Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Тихановская беларустарды жаңы акцияларды баштоого үндөдү


Светлана Тихановская
Светлана Тихановская

Беларус оппозициянын лидери Светлана Тихановская өз мекендештерин Александр Лукашенконун бийлигине каршы акциялардын жаңы толкунун баштоого чакырды.

Ал 25-мартта белгиленчү Эркиндик күнүндө жаңы акцияларды баштоо керектигин билдирди. 25-мартты беларустар 1918-жылы бир жылга жетпеген убакыттай өкүм сүргөн Беларус Элдик Республикасынын түзүлгөн күнү катары белгилешет. Бирок бул күнү Минск баштаган бир катар аймактардагы нааразылык чаралары бийликтин каршылыгына кабылууда.

"Беларус элдик фронту" деп аталган оппозициячыл партиянын лидери Григорий Костусев 22-мартта “Азаттыктын” беларус кызматына полиция коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдү шылтоо кылып акцияларды өткөрүүгө жолтоо болорун билдирген.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму да Эркиндик күнүндөгү митингдерде бийлик күч колдонушу мүмкүн экенин эскерткен.

Беларуста былтыр августта президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенко утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир катар мамлекеттер анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат. Анын жүрүшүндө Беларустун коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.

Акыркы маалымат боюнча Беларуста 27 миңден ашык киши кармалган. 400дөн ашык адам соттолду. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG