Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:59

Беларустагы аялдар маршында бир нече киши кармалды


Пенсионер жана активист Нина Багинскаянын кармалган учуру. Минск, Беларус. 26-сентябрь, 2020-жыл.
Пенсионер жана активист Нина Багинскаянын кармалган учуру. Минск, Беларус. 26-сентябрь, 2020-жыл.

Беларустун борбору Минск шаарында милициянын өзгөчө багыттагы отрядынын (ОМОН) кызматкерлери аялдар маршынын ондогон катышуучуларын кармады. Кармалгандардын арасында каршылыктардын символуна айланган пенсионер жана активист Нина Багинская да бар. Кийин аны кайра кое беришкени кабарлады.

Акция Жеңиш аянтында башталышы керек эле. Анын жанындагы метро жабылып, аянтка коомдук транспорт токтобой калгандыктан жүрүш Комаров аттуу районго жылган. Акциянын катышуучулары жүрүш оппозициянын атынан Беларустун президенттигине талапкер Светлана Тихановскаянын инаугурациясына даярдык экенин билдирип жатышат.

Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар бир жарым айдан бери өтүп жатат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттин жетекчилик кызматын 1994-жылдан бери аркалап келе жаткан Александр Лукашенкону жеңүүчү деп тапкан.

Оппозициянын тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып келишет. АКШ, Европа Биримдигиндеги жана башка батыш өлкөлөрү беларус шайлоосунун жыйынтыгын тааныган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG