Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Пакистанда төрт уруу аксакалы киши колдуу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагында белгисиз жоочулар төрт уруу аксакалын өлтүрүп кетишти. Жергиликтүү тургундар «Азаттыкка» алар 30-ноябрда Хайсур шаарында машинада келатышканын, аксакалдарга башка машинадан кол салуу болгонун айтып беришти. Чабуул койгондор из жазгырып кетти, бул кандуу окуяны ким уюштурганы белгисиз.

Түндүк Вазиристандын полиция башчысы Шафиулла Гандапур териштирүү башталганын маалымдады.

Мындан эки күн мурун бул райондо курулушта иштеп жаткан төрт куруучу киши колдуу болгон.

Ооганстан менен чектешкен бул район өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясына жайгашкан жана соңку бир топ жылдан бери жоочулар байырлаган аймак катары белгилүү болчу.

Пакистандын аскер башчылары Түндүк Вазиристанды «Талибан» баштаган террорчу топтордон тазалаганын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар кийинки убакта кол салуу күчөгөнүн, талибдер жана башка жоочулар кайтып келиши ыктымал деген кооптонуу көбөйгөнүн айтышат.

Быйыл жыл башынан бери эле 40тай кол салуу учуру болгон.

XS
SM
MD
LG