Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Ишембиде Беларуста 200дөй киши кармалды


Коопсуздук күчтөрү бир айымды кармап кетүүдө. Минск. 2021-жылдын 27-марты.
Коопсуздук күчтөрү бир айымды кармап кетүүдө. Минск. 2021-жылдын 27-марты.

Беларус коопсуздук күчтөрү 27-мартта жаңы оппозициячыл нааразылык чараларын болтурбоо үчүн Минск шаарында 200гө жакын кишини кармап кетти жана көчөлөрдү курчоого алды. Өлкөнүн оппозициялык күчтөрү бир нече айлык жазалоолорго моюн сунбастан, демократиячыл кыймылга жаңы дем киргизүүгө умтулууда.

2020-жылы август айында өткөн шайлоодон кийин анын жыйынтыктарынын одоно бурмалангандыгына нааразы болгон калайык Беларуста жапырт нааразылык чараларын ырааттуу уюштуруп келет.

Өзүнүн темирдей башкаруусун сактап келе жаткан авторитардык лидер Александр Лукашенко өз ыйгарым укуктарын алтынчы мөөнөткө узартканы расмий жарыялангандыгына карабастан, беларус оппозициясы да, демократиячыл Батыш да БШК сунуштаган жыйынтыкты тааныган эмес.

Шайлоонун бурмаланган жыйынтыгына нааразылыгын билдирүү үчүн бир нече жүз миңдеген кишилер күзүндө тынбай көчөгө чыккан, бирок кыштын катаал аба-ырайы жана ырайымсыз кысым акыркы айларда нааразылык кыймылын бир кыйла жайлаткан болчу.


Нааразылык чараларын уюштуруп-багыттоого көмөктөш болгон “Telegram” тармагындагы оппозициялык “Nexta” каналы өзүнүн 1,4 миллион колдонуучусуна 27-марттагы окуялар элдин Беларустагы быйылкы "алгачкы ири чыгуусу" болуп калаарын айткан болчу.

"Биз көчөлөргө кайтып келдик" деп жазган “Nexta”. Мунун менен ал оппозиция нааразылык чаралардын жаңы толкунун жана бардык шаарларда чачыранды аракеттерди уюштурууга даяр экендигин билдирген.


“Жаз” ("Вясна") укук коргоо борборунун билдиришинче, ишемби күнү саат 22ге чейин полиция кеминде 177 кишини, анын ичинде беш журналистти кармап кетти. Кармоо учурларынын дээрлик бардыгы Минск шаарында орун алды.

Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская “Твиттердеги” барагында Минсктеги мыйзамсыз кармоолорду “режимдин мыйзамсыз иш-аракети” катары кескин айыптап, калайыкты өлкөдөгү саясий кризисти тынч жол менен биргелешип чечүүгө чакырды.


Нааразылык чараларынын уюштуруучулары ордо шаардын борборунда нааразычылык жыйындарын өткөрүүнү пландаштырышкан, бирок коопсуздук күчтөрүнүн өзгөчө топтолуп алышы жана жакын көчөлөрдө бөгөт уюштуруусу аларды планды өзгөртүүгө аргасыз кылды.

Оппозиция өкүлдөрү өз тарапкерлерин Якуб Колас аянтына жакын жайгашкан короолорго жана чектеш көчөлөргө чогулууга чакырды.


Минск шаарынын борбордук бөлүктөрүнөн алынган сүрөттөрдө жана видео тасмаларда коопсуздук күчтөрү кишилерди туш келди кармап, чакан жабык унааларга күчтөп салып жаткандыгы жана тизилип турган аскердик унаалар, полициянын жабык унаалары көчөлөрдү кантип тороп тургандыгы чагылдырылды. (TT)

XS
SM
MD
LG