Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

АКШ вице-президенти Харрис БУУда чыгып сүйлөдү


Камала Харрис вице-президентикке киришүү антын берди. Жанында - өмүрлүк жолдошу Даг Эмхофф мырза. Капитолий, Вашингтон. 2021-жылдын 20-январы.
Камала Харрис вице-президентикке киришүү антын берди. Жанында - өмүрлүк жолдошу Даг Эмхофф мырза. Капитолий, Вашингтон. 2021-жылдын 20-январы.

АКШнын вице-президенти, демократ Камала Харрис айым шейшемби күнү (16-мартта) Бириккен Улуттар Уюмунда биринчи жолу сөз сүйлөдү. Ал гендердик теңчилик көйгөйлөрүнө арналган жолугушууга катышып, дүйнөдөгү демократия аялдардын мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды экендигин баса айтты жана дүйнө жүзүндө демократия барган сайын кысымга алынып жаткандыгын түшүндүрдү.

Харрис айым БУУнун Аялдардын макамы боюнча 65-комиссиясынын отурумуна катышып жаткандарга видео кайрылуусун жолдоду. Бул кайрылууда ал Америка Кошмо Штаттары аялдардын макамын чыңдоо жаатында да, демократиячыл жүрүмдөрдү колдоо тармагында да топтолгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн иш алып барат, деп ишендирди.


«Демократиянын макамы, ошондой эле, көп учурда аялдардын мүмкүнчүлүктөрүнөн дагы көз каранды. Бул – аялдарды чечим кабыл алуудан четтетүү калпыс демократиянын көрсөткүчү болгондуктан гана эмес, аны менен бирге эле аялдардын катышуусу – демократияны чыңдап жаткандыгында да айгинеленет», – деди Харрис айым.

Бул пикирин ал "Твиттердеги" барагында да 16-мартта жарыялады.

Камала Харрис айым президент Жо Байдендин өкмөтү мындан ары БУУнун курамында гендердик теңчилик жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери менен алектенген “БУУ – Аялдар” уюму менен өнөктөштүктү чыңдайт, деп баса белгиледи.

Ал эми мурдагы президент Доналд Трамптын учурунда расмий Вашингтон БУУда аялдардын төрөө менен байланыштуу укуктарын колдоого алууга каршы чыгып, мындай сөздөр "абортту жайылтуу" далаалатына тете, деп БУУнун турумун сындап чыккан.

Камала Харрис – АКШнын вице-президенти болуп шайланган алгачкы аял болуп саналат. (TT)

XS
SM
MD
LG