Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Аргентинанын президенти эмделгенден кийин деле коронавируска чалдыкты


Аргентинанын президенти Алберто Фернандес
"Sputnik V" вакцинасы менен эмделүүдө. Буэнос-Айрес. 2021-жылдын 21-январы.
Аргентинанын президенти Алберто Фернандес "Sputnik V" вакцинасы менен эмделүүдө. Буэнос-Айрес. 2021-жылдын 21-январы.

Алааматтуу «COVID-19» илдетине каршы мурда эмделген Аргентинанын президенти Алберто Фернандес 3-апрелде (Аргентина убактысы боюнча 2-апрелде) коронавируска чалдыккандыгын маалымдады.


Президент Фернандес өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына: "Бүгүн түнгө маал табым 37,3 градуска чейин көтөрүлүп, бир аз башым ооруп, антитулкуга анализ тапшырдым, анализ оң чыкты", – деп жазды жана диагнозун тастыктоо үчүн ПЧР сынагынын натыйжаларын күтүп жаткандыгын кошумчалады.

Фернандес коронавируска каршы Орусияда жасалган “Sputnik V” вакцинасы менен жыл башында Буэнос-Айрес ооруканасында эмделген. 2-апрелде 62 жашка чыккан Фернандес өзүнүн "абалы жакшы" деп эскертип, алдын-алуу максатында обочодо болуу эрежесин кармана баштагандыгын кошумчалады.

Аргентина бир жылдан ашуун убакыттан бери өлүмгө алып келген пандемияга каршы ар кандай даражада карантиндик чектөөлөрдү киргизген.


Түштүк Американын бул 44 миллиондуу калкы бар өлкөсүндө 2,3 миллиондон ашуун киши коронавируска чалдыккан жана бул илдеттин айынан 55 миңден ашуун киши набыт кеткен.


Ал эми коронавируска каршы эмдөө жүрүмүндө бул континентте Чили алдыңкы сапта бара жатат. 19,2 миллиондуу калкы бар Чилиде 2-апрелге карата 6 928 520 киши (36,01 %) алгачкы вакцинаны алган, 3 832 331 киши (19,92 %) толук эмдөөдөн өткөн. Аргентинада болсо жалпы калктын 1,50 % бөлүгү гана коронавируска каршы толук эмделген. (TT)

XS
SM
MD
LG