Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Бакиевге кун төлөтүү идеясы "апрелчилерди" ачуулантты (видео)


"Апрелчилерге" ажырым салган билдирүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:30 0:00

"Апрелчилерге" ажырым салган билдирүү

Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбагына 2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн сегиз уюмдун өкүлдөрү акция өткөрүштү. Алар “Айкөл Таза коом” уюмунун “Бакиев Кыргызстанга келип, кун төлөп берсин” деген билдирүүсүнө каршы экенин айтышууда.

"Бакиев кун төлөсүн” дегенге каршыбыз"

25-ноябрда борбор калаада өткөн акцияга сегиз уюмдун 20дан ашуун өкүлү чогулган. Алар акцияга “Айкөл Таза коом” уюмунун билдирүүнөн кийин чыкканын белгилешти.

Апрель окуясында уулунан айрылган “Мекен Шейиттери” коомунун төрайымы Нурия Айдабосунова буларды айтты:

“Биз "Айкөл Таза коом” деген уюмдун жетекчисинин “Бакиев Кыргызстанга келсин, соттолсун, кун төлөсүн” деген сөзүнө караманча каршыбыз. 13 жылда башыбыздан далайды өткөрдүк. Биз анын фамилиясын укканда эле жиндеп жатабыз. Ошон үчүн келбесин. Биздин талап ушундай. Эгер ак болсо эл аралык сотко берип, акталат эле да”.

Бианки Маралбу Апрель революциясында бир тууган инисин жоготкон. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин келишине жана кун төлөп беришине каршы экенин айтууда.

Маралбу Бакиевдин тагдыры азыркы бийликке сабак болушу керек деген пикирде.

Бианки Маралбу
Бианки Маралбу

“Бакиев үй-бүлөм байысын, президент болуп отурайын деп кыргыз элин атып кетти, кантип ошол адамды 7-апрелде каза болгон адамдардын бир туугандары "кел" деп айтабыз? Бакиведин камкордугу, бирөөнүн элинде жашагандыгы бүгүнкү күндө бийликке дагы "Шералынын чокоюндай" болуп турушу керек. Эч кандай Бакиев келбейт. Бир туугандары барбыз. Инилерибизди атып кетсе дагы биз турабыз”.

Президент менен "апрелчилердин" жолугушуусу

Чогулгандардын айтымында, ушул жылы июль айында президент Садыр Жапаров Апрель революциясынын катышуучулары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкан.

Анда ал 30 жылга соттолуп, качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келбей турганын, келсе камаларын айткан. Мындан улам акцияга чыккандар президентти убаданы бузбоого чакырышты.

Садыр Жапаров ушул жылы май айында "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин, эгер келсе соттун чечимине ылайык камаларын айткан.

"Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек", - деген Жапаров.

Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров Дубайда мурдагы президенттерди чакырып жолукканы, ал жерге Курманбек Бакиев да барганы маалым болгон. Бул кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу, сын жараткан.

Горький атындагы гүлбакка чогулгандар ошондой эле “Айкөл Таза коом” уюму жалпы Апрель революциясынын катышуучуларынын атынан сүйлөөгө укугу жок экенин билдиришти.

“Айкөл Таза коом” уюмунун билдирүүсү “апрелчилер” арасында талкуу жаратып, чагым жараткысы келген үчүнчү күчтөр бар деп күмөн санашууда.

"Бакиев кечирим сурап, кун төлөсүн"

Ал эми аталган “Айкөл Таза коом” уюмунун төрагасы Усупбий Шеримбаев Бакиевди актоо ниети жок экенин, болгону революцияда жабыркагандарга кун өндүрүү аракети менен жүргөнүн айтты:

Усупбий Шеримбаев
Усупбий Шеримбаев

“Биздин коомдо 78 киши мүчө. Ошонун ичинен 19у экинчи жана үчүнчү топтогу майыптыгы бар адамдар. Кээ бирлеринин денесинде дагы деле октор жүрөт. 13 жыл ичинде булар иштей албай, үй-бүлөсүн бага албаганы үчүн аялдары Москвага чейин барып жүрөт. Күйөөлөрү баса албайт, же иш жасай албайт. Биз аны актайбыз деген сөз болгон жок. Ал келип, бизден анан кыргыз элинен кечирим сурасын. Кечирим сурагандан кийин ошол жетим-жесирлердин материалдык, моралдык чыгымдарын төлөп берсин. Ал ошол кезде бийликте турган. Конституциянын гаранты болчу”.

Аталган уюмдун билдирүүлөрү социалдык тармактарга жарыяланып, талкуу жаратууда.

Шеримбаев апрель окуясында элге ок аткан адамдар акталып кеткенин, ал эми мамлекет берген компенсация жана батирлер айрым учурда адилетсиз бөлүштүрүлгөнүн кошумчалады.

Бакиевди алып келүү маселеси биринчи учур эмес

Соңку кезде Кыргызстанда 30 жылга соттолгон Бакиевди алып келүү маселеси бир канча жолу көтөрүлгөн. Айрым кызмат адамдары аны менен жолуккан учурлар белгилүү болуп, коомчулук сынына кабылышкан.

Алсак, ушул жылы Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев Минск шаарына барып, Бакиевден маек алган. Көптөгөн сын пикирлерден кийин ал УТРКдагы жумушунан кеткен.

Быйыл октябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев спикер башында турган расмий делегациянын Беларустагы сапары учурунда Курманбек Бакиев менен жолукканын ырастаган. Ал муну жеке мамилеге байланыштырган.

Кыргызстанда соттолгон адам менен депутаттын жолугушуусу кыргыз коомчулугунда катуу сынга кабылган.

Курманбек Бакиев учурда Беларустун борборунда жакындары менен турат.

Жарым ай мурда "Беларус иликтөөчүлөрүнүн альянсы" мурдагы президент бул өлкөнүн эки паспортун алганын таап чыгышкан. Паспорттордун биринде анын аты “Закир Салиев” деп көрсөтүлгөн.

Расмий Бишкек Минскиден Бакиевдерди өткөрүп берүүнү бир канча жолу талап кылган. Беларус бийлиги бул өтүнүчтөрдү аткарбай келет.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG