Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Беларус европалык обондуу ыр сынагынан четтетилди


Беларустук "Галаси Зместа" (Galasy ZMesta) тобу.
Беларустук "Галаси Зместа" (Galasy ZMesta) тобу.

Беларус европалык обондуу ыр сынагынын саясаттан тышкаркы мүнөзүнө дал келбеген чыгармалык сунуш жөнөтө албагандыктан, бул өлкө быйылкы “Еврокароо” сынагынан четтетилди. Бул тууралуу эл аралык сынактын уюштуруучусу 26-мартта маалымдады.

Европа Берүүлөр Биримдиги (EBU) өз билдирүүсүндө Беларус мамлекеттик телерадиоберүү мекемеси тарабынан берилген экинчи сунуш да эл аралык сынактын саясий куралга айландырылбашы же кадыр-баркы түшүрүлбөстүгү камсыз кылынчу эрежелерге шайкеш болбой калгандыгын белгилеген.

Беларустардын “Galasy ZMesta” тобу сунуш кылган биринчи ыр ушул айдын башында четке кагылган.

Бул “Galasy Zmesta” тобунун "Мен сага үйрөтөм" (“I'll Teach You”) ыры Лукашенкону мактап-жактаган саптары жана "Сага күү ыргагына ылайык бийлөөнү үйрөтөм, Сага кайырмактагы жемди алууну үйрөтөм" деген сыяктуу сөздөрдү колдонгондугу үчүн өзүнө карата терс таасир жараткан.

“Еврокароо” сынагынын уюштуруучулары 11-мартта Минск сунуштаган талапкерден баш тартып, эгерде Беларус обондуу ырдын өзгөртүлгөн вариантын же жаңы талапкерди сунуштабай турган болсо, анда ал сынактан чыгып калат, деп катуу эскерткен.

Беларустан сунушталган “Galasy Zmesta” тобунун "Мен сага үйрөтөм" (“I'll Teach You”) ыры “Еврокөрсөтүү” (“Eurovision”) обондуу ырларынын 2021-жылкы сынагынан чыгарылып салынды.
Беларустан сунушталган “Galasy Zmesta” тобунун "Мен сага үйрөтөм" (“I'll Teach You”) ыры “Еврокөрсөтүү” (“Eurovision”) обондуу ырларынын 2021-жылкы сынагынан чыгарылып салынды.


Айрым сынчылар бул обондуу ырда Беларус жумуриятынын авторитардык лидери Александр Лукашенкого каршы уюштурулуп жаткан жапырт нааразылык кыймылын мазактаган маанай да камтылганын сынга алышкан.


Европа Берүүлөр Биримдиги Беларус улуттук телерадиокомпаниясы – БТРКга дагы бир сунуш тапшыруу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн обондуу ырды жиберүү мөөнөтүн узарткан болчу.

Европа Берүүлөр Биримдиги 26-марттагы билдирүүсүндө БТРК талапкерлердин документтерин тапшыруу үчүн узартылган акыркы мөөнөттү да өткөрүп жибергендигин жана мындан улам, "тилекке каршы, Беларус “Еврокароо” сынагынын май айында өткөрүлгөн жаткан 65-жолку сынагына катышпай тургандыгын" маалымдады.


Билдирүүдө өлкө жөнөткөн экинчи сунуштун чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берилген жок, бирок Европа Берүүлөр Биримдиги жана “Еврокароо” обондуу ыр сынагынын башкаруу кеңеши аны кылдаттык менен текшерип чыгышкандыгы айтылды.

18–22-май күндөрү Нидерланддардын порт шаары Роттердамда “Еврокөрсөтүү” сынагы өткөрүлөт. (TT)

XS
SM
MD
LG