Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Британ премьери Украинага чектеш жерде Орусиянын аскерлеринин көбөйтүлгөндүгүнө тынчсызданды


Украин жоокери Донбасста музыка өнөрүн көрсөтүүдө. Украина.
Украин жоокери Донбасста музыка өнөрүн көрсөтүүдө. Украина.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Орусиянын аскерлеринин Украина менен чек араг жакын жерлерде чыңдалгандыгына байланыштуу "олуттуу кооптонуусун" билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 5-апрелдеги телефон аркылуу баарлашуусунда Жонсон мырза, ошондой эле, Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн "чексиз колдой тургандыгын" да баса белгиледи.

Ал акыркы күндөрү Украинанын чек арасына жакын аймактардагы орус аскерлеринин олуттуу кыймылы байкалган маалда президент Зеленский менен сүйлөшкөн Батыштагы соңку лидерлерден болуп калды.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Киевдеги маалымат жыйыны маалында. Архив. 2017-жылдын 1-марты.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Киевдеги маалымат жыйыны маалында. Архив. 2017-жылдын 1-марты.


АКШнын президенти Жо Байден 2-апрелде Украинанын президенти Зеленский менен алгачкы ирет телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Украинанын чыгышындагы эки дубанда Киевдин өкмөттүк күчтөрү менен Орусия колдогон жикчилдердин салгылашуусу акыркы апталарда күч алды. Бул окуялар былтыр жай мезгилинде жетишилген ок атышпоо тууралуу келишимге карабастан орун алды.

Расмий Москва ошондой эле аскер күчтөрүн Украина менен чектеш аймактарга топтоп жаткандыгы маалымдалууда.


АКШ бул окуяларды Украинаны коркутуу аракети деп атады. Премьер Жонсон менен болгон сүйлөшүүсүндө Зеленский Улуу Британиядан жана анын өнөктөштөрүнөн алардын жакын коңшу катары турумдарын күчөтүүнү суранды. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңсеси жарыялаган билдирүүдө айтылат.

"Орусиянын акыркы иш-аракеттери Украинанын, НАТОго мүчө мамлекеттердин жана бүткүл Европанын коопсуздугуна олуттуу шек келтирүүдө", – деди Зеленский.

Расмий Кремл болсо өз аскерлерин чек арага жакын аймакта топтоо иш-аракеттерин тек гана “аскердик машыгуу” деп атады. (TT)

XS
SM
MD
LG