Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:10

Өзбек-түркмөн чек арасы төрт жылдан кийин ачылды


Түркмөн-өзбек чек арасы.
Түркмөн-өзбек чек арасы.

Өзбек-түркмөн чек арасы төрт жылдан кийин кайра ачылды. Президент Шавкат Мирзиёевдин Хорезм облусуна иш сапарынын алдында өзбек-түркмөн чек арасына жакын жашаган тургундардын эки жакка үч күнгө чейин визасыз кирип чыгышына кайра уруксат берилди.

Хорезм облусунун Шават районундагы чек ара бекетинен тургундар Түркмөнстан тарапка визасыз өтө баштаганын алгач жергиликтүүлөр кабарлап чыгышты. Маалыматка ылайык, төрт жылдан бери жабык турган чек ара 25-январда кайра ачылган. Хорезмдик Мустафа аттуу тургун эки өлкө ортосундагы каттам президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен калыбына келгенин айтат.

Жергиликтүү тургундардын билдирүүлөрүн Шават акимчилигинин өзүн тааныштырбаган расмий өкүлү да тастыктап, эки өлкөнүн жарандарына чек аранын эки тарабына эркин каттоого жол ачылганын билдирди:

- Эл үчүн жакшы болду. Себеби көпчүлүк тургундардын чек аранын эки жагында тууган-туушкандары бар, келин алып, кыз берген.

Өзбек президенти Мирзиёевдин Каракалпакстанга иш сапары, 20-январь 2017-жыл.
Өзбек президенти Мирзиёевдин Каракалпакстанга иш сапары, 20-январь 2017-жыл.

2004-жылы эки өлкө ортосунда жетишилген келишимге ылайык, чек арага жакын жашаган өзбек жана түркмөн жарандарына үч күнгө визасыз жүрүүгө уруксат берилген. Бирок 2013-жылдын жайында Өзбекстандын эгемендик майрамынын алдында чек ара жабылып, андан бери ачылбай турган.

Эми тургундар чек аранын ары жагындагы туугандарына катташып, коңшуларды көрүп келүүгө камданып жатышкан экен. Алардын арасында туугандарынын жарымы Түркмөнстанда жашаган Хорезмдин 70 жаштагы тургуну Юлдаш да бар:

- Тааныштарыбыз, туугандарыбыз бар эле. Төрт жылдан бери көрө элекпиз. Эми чек ара ачылды деп уктум. Сүйүнүп турабыз. Буюрса, жакында барып келебиз.

Түркмөн-өзбек чеги, 2012-жыл.
Түркмөн-өзбек чеги, 2012-жыл.

Соңку төрт жылда Түркмөнстанга же Өзбекстанга баргысы келген тургундар баш калаалардагы коңшу өлкөнүн элчиликтерине барып, виза алууга мажбур болушкан. Ага чама-чаркы келбеген тургундар ушунча убакыт күтүүгө туура келди. Бирок азыр дагы сегиз доллар төлөп чек арадан өтүү оңой эмес экенин Шават районунун атын атагысы келбеген тургуну билдирди:

- Мен Түркмөнстанга төрт жыл мурда баргам. Кийин чек ара толугу менен жабылып калган. Азыр кайра ачылганын уктум. Бирок чек арадан өтүү үчүн сегиз доллар төлөө керек. Бул 56 миң өзбек сумуна же эң аз айлык акынын үчтөн бирине барабар.

Түркмөнстандын Лебап жана Ташауз аймактарын этникалык өзбектер байырлашат. Бул өлкөдөгү өзбектердин саны жарым миллионду же өлкө калкынын 12 пайызын түзөрү айтылып келет.

Өзбекстандын Хорезм, Сурхан-Дарыя облустарында жана Каракалпак Республикасында болсо 150 миңдей этникалык түркмөндөр жашайт.

Алардын көбү чек арага жакын аймактарда турушат. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу болсо 1650 чакырым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG