Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Түркмөн президенти элден обочо жерге көчтү


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов сергек жашоону жактагынын көрсөтүп жатат.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов сергек жашоону жактагынын көрсөтүп жатат.

Өлкөдө коронавирус жок деп жарыялаган түркмөн президенти жакындарынын саламаттыгына катуу кам көрүп жатканы маалым болду. Нан тартыштыгынан улам жер-жерлерде аткаминерлерге наразылыгын ачык айткан окуялар каттала баштады.

Түркмөнстан эл ичинде "коронавирус жок" деп жарыялаган дүйнөдөгү саналуу мамлекеттин бири.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов өз өлкөсүндө коронавирус жок экенин айтып, оорунун алдын-алуу чараларын киргизген жок. Ошол эле учурда өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна катуу кам көрүп жатканын "Азаттыктын" түркмөн кызматынын жергиликтүү кабарчылары билдиришти.

Ашхабаддагы абалды ичинен билгендер "Президент Гурбангулы Бердымухаммедов элден обочолонуп жашай баштады. Мурда жашаган жерден көчүп кетти. Ал жашаган Фирузда ата-энеси гана калды. Өзү чыгыш тарапка, Маныш айылына көчтү. Ата-энесине илдет жуктуруп алуудан коркуп жатат. Азыр президенттин өзүнүн ден соолугу жакшы", - деп кабарлашты.

Аркадагдын жаңы резиденциясы Ашхабаддын чыгыш тарабында шаардан 7-8 чакырым алыстагы капчыгайда жайгашкан. Жаңы резиденциянын курулушу 2018-жылы башталган. Манышта чоң жолдун боюндагы ондогон үйдү эки жыл мурда жер менен жексен кылып түздөп салышкан.

"Жаңы резиденция карындашына курулуп жатат дешкен. Бирок ал жакка азыр өзү барып алды. Өзү менен кошо ашпозчу, сакчы, багбан сыяктуу көп адамды ала кеткен. Азыр Фирузда ата-энеси калды. Алардын саламаттыгы жакшы, бирок катуу карантинде жатышат".

Мамлекеттик телеканалдар көрсөткөн жаңылыктардан Аркадаг аткаминерлерге кезеги менен колун өптүргөн адатын да таштаганы байкалат. "Азаттыктын" жергиликтүү кабарчысы президент өз коопсуздугуна катуу кам көрүп отурганда эл арасында өпкө оорусунан каза болгондор көбөйгөнүн билдирди.

"Чоганлыдагы көрүстөндө иштегендер акыркы бир айдан бери өлүм көбөйгөнун айтышты. Бир эле орустардын көрүстөнүнө күнүнө орточо 10-12 сөөк келип жатыптыр. Мусулмандардын көрүстөнүнө келгендердин саны андан да көп. Өлүкканалар толуп калган. Дарыгерлер өлүмдүн себебин жашырып жатышат. Маркумдун жакындарына "өпкө ооруудан каза болду" деп угузушат. Жакында эле көрүстөнгө бардым. Машина көп. Ичкери киргенге кезек күтүп калышты", - деди кабарчыбыз.

Ал арада ун тартыштыгынан улам, жер-жерлерде маал-маал тургундар нааразылыкка чыкчу болду. Жекшемби күнү Сапармурад районунда дүкөндө унга кезекте турган аялдар капыстан келип калган район акими Сердар Мередовду ортого алып, «Баарына сен күнөөлүүсүң! Жердин баарына пахта эктирген сенсиң! Азыр жегенге нан жок!» деп тилдеп киришкен.

Ачууланган аялдарга капыстан кабылган аким суурулуп чыгып, полиция чакырган. Дароо жетип келген полиция акимге тил тийгизген аялдарды кармап, аларды ким көкүткөнүн билүүгө аракет кылган.

Түркмөн бийлиги акыркы жылдары ун тартыш экенине карабай буудай талааларын жылдан жылга кыскартып келатат. Пахтанын планын байыл 1 миллион 50 тоннадан 1 миллион 200 тоннага көбөйткөн.

Ал арада Түркмөнстанда уурулук жана каракчылык кылмыштарынын саны өсүп жатат. Масален 10-майда башкалаанын 30-кичи районунда 60 жаштагы аял банкоматтан алыс эмес жерде бычакталды. Акчанын айынан жантаслим болгон пенсионердин капчыгын, банк карточкасын жана сөйкө-шакектерин алып кетишкен.

Кабарчынын маалыматына караганда, ушул тапта көчөдө аялдар көчөдө жалгыз-жарым жүргөндөн чочуп калышты.

"Ошол күнү ал аял «Түркмөнстан» банкоматынан акча чыгарып, үйүнө кайткан. №2 Саламаттык үйүнө карай басканда көздөн далдоо жерде кол салышкан. Ашхабадда мамлекеттик дүкөндөрдө таң эртеден бери кезекте туруп, кайткан аялдардын баштыгын колунан жула качкан окуялар көбөйдү. Машиналардын дөңгөлөгүн, бамперин, капталдагы күзгүсүн, аккулумяторун чечип кеткендер да көп болууда", - деп билдирди кабарчыбыз.

Борбор Азиядагы жабык өлкө саналган Түркмөнстанда 20-марттан тарта аймактар арасындагы транспорт каттамына чектөө киргизилген жана өкмөттүн гана автобустары жүрүп калган.

Ушул тапта чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн түркмөн жарандарынын тагдырына кызыккан эч ким жоктой. Түркмөнстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн интернет сайтында пандемия маалында жарандарына кам көрүп жатканы тууралуу маалымат жок.

Четте калган түркмөнстандыктар элчиликтерден эч кандай жардам жоктугун айтышат. Жүздөгөн түркмөн жараны Индияда, Орусияда, Түркияда, Грузияда жана Азербайжанда кризистин айынан кыйналып, жашоого каражаты жок калганы тууралуу маалымат байма-бай тарап жатат.

Түркмөн лидери өз элин коронавируска каршы адырашманды колдонууга чакырган. Ал адырашман «түркмөндөр миңдеген жылдар бою колдонуп келген, жаман адаттарга жана ар кандай жугуштуу ооруларга каршы даба болору далилденген» деп айткан.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Бердымухаммедовдун мындай сунушунан кийин мамлекеттик мекемелерде, мектептерде күнүнө кеминде эки жолу адырашман менен ысырыктоо жапырт башталганын жазган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG