Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

RFE\RL: Орусиядагы жаңы мыйзам журналисттерге коркунуч келтирет


Орусиянын «чет элдик тыңчылар» жөнүндөгү мыйзамы «Свобода» радиосу менен жана «Эркин Европа\Азаттык» (RFE\RL) медиакорпорациясы менен кызматташкан жүздөгөн журналисттерге басымды күчөтөт. Радионун президенти Жейми Флайдын 4-декабрдагы билдирүүсүнүн мазмуну ушундай.

- Мыйзам кабарчылардын ишмердигине каршы жана алардын коопсуздугуна коркунуч келтирет. Жаңы мыйзам журналисттерди оозун жабууга мажбурлап, окурмандын каалаган булагынан маалымат алуу укугун чектейт,- деди Флай.

RFE\RL радиосунун Москвада бюросу бар жана жергиликтүү кабарларды чагылдырыш үчүн Орусиянын көптөгөн аймактарындагы журналисттер менен кызматташат.

Акыркы жылдары корпорациянын орус кызматы жаңы долбоорлорду ачкан. Алардын арасында «Север.Реалии» жана «Сибирь.Реалии» сайттары да бар. «Реалии» Орусиянын түндүк аймактарындагы жашоо жөнүндөгү материалдарды чагылдырууга арналган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2-декабрда жеке тараптарды «чет өлкөлүк агент» деп аныктай турган мыйзамга кол койгон. Бул документти өткөн айда Мамлекеттик Дума кабыл алып, Федерация Кеңеши да жактырган.

Ноябрда он эл аралык уюм, алардын ичинде «Amnesty International», «Human Rights Watch», «Чек арасыз кабарчылар» жана Журналисттерди коргоо комитети орус бийлигин жарандарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп аныктай турган мыйзам долбоорунан баш тартууга чакырган.

«Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Аны менен сырттан акча алган өкмөттүк эмес уюмдар атайын реестрде катталууга милдеттендирилген.

2017-жылы ноябрдан тартып чет жактан каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарын да ушул тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштаган. Учурда аталган реестрде 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында RFE\RL радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар.

XS
SM
MD
LG