Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

Путин ММКларды “чет элдик агенттерге” теңеген мыйзамга кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 25-ноябрда четтен каржыланган маалымат каражаттарын “чет элдик агент” катары таанууга жол ачкан мыйзамга кол койду. Мамлекеттик Думанын депутаттары бул мыйзамды 15-ноябрда бир добуштан жактырышса, бир апта өтпөй аны Федерация Кеңеши кабыл алган.

Мурдараак Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы - “Свобода” радиосуна, "Idel.Реалии", "Сибирь.Реалии" сайттарына жана "Настоящее время" телеканалына кат жиберип, анда аталган маалымат каражаттарынын ишине чектөөлөр киргизилиши мүмкүндүгүн эскерткен. Катта мыйзам күчүнө киргенден кийин кандай чаралар кабыл алынары так айтылган эмес.

“Эркин Европа/Азаттык” медиа-корпорациясынын президенти Том Кент кайсы редакцияга кандай чаралар киргизилери тууралуу так маалымат келмейинче жаңы мыйзамдын таасирин баалоо мүмкүн эместигин айтты.

- Биз журналисттик ишибизди улантып, орус тилдүү аудиториябызды так жана бейтарап маалымат менен камсыздоону аткара беребиз, -деди Кент.

Орусиядагы чет элдик маалымат каражаттарына чектөө киргизүү чечими АКШдагы Кремль каржылаган "Russia Today” телеканалы Американын Юстиция министрлигинин талабы менен “чет элдик агент” катары кайра каттоодон өткөндөн кийин кабыл алынган.

Вашингтон АКШнын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамы орустардыкынан кыйла айырмаланарын белгилеп келет. Эң башкысы - америкалык мыйзам орусиялык маалымат каражаттарынын маалымат алуу жана таркатуу эркиндигине бөгөт койбойт.

BBG энтамгасы.
BBG энтамгасы.

Берүүлөр боюнча жетекчилердин америкалык Кеңешинин (BBG) Аткаруучу деректири Жон Лэнсинг мырзанын баса белгилешинче, "чет элдик агент" катары расмий катталган менен, Орусиянын маалымат каражаттары өз берүүлөрүн АКШнын аймагында кабелдик сыналгы жана ФМ үналгы компаниялары аркылуу эч кандай бөгөтсүз обого чыгаруусун улантууда жана уланта бермекчи. Ал эим "Америка доошу" жана ЭЕАҮнын орус, татар-башкыр сыяктуу кызматтары Орусия аймагында жергиликтүү жыштыктар аркылуу берүүлөрүн обого чыгара албай келет, деди Лэнсинг мырза.

Орусия кабыл алган чет өлкөдөн каржыланган медиа жаатындагы жаңы мыйзамды Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, эл аралык укук коргоо уюмдары жана Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш да сындап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG