Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Amnesty: Беларус бийлиги аялдарга кысымын улантууда


Беларустагы оппозициячы айымдар (солдон оңго): Мария Колесникова, президенттикке талапкер Светлана Тихановская жана Вероника Цепкало. 2020-жылдын июлу.
Беларустагы оппозициячы айымдар (солдон оңго): Мария Колесникова, президенттикке талапкер Светлана Тихановская жана Вероника Цепкало. 2020-жылдын июлу.

Беларустун бийлиги нааразылык иш-чараларына катышкан аялдарды куугунтуктоодо жана аялдардын уюмдарына карата басымды күчөттү. Бул тууралуу Amnesty International уюмунун 8-мартта жарыялаган баяндамасында айтылат.

Укук коргоочулар нааразылык чарасы учурунда кармалган аялдарды бийликтер “начар эне”, “начар аял” деп күнөөлөп, балдарын тартып алабыз деп опузалаганын белгилешет. Көптөгөн аялдар кармоо учурунда зомбулукка туш болгон. Беларустун түрмөлөрүндө ондогон аялдар дагы эле кармалып турат.

"Беларустун каарман аялдарынын эркиндик жана адам укугу үчүн күрөшүнө тилектеш болууга чакырабыз. Алар өз күрөшү менен патриархалдык көз карашка каршы жана адам укугу, өнүгүү жана өзгөрүүлөргө умтулууну басууну көздөгөн репрессивдүү өкмөткө каршы чакырык ташташты”, - деп айтылат эл аралык уюмдун билдирүүсүндө.

Amnesty International уюму нааразылык кыймылдын символу болгон беларус аялдарынын ысымдарын жарыялады. Алардын арасында оппозициянын лидери, учурда Литвада жашап жүргөн Светлана Тихановская, учурда абактагы активист Мария Колесникова, укук коргоочу Марфа Рабкова, нааразылык жыйынын түз эфирде көрсөткөнү үчүн жазаланган “Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева менен Дарья Чульцова бар.

Беларуста өткөн жылдын 9-августунан бери президенттик шайлоодон саясий кризис уланууда. Добуш берүүнүн бурмаланган жыйынтыгына каршы жапырт нааразычылык чаралары уюштурулуп келет.

1994-жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан Александр Лукашенко БШК тарабынан былтыркы августтагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган.

Беларус оппозициясынын тарапкерлери бурмаланган жыйынтыктарды тааныбайбыз деп четке кагып келишет.

Оппозиция өкүлдөрү Лукашенконун кызматтан дароо кетишин, саясий туткундардын бошотулушун жана жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда. Бул күрөштө Светлана Тихановская жана үзөңгүлөштөрү Мария Колесникова, Вероника Цепкало Беларустагы бийликке каршы күрөштүн символу катары кабыл алынып келет.

XS
SM
MD
LG