Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Беларус оппозиционери Мария Колесникова АКШнын "Каарман айым" сыйлыгына татыды


Мария Колесникова
Мария Колесникова

Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти эр жүрөк, башкалар үчүн өзүн курмандыкка чалууга даяр 14 лидер аялга «Каарман айым» сыйлыгын ыйгарды.

Алардын катарында Беларус, Иран, Ооганстан баштаган бир катар мамлекеттердин жарандары бар.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен абройлуу бул сыйлыкты 8-мартта тапшырмакчы.

Бул ирет ал наамга башкалардын катарында белорус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесникова жана Иранда исламга ылайык кийинип жүрүү эрежелерин бузганы үчүн чет жакта бозгунда жүргөн шахмат калысы Шохре Баят да татыды.

Ошондой эле мамлекеттик департамент жарыялаган билдирүүгө ылайык быйыл «Каарман айым» сыйлыгы коомго кызмат көрсөтүп жатканда өлтүрүлгөн ооганстандык аялдар тобуна ыйгарылды, алардын катарында 7 аял бар.

15 жыл мурда негизделген бул сыйлык жыл сайын «тынчтык, адилеттүүлүк, адам укуктары, гендердик теңчилик, аялдардын мүмкүнчүлүктөрү үчүн эр жүрөктүүлүк менен күрөшкөн, көп учурда бул үчүн өз өмүрүн тобокелчиликке салган» дүйнө аялдарына ыйгарылат.

Бул сыйлыкты 2011-жылы Кыргыз Республикасынын ошол кездеги президенти Роза Отунбаева да алган.

XS
SM
MD
LG