Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:02

Москвада "Азаттыктын" орус кызматы  айрым протоколдор боюнча сотко кайрылды


«ЭЕ/АҮ» корпорациясынын орус кызматынын ("Радио Свобода") кеңсеси. Москва. 2017-жылдын 16-ноябры.
«ЭЕ/АҮ» корпорациясынын орус кызматынын ("Радио Свобода") кеңсеси. Москва. 2017-жылдын 16-ноябры.

«Эркин Европа/Азаттык үналгысы» (ЭЕ/АҮ) медиакорпорациясы 5-февралда өзүнүн орус тилдүү кызматына каршы Орусияда түзүлгөн администрациялык мыйзам бузуу протоколдору боюнча Москвадагы Тверь райондук сотуна арыз менен кайрылды.

«Роскомнадзор» мекемесинин былтыр 30-октябрда күчүнө кирген буйругуна ылайык, Орусияда чет жактан каржыланган маалымат каражаттары веб-сайт же социалдык тармактарга жарыялаган ар бир макала, жаңылык же жарыясына «чет элдик агент» деген эн белги коюуга милдеттендирилген. Мындан тышкары аудио-видео материалдарда да ар бир 15 секунд сайын мындай белги көрсөтүлүп же айтылып турушу керек.

«ЭЕ/АҮ» корпорациясынын президенти Жейми Флай бул ыкманы журналисттердин ишине орой кийлигишүү түрү катары баалады.

«Кремль биздин өсүп бараткан аудиториянын эркин маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектегиси келет. Эгерде радио Орусияда иштей албай калса, анда орус эли ишенимдүү маалымат булагынан айрылат», - деп айтылат Флайдын билдирүүсүндө.

2020-жылы декабрда жана үстүбүздөгү жылдын январь айында «Роскомнадзор» мекемеси «ЭЕ/АҮ» корпорациясынын орус кызматы ("Радио Свобода") берүүлөргө эн белги тагуу талаптарын аткарбады деп, жүздөгөн администрациялык жаза протоколдорун түзгөн. Ушул тапка чейин Орусиядагы "Радио Свобода" медиа мекемесине жана анын директоруна 7 миллион рублдан ашуун айып пул тагылды.

Москвадагы Тверь райондук сотуна жазылган арызда медиакорпорациянын юристтери «Роскомнадзордун» мындай буйругу Орусиянын цензураны четке каккан Баш мыйзамына жана ЖМК жөнүндө мыйзамдарына каршы келээрин белгилешкен.

2017-жылы Орусияда чет жактан каржыланган маалымат каражаттарын «чет элдик агент» деп таануу боюнча мыйзам кабыл алынган.

Орусиянын юстиция министрлиги «ЭЕ/АҮ» корпорациясынын орус тилдүү редакцияларын «чет өлкөлүк агенттер» катары карайт. Мындай уюмдар өздөрүнүн каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип турушу керек.

"Радио Свобода" медиа мекемеси соңку жылдарды бул талаптарды толук аткарып келген. Ал эми жаңы чектөөлөрдү «журналисттерди куугунтуктоого жана коомдун эркин маалымат алуу укугун чектөгөө багытталган аракеттер» катары баалайт.

Ошол эле кезде «ЭЕ/АҮ» корпорациясы өзүнүн редакциялык саясатына кийгилишүүгө, жана эч кандай саясий басым менен цензурага жол берилбестигин баса белгилейт.

«Эркин Европа/Азаттык үналгысы» (ЭЕ/АҮ) медиакорпорациясы Чыгыш, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түндүк Евразия, Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азиядагы 23 өлкөдө 27 тилде ар кыл медиа платформаларда маалымат таратат.

XS
SM
MD
LG