Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:30

Тумоо балдарды эмдөө маселесин эске салды


Ноябрь айы жаңыргандан бери өлкөдө сасык тумоо, пневмония болгон 14 жашка чейинки балдар сентябрь айына салыштырмалуу 2,3 эсеге көбөйдү. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бир жумада миңден ашуун баланы ата-энеси алып келүүдө.

Ооруган наристелердин көбү Чүй облусу менен Бишкек шаарында катталып жатат. Дарыгерлер баланы туура азыктандыруу, таза абада сейилдөө менен сасык тумоону жеңил өткөрүүгө мүмкүн экенин белгилешет. Ал арада баш калаада төрт балада коронавирус аныкталып, азыр ооруканада жатканы маалым болду.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тарта 14 жаштагы өспүрүмдөр жөтөл, тамак оору, баш оору менен жабыркоодо. Бишкекте ооруган балдарды караган ооруканалар жетишпей, кошумча жайлар да ачылууда. Бир жума ичинде пневмония менен 883 бала катталган. Ал эми сасык тумоо менен кайрылгандар 1,5 миңден ашууда.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова акыркы кырдаал тууралуу буларга токтолду:

"Ооруган балдар көп болуп жатат. Алар пневмония жана дем алуу органдарынын жугуштуу оорулары, сасык тумоо менен келишүүдө. Азыркы тапта Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бир жашка чейинки балдар менен абалы оор болуп кеткен наристелер жаткырылууда. Өткөн бир жума ичинде бизге пневмония менен 883 баланы алып келишти. Анын ичинен 354 баланы ооруканага жаткырдык. Ал эми сасык тумоо менен 1228 бала бизге кайрылды. Алардын ичинен абалы оор болгондорун ооруканага алып калуудабыз. Негизи бул балдардын көбү алгач жашаган жери боюнча бейтапканага барышы керек эле. Бирок түз эле Бишкектеги балдар ооруканаларына келгендиктен, кезек күткөндөр да катталууда".

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, курч респиратордук инфекциялар (ОРВИ) менен катталгандардын саны август айында 11,9 миң учур болсо, октябрь айында 31,3 миң учурга көбөйгөн. Курч респиратордук инфекциялар менен ооруган балдардын жалпы санында эң көп үлүшү жаңы төрөлгөндөр менен 14 жашка чейинкилер арасында болуп жатат. Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан тышкары кошумча балдар үчүн Улуттук диагностика борборунда кабыл алуу бөлүмү ачылууда. Маймерованын айтымында, азыркы тапта бул бөлүмдө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Өлкөнүн башкы педиатры ата-энелерди сабырдуу болууга жана ооруган баланы өз убагында адистерге көрсөтүүгө чакырды.

Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасы пандемияга чейин инфекциялык ооруга чалдыккан балдардын баарын дарылачу. Азыркы тапта коронавирустан ПЧР-анализи чыккан гана наристелерди дарылоодо.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Айнура Узакбаеванын айтымында, азыр бул жайда төрт бала дарыланууда.

"Жок бизде коронавирус жуктуруп келген балдар көбөйгөн деле жок. Азыркы тапта биздин ооруканада төрт бала жатат, алардын бирөөнүн абалы оор экен. Реанимацияга алганбыз. Калганы канааттандырарлык абалда. Балдардын ПЧР анализинен COVID-19 вирусу аныкталгандан кийин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан бизге которулуп келишет. Негизи коронавирус диагнозу коюлган балдар аз".

Эмдөөнү эңсеген дарыгерлер

Ал арада айрым педиатрлар балдардагы оору эгерде сасык тумоого же коронавируска карата эмдөө болсо оңой формада өтүшү мүмкүн деген ойлорун айтышууда.

Чүй облусундагы айылдардын биринин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы педиатр Айнура Аманбаева коронавируска каршы эмдөөдөн улам акыркы мезгилде бул ооруну жуктурган бейтаптар өтө эле азайганын, балдарга да мындай программа кирсе, бир топ жеңилдиктер болушу мүмкүн деген ойдо:

"Коронавируска каршы мектеп окуучуларын эмдөө боюнча бизге азырынча эч кандай буйрук келе элек. Дүйнө жүзүнүн айрым өлкөлөрүндө, АКШда жасалып жатканын угуп жатабыз. Бирок бизге, расмий түрдө бул багытта эч кандай маалымат келе элек. Маселен чоңдор азыр COVID-19га каршы вакцина алып жатышпайбы. Биздин айылда март айынан бери элдин көбү алды. Ошондон бери айылда ооругандар бирин-серин эле болуп, азайып калды. Балдарга да мындай өнөктүк башталса жакшы болмок деген ойдомун. Маселен биз пневмококко каршы пландуу эмдөө жүргүзөбүз. Он жылдай болуп калды, эмдөө башталгандан бери пневмониядан каза болгон бала каттала элек. Коронавирус деле ушул сыяктуу да".

Балдарды коронавируска каршы эмдөө азыркы тапта АКШ жана Европанын айрым өлкөлөрүндө жигердүү башталды. Кыргызстанда өспүрүмдөр да коронавируска каршы вакцина ала алат. Бул тууралуу 14-ноябрда КТРКнын түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, 15-18 жаштагы кыргызстандыктарды эмдөө боюнча чечим декабрь айында кабыл алынат. Чет өлкөгө чыгып жаткан балдарга уруксат берилди, алар вакцина алууда.

Сергек жашоо баланы дарттан куткарат

Дарыгерлер акыркы учурда ата-энелер балдарына берип жаткан тез татым, газдалган суусундуктар жеткинчектердин ооруга туруштук берчү иммунитетин түшүрүп жатканын эскертишет. Сасык тумоо учурунда баланын дене табын түшүрүү жана аны туура кароо жаатында ата-энелерге педиатр-дарыгер Азиз Наманов айрым кеңештерин берди.

"Дене табын түшүрүү үчүн балага ар түрдүү суюктуктарды сүйкөө туура эмес. Баланын дене табы 38 градустан ашып бара жатканда гана ага парацетамол дарыларын берип баштоо туура. Негизи балада сасык тумоонун белгилери байкалганда канчалык дарыгерге тез кайрылса, анын айыгуусу ошончолук тез болот. Ооруп жаткан балага суюктукту көп берүү зарыл. Анын жалпы абалын жакшылап байкап, эгерде жөтөлүп жатса дем алуу көнүгүүлөрүн аткарып, тамагын бууласа да болот. Жөтөлдүн табиятына караш керек. Вирустук оорулардагы жөтөл менен аллергиялык жөтөлдүн айырмасы чоң, дарылоо да ар башка. Ошондуктан ата-энелерди этият болууга чакырабыз".

Америкадагы педиатрия академиясы быйыл 19-октябрда алты айдан чоң балдардын баарын сасык тумоого каршы эмдетүүгө чакырган. Аталган уюм 2021-жылдын соңу менен 2022-жылдын башындагы балдардын сасык тумоосу коронавируска кошул-ташыл болуп, оор өтүшү мүмкүн экенин божомолдошкон. Күз-кыш мезгилиндеги балдардын сасык тумоосуна байланыштуу атайын математикалык эсептөө модулун даярдашкан. Башка жылдарга салыштырмалуу быйылкы сасык тумоо оор болору да белгиленген эле.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG