Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:41

Украинанын АКШдагы жаңы элчиси дайындалды


Оксана Маркарова
Оксана Маркарова

Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшембиде мурдагы каржы министри Оксана Маркарованы АКШга элчи кылып дайындады. Президент Зеленский Маркарованы жогорку деңгээлдеги адис деп сыпаттап, ал айым Кошмо Штаттар менен алаканы бекемдөө менен катар инвестиция тартууга жардам берет деген ишенимин билдирди.

Украин бийлиги Жо Байдендин аөкмөтү менен бекем мамиле түзүүнү каалайт. Буга чейинки президент Доналд Трамп менен расмий Киевдин ортосунда бир катар түшүнбөстүктөр жаралган.

45 жаштагы Оксана Маркарова АКШнын Индиана университетинде магистратураны аяктаган. Ал 2018-2020-жылдары өлкөнүн каржы министрлигин жетектеген.

Ал реформачыл маанайы менен айырмаланат жана АКШнын жогорку жетекчилиги анын турумуна дурус көз карашта экендиги жоромол кылынып келет.

XS
SM
MD
LG