Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:21

Болгария тыңчы деген орус дипломатын өлкөдөн чыгып кетүүгө буйруду


Болгария менен Орусиянын тышкы иштер министрлери.
Болгария менен Орусиянын тышкы иштер министрлери.

Болгариянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилигиндеги тыңчылыкка шектелген кызматкер 24 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керектигин айтты. Буга чейин София элчиликтеги тогуз катчынын бири өлкөдөн 28-октябрда чыгып кеткенин билдирген, бирок Москва тыңчы деп айыпталган бул дипломатты чакыртып албаганы белгилүү болгон. Орусиянын Болгариядагы элчилиги да, Тышкы иштер министрлиги да бул кызматкердин аты-жөнүн ачыкка чыгара элек.

Маалыматтарга караганда, орусиялык дипломат Болгариянын НАТОдогу, Европа Биримдигиндеги иштерине байланыштуу мамлекеттик маанилүү сырларды билген, болгариялык жогорку даражалуу аткаминерлер "кутумчул" жолугушууларды өткөргөн жана өзү топтогон жашыруун маалыматтарды чет өлкөгө жөнөтүп туруу ниети болгон.

Болгария НАТОго 2004-жылы мүчө болгон, ал эми Европа Биримдигине 2007-жылы кошулган.

Болгария өткөн жылы НАТОдогу жана Европа Биримдигиндеги өнөктөштөрүнүн орус дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу жараянына кошулган эмес. Анда АКШ баштаган бир катар батыш мамлекеттери Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызынын ууландырылганына байланыштуу Москваны айыптап, өз өлкөлөрүнөн айрым бир орус дипломаттарын чыгарып койгон болчу.

Өткөн айда Болгарияда мурдагы депутат, ушул тушта орусиячыл бейөкмөт уюмду жетектеген Николай Малиновго тыңчылыкка байланыштуу жана "арам акчаны адалдаган" деген айып менен кылмыш иши козголгон. Анын ишинен улам орусиялык ишкер Константин Малофеев "нон-грат персонасы" деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG