Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Пакистан: Коопсуздук күчтөрү 8 жоочуну өлтүргөнүн маалымдады


Мирамшах жергесинин тургундары бир карапайым кишини коопсуздук күчтөрү бөөдө жерден өлтүрүп салышты деп нааразылык жыйынга чыгышты. Түндүк Вазиристан, Пакистан. 2021-жылдын 28-январы.
Мирамшах жергесинин тургундары бир карапайым кишини коопсуздук күчтөрү бөөдө жерден өлтүрүп салышты деп нааразылык жыйынга чыгышты. Түндүк Вазиристан, Пакистан. 2021-жылдын 28-январы.


Пакистандын коопсуздук күчтөрү Түндүк Вазиристан вилайетинде жоочулардын жашырынган жайлары катары шектелген жерлерге ар башка чабуул жасашып, натыйжада сегиз исламчы жоочуну жок кылышканын билдиришти.

Коопсуздук күчтөрүнүн чабуулдары өлкөнүн Ооганстан менен чектеш чөлкөмүндө ар кыл уруулар байырлаган Боя жана Досали аймактарында жүргүзүлдү. Бул тууралуу Пакистандын аскердик медиа каражаты 6-мартта билдирүү таркатты.

Бул коопсуздук амалдары маалында өлкөдө тыюу салынган «Техрик-и-Талибан Пакистан» (ТТП) жоочулар уюмунун үч колбашчысы өлтүрүлдү, деп Кызматтар аралык коомчулук менен байланыш бөлүмү (ISPR) билдирди. Жок кылынгандардын үчөө – Абдул Анир (лакап аты Адил), Жунейд (лакап аты Жамид) жана Халык Шадин (лакап аты Рехан) экендиги аныкталды.

Кызматтар аралык коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүндө бул үчөө тең "2009-жылдан бери коопсуздук күчтөрүнө, күч түзүмдөрүнө жана жергиликтүү тургундарга каршы террордук аракеттерге катышып келген" деп айтылат.

Бул аскердик коопсуздук чарасы жөнүндө азыркыга чейин ТТПден же башка куралдуу топтон эч кандай пикир айтыла элек. Аскерлердин бул кабарын көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоого да азырынча мүмкүндүк болгон жок.

Өткөн жылы Түндүк Вазиристан аймагында Пакистандын коопсуздук күчтөрүнө каршы чабуулдардын жана аймактагы айрым беделдүү аксакалдар менен өкмөттүк төбөлдөрдү мерчемге алып өлтүрүп кетүүлөрдүн саны кескин өскөн болчу. (TT)

XS
SM
MD
LG