Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:30

Православ лидерлери 12 кылымдан кийин чогулушту


Дүйнө патриархы Варфоломей.
Дүйнө патриархы Варфоломей.

Дүйнөдөгү православ чиркөөрлөрдүн лидерлери Орусия жана үч мамлекет чиркөөлөрү жарыялаган бойкотко карабай, 1200 жылда алгач ирет Ыйык улуу кеңешке чогулушту. Дүйнө патриархы Варфоломей 19-июндан башталып, бир аптага уланчу жыйындын алгачкы күнү Грекиянын Крит аралында ибадат амалын окуду.

“Бул чогулуш биримдикке негиз болот”,- деди Варфоломей.

Православ чиркөө лидерлеринин жыйынына ондогон жылдардан бери даярдык көрүлөт. Бирок чиркөөлөр ортосундагы талаштарга чекит коюла элек. Буга байланыштуу Орусия, Грузия, Болгария жана Сирия православ чиркөөлөрү Ыйык улуу кеңешке бойкот жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG