Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Киев дефолттун алдын алууга аракет кылууда


Владимир Зеленский Жогорку Радада, 30-март, 2020-жыл.
Владимир Зеленский Жогорку Радада, 30-март, 2020-жыл.

Украина Эл аралык Валюта Фондунан миллиарддаган доллар жардам күтүүдө. 

Жогорку Рада 30-мартта кезексиз жыйынга чогулуп, «Банктардын ишин көзөмөлдөө жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда, ал эми айыл чарба жерлерине байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Расмий Киев муну менен Эл аралык Валюта Фондунун шарттарын аткарып, миллиарддаган доллар насыя алганы турат.

Украина президенти Владимир Зеленский жекшембиде парламентке кайрылып, элдин тагдырын жеке кызыкчылыктардан жогору коюп, эки мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырган.

«Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Украина эки ача жолдо калды. Биринчи жол – бул керектүү эки мыйзамды кабыл алуу. Андан соң биз эл аралык финансы өнөктөштөрүбүздөн 10 миллиард долларга чейин каражат алабыз. Бул экономиканы туруктуу кармап, кризистен чыгып кетүүгө жардам берет. Экинчи жол – бул мыйзамдарды кабыл алуудан баш тартуу. Анда экономика талкаланып, дефолтко учурайбыз».

Зеленский 30-мартта Жогорку Раданын кезексиз жыйынына да катышкан.


Банктарды көзөмөлдөөгө байланыштуу мыйзам долбоору Украинада «Коломойскийге каршы мыйзам» деп аталып келет. Ал акыркы жылдары өкмөткө өткөрүлгөн же жоюлган банктардын мурунку ээлерине жеке менчик укугун кайтарууга же акчалай төлөм талап кылууга тыюу салат.

Бул мыйзам кабыл алынса, Украинадагы эң таасирдүү магнат Игорь Коломойский мурунку президент Петро Порошенконун маалында улутташтырылган «ПриватБанкты» жеке менчигине кайтара албай калат.

Бозгунда жүргөн олигарх Украинага былтыр апрелде президенттик шайлоодо Владимир Зеленский жеңгенден кийин кайтып келген. Анын көп жылдан берки каршылашы Порошенко шайлоо өнөктүгү маалында Зеленскийди Коломойскийдин «кол баласы» катары сындаган. Мындан улам Зеленский «олигархтарды саясатка жолотпоого» убада берген.

«ПриватБанк» 2016-жылы улутташтырылган. Порошенконун өкмөтү каржы кризисин алдын алуу үчүн Украинадагы эң чоң банк мамлекетке өткөрүлөрүн билдирген. Ага чейин эл аралык аудиторлор банктын эсебинен 5,5 миллиард доллар дайынсыз кеткенин аныкташкан. Игорь Коломойский банктын карыздары менен мыйзам бузууларды чекте кагып, аны кайтарып алууга аракеттип келген.

Бул жолу Жогорку Радада Зеленскийге Порошенко өзү колдоо көрсөтүп, "Банктардын ишин жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамды депуттардын көпчүлүгү колдоп берген.

«Украина дефолтко учураганы турат. Дефолт - бул инфляция, валютанын түшүшү, жумушсуздуктун кескин өсүшү, финансы системасындагы туруксуздук, анан азабын украин эли тартат».

Жогорку Раданын депутаттары.
Жогорку Раданын депутаттары.


Украин бийлиги коронавирус пандемиясынын өлкө экономикасына оор кесепетин алдын алуу аракетин көрүүдө. Өкмөт ички дүң өндүрүмү былтыр болжолдолгондой 3,7 пайызга өспөй, 3,9 пайызга тескери кетет деп чочулап турат. Мындан тышкары премьер-министр Денис Шмыхал бюджеттен коронавирус менен күрөшүү фондуна 0,4 миллиард доллар сураган.

Расмий Киев ЭВФтен үч жылга 5,5 миллиард доллар насыя алууну бир нече айдан бери сүйлөшүп жаткан. ЭВФтин башчысы Кристалина Георгиева макулдашуулар ишке ашса, Украинага 8 миллиард долларга чейин каражат убада берген. Эл аралык фонд украин өкмөтү "Банктардын ишин жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоорунан тышкары жер реформасын жүргүзүшү керек деп эсептейт.

30-марттын кечинде 256 депутат айыл чарба жерлерин сатууну чектеген 18 жылдан берки мораторийди алып салган мыйзам долбоорун да колдоп беришти.

Соңку маалыматка ылайык коронавирус Украинада 548 адамда аныкталып, 13 кишинин өлүмү катталды. Киевге Кытай медициналык каражаттар менен техника жагынан жардам берип келет. Ал эми Кошмо Штаттары лабораторияларды курууга 1,2 миллион доллар берген.

Европа комиссиясы да Украинага COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө көмөктөшкөнү турат.

"Өлкөнүн чыгышындагы агрессиялык актылардан, Крым менен Севастополду Орусия мыйзамсыз аннексиялап алышынан жабыркап турган Украинада пандемиянын айынан бардык тармактары зыян тартты" деп жазылат Европа кеңешинин Киевдеги өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө. Европа кеңеши Украинага 80 миллион евро бөлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG