Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:22

Болгарияда "Орусияга тыңчылык кылды" деп шектелгендер кармалды


Болгария атайын күчтөрүнүн аскердик машыгуусу. 2016-жылдын 23-июну.
Болгария атайын күчтөрүнүн аскердик машыгуусу. 2016-жылдын 23-июну.

Евробиримдикке мүчө өлкө Болгариянын башкалаасы Софияда жана Перник шаарында "Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган" деген доо боюнча бир нече киши кармалды.

Аларды кармоо боюнча атайын коопсуздук амалдары жүргөнүн мамлекеттик телеканал 19-мартта кабарлады.

Кармалгандардын экөөсү - болгар армиясынын офицерлери, бирөө болсо - чалгынга каршы кызматтын мурдагы кызматкери.

Болгариядагы Орусияны сүйүүчүлөр жыйынында. Казанлак шаарына жакын Копринка жергеси. 2019-жылдын 14-сентябры.
Болгариядагы Орусияны сүйүүчүлөр жыйынында. Казанлак шаарына жакын Копринка жергеси. 2019-жылдын 14-сентябры.

Болгариянын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Сиика Милеванын 19-мартта билдиргенине караганда, кылмышка шектүүлөр "Коргоо министринин Аскердик чалгындоо кызматынын мурдагы улук мүчөсү" башында турган тыңчылык тобунун курамында болушкан.

Тергөөнүн жоромолуна караганда, шектүүлөр Орусиянын Тышкы Чалгын кызматына тыңчылык кылып келген. Жалпысынан алты шектүү кармалганы дайын болду. Алардын бирөө - орусиялык чалгын кызматынын резидентинин жубайы экендиги айтылды.

Тыңчылыкка шектелгендер Болгариянын мамлекеттик органдарындагы Сирия, Тоолуу Карабак жана Украина боюнча маалыматтарды чогултуп, Орусия тарапка жеткирип турган деп шектелүүдө.

Орусиянын Софиядагы элчилиги мындай кадам "орус-болгар баарлашуусуна шынаа киргизип, өлкөбүздү дагы бир жолу жин-шайтан катары сыпаттоо үчүн жасалган тынымсыз далаалаттардын кесепети" болуп саналат, деп жооп кайтарды. Антиорусиялык аракеттерге ким жооптуу экендиги орус элчилигинин билдирүүсүндө айтылган жок.

Болгария 2019-жылы алты орусиялык дипломатты тыңчылыкка айыптап, өлкөдөн чыгарган. "Кансыз согуш" маалында бул өлкө СССРге өзгөчө жакын болгон.

XS
SM
MD
LG