Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Курманбек Бакиевди "Закир Салиевге" айланткан сыр


Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

Кыргызстандын мурдагы президенти, издөө жарыяланган Курманбек Бакиевдин "Закир Салиев" деген ат менен Беларуста башка паспорт алганы белгилүү болду. Беларус иликтөөчүлөрү мунун бир катар себептерин санап беришкен.

Курманбек Бакиевдин өзү жана үй-бүлөсү дагы беларус долбоорунун бул иликтөөсүнө комментарий бере элек. Кыргыз бийлиги иликтөөгө кандай реакция кылары азырынча белгисиз.

Бакиевди Беларуска алып келүү операциясы

"Беларус иликтөөчүлөрүнүн альянсы" долбоору Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге беларус лидери Александр Лукашенконун атайын буйругу менен 2010-жылы август айында жарандык жана паспорт берилгенин аныкташкан.

Иликтөө Кыргызстанда 2005-жылы 24-марттагы биринчи революциянын күчү менен Курманбек Бакиевдин бийликке келип, бирок 2010-жылы 7-апрелде болгон экинчи революцияда тактан куулганы менен башталат.

Адеп Бакиевдин жаалданган элден качып, Ошко барганы (тагыраагы Бакиев кичи мекени Жалал-Абадга качкан-ред.) андан ары Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин көмөгү менен Беларуска чыгып кеткени кеп болот.

Беларус лидери Александр Лукашенко мурдагы президентти жана анын жакындарын алып келүү үчүн атайын операция уюштуруп, аларды коопсуздук кызматында иштеген Андрей Втюрин жана Дмитрий Салмин көзөмөлдөгөн.

Андрей Втюрин ошол кезде Беларуста президенттин коопсуздук кызматынын жетекчиси болгон, 2014-жылы мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалып, 2019-жылы пара алууга айыпталып кармалганга чейин иштеген.

Бакиевди беларус бийлиги элден каткан эмес, кайра 2010-жылы 21-апрелде Минскидеги КМШнын штаб-квартирасында маалымат жыйынын уюштурган. Анда Бакиев өзүн жана жакындарын "каралоо" күчөп жатканын айткан.

Кыстырма: Кыргызстанда Курманбек Бакиевди алып келип соттоо талабы маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Бирок ага карабай расмий бийлик өкүлдөрү Минскиге барып, аны менен жолуккан учурлар бар. Алсак, өткөн октябрь айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевдин Беларуска иш сапар менен барганда Кыргызстанда сыртынан соттолгон мурдагы президент Курманбек Бакиевге жолукканы катуу сынга кабылган. Ага чейин коомдук ишмер Кадыр Кошалиев Минскиге барып, Курманбек Бакиевден маек алганы үчүн УТРКдагы ишинен кеткен.

Бакиевдин экинчи паспорту жана...

Иликтөөдө Бакиев жана анын жакындары келери менен Минскиден 150 чакырым алыс Витебск багытындагы президенттин иш башкармалыгына караштуу мейманкана комплексине жайгаштырылганы айтылат.

Бакиевди Лукашенко өзү кабыл алган, ал эми аны коштоп келген коопсуздук кызматынын өкүлү Салмин жеке күзөтчүсү болуп дайындалат. Бакиевди коштогондордун бири катары ошол кездеги президенттин коопсуздук кызматында иштеген Сергей Ковальчук да болгон. Учурда ал Беларустун спорт министри.

Бакиевдин артынан Минскиге иниси Жаныш Бакиев, баласы Марат Бакиев келген. Бирок беларус бийлиги аларды кабыл алганын көпкө чейин моюнга албай, Бишкектин өткөрүп берүү суранычын тоготкон эмес.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматында Беларуска Бакиевдин үй-бүлөсүнүн 20дай мүчөсү барган жана алардын баары жарандык алган.

Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев, анын уулу Асылбек Салиев дагы экиден паспорт алганы баяндалат.

Иликтөөчүлөрдүн белгилешинче, Бакиевдин өзү жана туугандары беларус документтери менен КМШ эле эмес, Европа өлкөлөрүнө да чыгып, эс алып жүргөн. Айрымдары беларус паспорттору менен Кыргызстанга да келип кеткен.

Иликтөөчүлөр "эки паспорт алуу Интерполдун издөөсүнөн буйтап өтүү амалы" деп сыпатташкан.

Чех адоваттарынын палатасынын мүчөсү, юрист Алесь Михалевичтин түшүндүрмөсүндө, Интерпол издөөдөгү адамды издөө жарыялаган өлкөгө укуктук келишим бар-жогуна карабай депортация кыларын белгилеген.

"Беларус лидери Лукашенко биринчи кезекте Бакиевдердин үй-бүлөсүн легалдаштырууга буйрук берген. Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрү Беларустун борбор калаасынын Король көчөсүндөгү Коопсуздук кызматына караштуу №38 жатаканага каттоого тургузулган. ИИМдин ыкчам-иликтөөнү камсыздоо департаментинин кызматкери Пляшкевич Елена Михайловага документтерди мыйзамдаштыруу тапшырмасы берилген", - деп айтылат иликтөөдө.

Курманбек Бакиев бул өлкөнүн жараны катары ID номерлүү паспортту 2010-жылдын август айында алган. Паспорт бир эле жолу берилгендиктен ал кийин "Закир Салиев" деген ысым менен башка ID номерлүү экинчи паспортту алган.

Иликтөөчүлөр Бакиев экинчи паспорту менен башка аялдарынан төрөлгөн балдарына документ алганын белгилешкен. Мисалы анын экинчи аялы экени айтылып, кийин каза болгон Назгүл Төлөмүшованын уулу менен кызынын атасы документте "Закир Салиев" деп көрсөтүлгөн.

Иликтөөдө мындан тышкары Назгүл Төлөмүшова 2016-жылы 15-сентябрда беларус лидери Лукашенко менен бир учакта Кыргызстанга келгени далил документтер менен көрсөтүлгөн. Бул күндөрү Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммити өткөн. Ошол эле жылы октябрь айында Назгүл Төлөмүшова Беларуста президенттин иш башкармалыгына караштуу "Минск" мейманканасынын жетекчиси болуп дайындалган.

Төлөмүшова 2023-жылы январь айында Минскиде оорудан улам каза болгону айтылып, сөөгү Жалал-Абад облусунун өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилген. Аны акыркы сапарга узатууга Курманбек Бакиев келген эмес.

Иликтөөчүлөр Курманбек Бакиевдин расмий никелешкен биринчи жубайы, Марат жана Максим Бакиевдин апасы Татьяна Петрова (Бакиева-ред.) жана расмий эмес никеде жашап, эки бала төрөп берген Назгүл Төлөмүшовадан башка "Закир Салиев" деген кишиден балалуу болгон Нуржан Карабаева аттуу дагы бир аялды тапканын белгилешкен. Ал дагы Минскиде орун-очок алганы белгилүү болгон.

Кландын Кыргызстандагы жана Беларустагы байлыктары

Беларус лидеринин жарандык берүүдө марттыгын кандай жоруса болот? Эксперттер Бакиевдер жарандыкты жөн эле алышкан эмес деген пикирде.

2021-жылы Беларус оппозициясы түзгөн BYPOL уюму өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенкого кымбат баалуу пара бергендердин тизмесин жарыялаган. Андагы тизмеде Курманбек Бакиевдин жакындары дагы болгон.

Уюмдун өкүлү, Беларустун Тергөө комитетинин мурдагы башкы тергөөчүсү Игорь Лобан "Азаттыкка" Курманбек Бакиевдин уулунун (Максим Бакиев-ред.) жубайы Айжан Кененбаева аркылуу Лукашенкого эки транспорт каражаты – Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard М автомашинасы жана Harley-Davidson мотоцикли тартууланганын, экөөнүн баасы 1,5 миллион доллардай экенин айтып берген.

"Албетте, пара берүүдө анын атын гана колдонушкан. Чынында ал Курманбек Бакиевдин кланынын, анын уулдары менен инилеринин атынан тартууланганы айтпаса да түшүнүктүү. Ошол маалда, тактап айтканда 2018-жылдын 11-июнунда бул келишим түзүлгөндө Кененбаева беларус паспорту менен келген. Башкача айтканда, Айжан Кененбаева Беларус Республикасынын жараны болгон. Беларуста Лукашенкого мындай “тартуу” берүү эбактан бери эле калыптанган. Мамлекет менен тыгыз байланыштагы же кандайдыр бир артыкчылыкка ээ бизнес компания болобу, же кайсы бир кишилерби - аларды калкалаганы үчүн Лукашенкого ушундай кымбат сый көрсөтүшөт", - деген Лобан.

Беларус иликтөөчүлөрү мындан тышкары өз өлкөсүндө соттолгон Бакиевдердин Беларустагы бизнестери, байлыктары жөнүндө баяндап беришкен. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев Минскиде "Петров" деген фамилия менен жашап жатканын, ал жана анын үй-бүлөсү, расмий эмес никеде жашаган аялы Инна Меняйлова төрөгөн бала да "Петров" деген фамилия менен документ алганын таап чыгышкан.

Беларус журналисттери Инна Меняйлованы Бакиевдер кланына таандык бизнестин бир бөлүгүнө ээлик кылган адам катары сыпатташкан. Алар Кыргызстандагы Убактылуу өкмөттүн Бакиевдерге таандык мүлк, ишканаларды улутташтыруу боюнча 2010-жылдын июль айындагы декретин көрсөтүшкөн. Ал жерден "Каприз" эл эс алуу борборундагы улутташтырылган коттедждердин бири Меняйловага таандык болгонун көрүүгө болот.

Иликтөөчүлөр Меняйловага ушу тапта Беларуста "Саун Холл" ЖЧКсы, Кипрдеги FAYRYTAILE HOLDINGS LIMITED деген офшор катталганын таап чыгышкан.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Беларустагы Naviny.by маалымат порталы Минск шаарындагы ири курулуштун артында турган компаниялардын бирине Бакиевдин тун небереси Русландын тиешеси болушу мүмкүндүгүн билдирип, ал өзүнүн фамилиясын "Петров" деп өзгөртүп алганын иликтеп чыккан.

"Урицкий жана Строгонов". Бакиевдердин аты-жөнүн өзгөрткөн санаалаштары

Буга чейин мурдагы президент, издөө жарыяланган Курманбек Бакиевдин айланасында жүргөн жакын санаалаштары да аты-жөнүн өзгөрткөн.

Алсак, Бакиевдин тушунда эң таасирлүү бийлик өкүлү болгон, Беларуста жашап жатканы айтылган мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов аты-жөнүн Даниил Урицкий деп алмаштырып алганы белгилүү болгон.

Беларустун президенти Александр Лукашенко 2020-жылы "Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын" (БНБК) иши менен таанышууга барганда анын директору Даниил Урицкийге "Данияр" деп кайрылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мындан кийин Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнүнө түшүндүрмө сураган.

Ага чейин эле 2017-жылы Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн. 2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан.

2022-жылы Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү, Кыргызстанда арам акчаны адалдоого айыпталган орусиялык банкир Михаил Надел атын "Майкл Строгонов" деп өзгөртүп, Британияда ишкерликке аралашканы белгилүү болгон.

Кезинде "Азия универсал банктын" директорлор кеңешин жетектеген, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен орусиялык бизнесмен Михаил Надел "Майкл Строгонов" деген ат менен Dzing Finance Ltd. фирмасын түзүп, аны Британиянын Финансылык жүрүм-турумду көзөмөлдөө башкармалыгынан каттоодон өткөргөн.

Dzing Finance Ltd. кардарларын каражаттарын сактоого жана төлөмдөрдү ишке ашырууга ыңгайлашкан фирма деп мүнөздөлгөн.

Bloomberg жазгандай, британ реестриндеги документтерде Строгонов өзүн Италияда жашаган орусиялык деп мүнөздөгөн жана буга чейин башка компаниялары болгонун же болбогонун көрсөткөн эмес. Ал мурдагы ысымын британ бийлигине ачык айтканы же айтпаганы да белгисиз.

Анын укугун коргогон Addleshaw Goddard LLP юридикалык фирмасынын адвокаты Стивен Францис Bloomberg басылмасына Надел өз атын бир нече жыл мурда өзгөрткөнүн жана эки ысымы тең анын паспортунда көрсөтүлгөнүн билдирген.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Ал жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бакиевдин жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган.
Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер мекенинде коюлган айыптарды четке кагып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG