Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:17

Түркмөн акчасы кунун кескин жоготту


Түркмөнстан акчасы: 5 манат.
Түркмөнстан акчасы: 5 манат.

Түркмөнстандын улуттук акчасынын куну үстүбүздөгү жылдын башынан бери кескин түшүп кетти. Кара базардагы баалар 1 АКШ долларына карата 40 манатка жетип, январь айынан бери дээрлик 50 пайызга төмөндөгөндүгү кабардалды.

Түркмөн эмгек мигранттары тарабынан Түркиядан которулган акчанын азайышынан улам манат бир нече айдан бери оор кырдаалга кептелип келген.

Январь айынын ортосунда кара базарда түркмөн манатынын наркы 1 АКШ долларына карата 27 же 28 манаттын тегерегинде бааланып жаткан. Бирок акыркы апталарда улуттук валюта наркы ого бетер төмөндөй түштү.

3-апрелде "Азаттыктын" Ашгабаттагы кабарчыларынын маалымдашынча, чак түштө 1 АКШ доллары 38 манатка бааланса, күүгүм киргенде 1 АКШ доллары 40 манатка сатыла баштады.


Улуттук валютанын наркынын төмөндөшүнүн айрым өбөлгөлөрүн адистер Түркмөнстан менен Ирандын чек арасынын жакынкы мезгилдеги ачылышына да байланыштырышууда. Бул чек ара коронавирус пандемиясынын айынан өткөн жылы жабылган болчу.

Түркмөнстан өкмөтү олуттуу далилдерге карабастан, өлкөдө “COVID-19” илдети бар экендигин четке кагып келет.


Борбордук банк 2015-жылы 1 АКШ доллары үчүн расмий баа көрсөткүчүн 3,5 манатка байлаган. Бул көрсөткүч андан бери өзгөргөн жок. Ал эми накталай акча алмаштырууга 2016-жылдын январь айынан бери өлкөдө тыюу салынган.

Түркмөнстандын бийлик тарабынан катаал көзөмөлгө алынган экономикасы бир топ убакыттан бери оор мүшкүлгө кириптер болуп келет.

Өкмөттүн кирешелери болсо кайсы бир деңгээлде отун-кубат жаатындагы майнапсыз келишимдерден жана жаратылыш газына болгон баанын төмөндөшүнөн улам жарытылуу болбой калган. (TT)

XS
SM
MD
LG