Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:22

COVID-19: Токаев казакстандыктарды вакцина алууга чакырды


Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мекендештерин коронавируска каршы эмделүүгө чакырды. Ал "Твиттердеги" баракчасына бул тууралуу 1-апрелдеги эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешмеде билдиргенин жазды. Токаев ушул кезге чейин өлкө жарандарынын 0,1 пайызы гана эмделгенин сындап, апрель айында вакцинация кампаниясын күчөтүүнү тапшырды.

“Бардык жарандарды вакцина сайдырууга чакырам. Бул өзүңөрдүн, ата-эне, жакындарыңардын саламаттыгы үчүн керек”,-деп жазды казак президенти.

Соңку күндөрү Казакстанда коронавирус жуккан учурлар көбөйө баштады. Учурда күн сайын бир жарым миңге чейин адамдан вирус аныкталып жатат. Саламаттык сактоо министри Алексей Цой “пессимисттик сценарий” боюнча өлкөдө апрель-июнь айында 370 миңге чейин, ал эми “оптимисттик сценарий” боюнча 140 миңге чейин адам вирусту жугузушу мүмкүн экенин билдирген.

Казакстанда оору 300 миңден ашык адамга жугуп, илдеттен 3700дөн көп бейтапын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG