогон адамдын өмүрү кыйылды. Израил барымтадагы жарандарын бошотуп алуу үчүн согуштук аракеттерин токтото турууга даяр экенин билдирүүдө. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газадагы кырдаал боюнча резолюция кабыл алуу маселеси улам кийинки күнгө калууда.

Израилдин армиясы Газа тилкесинин түндүгүндө иштеп жаткан акыркы эки ооруканада рейд жүргүзүп, кызматкерлерин кармап кеткенин Associated Press агенттиги жазды.

Ал арада Израилдин коргоо министри 19-декабрда аскерлер аймакты АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунан толугу менен тазалоонун үстүнөн иштеп жатканын, анклавдын түштүгүндөгү операция бир нече айга созуларын билдирди.

Газа: Израил согушту токтото турууга даярдыгын билдирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00


Шейшембиде аба соккуларынан кеминде 45 палестиналык каза тапканы кабарланган. Маалыматка караганда, Рафах шаарында курман болгондордун арасында эки жашар бала жана эки жумалык ымыркай бар.

«Биз тынч уктап жаткан элек. Бир убакта баары урап, үстүбүзгө түшө баштады. Биздин балдарыбыз кайсы күнөөсү үчүн ушундай өлүмгө дуушар болуп жатышат? Биздин күнөөбүз эмнеде?” - деди Рафах шаарынын тургуну Умм Валид ал-Азайза.

Газа. 19-декабрь, 2023-жыл
Газа. 19-декабрь, 2023-жыл

Ушул эле шаардын дагы бир тургуну Самар Абу Лули Рафах: "Эми каякка барабыз? Бара турган жерибиз да жок. Мектеп да, мечит да, бейтапкана да, оорукана да жок. Баары талкаланды. Жетишет!" - деди.

Газадагы кырдаал боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын макулдашуу жараяны эки жолу башка күнгө калтырылып, кезектеги отурум 20-декабрда өткөнү жатат. Анда согуштук аракеттерди токтотуу чакырыгы айтылат. Кечээги отурумда Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө жол ачып берүү, БУУнун кырдаалга мониторинг жүргүзүшүнө шарт түзүү зарылдыгы тууралуу сөз болду.

«Израил менен ХАМАСтын ортосундагы азыркы согуштун, адам өлүмүнүн жана кыйроолордун масштабы буга чейин болуп көрбөгөндөй, өтө оор. Мен Газа секторундагы жай тургундардын, аялдардын жана балдардын өлүмгө дуушар болуп жатышын айыптайм. Каза болгондор, анын ичинен Улуттар Уюмунун набыт кеткен 131 кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтам, уюмдун тарыхында мынчалык көп жоготуу болгон эмес», - деди БУУнун Жакынкы Чыгыштагы координатору Тор Веннесланд.

Эл аралык коомчулуктун кооптонуусу күчөп жатканына карабастан, Израил чабуулдарын улантууда. Өлкөнүн коргоо министри Йоав Галлант Газанын түштүгүндөгү өнөктүк бир нече айга уланарын билдирди.

«Биз максатыбызга жетмейинче токтобойбуз», — деди ал.

Жөөт аскерлери Газада
Жөөт аскерлери Газада

Шаршемби күнү Израил ХАМАСка Газадагы согуштук аракеттерди бир апта токтотуп, барымтадагы 40 жаранын – 60 жаштан жогору курактагы аялдарды жана эркектерди, медициналык тез жардамга муктаж болуп жаткандарды бошотуу сунушун катарлык ортомчулар аркылуу жеткиргенин бир нече басылма билдирди. Бул үчүн Израил түрмөлөрдөгү палестиналыктардын айрымдарын бошотууну убада кылууда.

Дүйшөмбү күнү АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Израилдин расмий адамдары менен жолугушуудан кийин карапайым элди жакшыраак коргоого чакырып, ошол эле маалда Вашингтон жөөт мамлекетинин ХАМАСка каршы согушун колдой турганын кайталады.

Газа тилкеси. Рафах шаары
Газа тилкеси. Рафах шаары


Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын билдирген.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газадагы Саламаттыкты сактоо мекемеси жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдар менен балдардын өмүрү кыйылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG