Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

Харрис Байден менен алгачкы иш-чарада Трампты сындады


Жо Байден менен Камала Харрис. Делавер штаты, 12-август, 2020-жыл.
Жо Байден менен Камала Харрис. Делавер штаты, 12-август, 2020-жыл.

АКШда демократтардын президенттикке талапкери Жо Байден жана ал жаңы эле вице-президенттикке тандаган Камала Харрис 12-августта биринчи жолу шайлоо өнөктүгүнүн алкагындагы иш-чарага катышты.

Харрис президент Дональд Трампты «өлкөнү бүлгүнгө учураткан компетентсиз лидер» деп атады. Саясатчы өлкө коронавирус пандемиясы, расалык адилетсиздик жана экономикалык кыйынчылык түрүндөгү кризиске үч жагынан туш болгонун айтты.

Трамп Харрис вице-президенттикке ат салышары белгилүү болору менен ага чабуул койгон. Президент «Твиттердеги» баракчасына «Камала Харрис - ашынган солчул. Байден өлкөнү салыктарды көбөйтүү, полициянын санын кыскартуу, энергетика тармагында жумуш орундарын азайтуу жана чек араларды ачуу тууралуу убада берген экстремисттердин колуна тапшырып жатат», - деп жазылган видеону жайгаштырган.

Президенттик шайлоо АКШда ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG