Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Көзүм тумандады да... Байден менен Путиндин азил сүрөтү


Серей Ёлкиндин азил сүрөтү. 2021.
Серей Ёлкиндин азил сүрөтү. 2021.

“Азаттыктын” орус кызматы карикатурист Сергей Ёлкиндин кезектеги азил сүрөтүн жарыялады. “Күлкү кербени” түрмөгүндө анын чоо-жайын баяндайбыз.


Таанымал карикатурачы сүрөтчү Сергей Ёлкин өзүнүн чымчыма калеми менен АКШ президенти Жо Байден менен орус президенти Владимир Путиндин жакында болгон телефон аркылуу байланышын такмазалап чагылдырган.

Азил сүрөттө эки кейипкер – АКШ президенти Жо Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путин бири-бири менен тедефон аркылуу сүйлөшүп жатышат.


Жо Байден: “...Крым, Донбасс, отравление Навального...
(“...Крым, Донбасс, Навальныйдын ууландырылышы...”

Владимир Путин: “Забрало... запотело...”.
(“([Туулганын] калкаламасы... тердеп кетип [көргөзбөй койбодубу!]...”)

Мында Байдендин сөзүнүн төркүнү түшүнүктүү. Ал Крымды Украинанын бөлүгү катары тааныйт, Донбасстагы тирешүүнү орусиялык тарап козутуп жатканын айтып жатат. Ошондой эле ал Алексей Навальныйдын 2020-жылы августтагы ууландырылышы жаатында Орусиянын бийликтери калыс иликтөө жүргүзө тургандыгына үмүтүн билдирип жатат.

Ал эми Путиндин сөзү жакынкы дагы бир окуяны эске салат.

2021-жылы 23-январда Санкт-Петербургда 54 жаштагы Маргарита Юдина деген айымды нааразылык жыйыны маалында демонстранттарды кармап кетип жаткан полициячылардын бири буту менен тээп жыккан жана бул аял жерге жыгылып түшүп, мээси чайкалган.

Андан соң шаардык полиция жетекчилиги Юдина айымдан кечирим сураган соң, алиги аты белгисиз полициячы да ооруканага гүлдесте алып келип, жаракат алган айымдан кечирим сураган:

Сизге өзүмдүн жүрөк тереңинен чыккан кечирим сураган сөзүмдү айткым келди. Полиция үчүн өтө татаал күн болду жана жагдайлар бири-бирине кабатташып кетпедиби... Ошол окуяга чейин 5 мүнөт мурда мени газ (чабуулуна) кабылтышты. (Анан) менин (туулгамдын) калкалама кыры тумандап кетип, эмне болуп жатканын деле көрө алган жокмун”.

(Орусча: “Хотел принести вам свои глубочайшие извинения, был очень сложный день для полиции и наложение факторов... Меня за пять минут до этого залили газом, у меня запотело забрало, я не видел, что происходит”).


Полициячынын Юдинадан кечирим сурап жатканы “Mash на Мойке” телеграм-каналындагы тасмада чагылдырылган. (https://t.me/breakingmash/23149)

Бирок демонстрация маалында тартылган даректүү тасмада алиги полициячынын туулгасынын айнек калкаламасы бууланбай эле, артка жылдырылып коюлгандыгы көрүнүп турганын орусиялык ЖМКлар , анын ичинде "Московский комсомолец" басылмасы жазып чыгышты.

Демек, орусча “Забрало запотело...” “([Туулганын] калкалама кыры... тердеп кетип [көргөзбөй койбодубу!]...”) сөзү жеңил шылтоо айтып, чыныгы жоопкерчиликтен качуу далаалатын туюнткан ылакап сөзгө айланган.

С.Ёлкиндин карикатурасындагы Путинге жабыштырылган сөз да азилчи сүрөткердин шакабасынын кермек даамдуу тузун түзүп турат.

XS
SM
MD
LG